Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:02

Ө.ТЕКЕБАЕВ: ЖАҢЫ БИЙЛИК А.АКАЕВДЕН АШКАН АВТОРИТАРИЗМГЕ БАРАТАТ


(25-декабрда парламентте Конституциянын долбоорун талкуулоо учурунда сүйлөгөн сөзү) - Урматтуу депутаттар! Мен 15 жылдан бери мыйзам катары кабыл алынсын деп, көп маселелерди киргизчү элем тынымсыз, таптакыр өтпөйт эле. Депутаттар айтат эле - "чарчабайсыңбы, 15 жылдан бери ушуну кайра-кайра киргизип жүрөсүң", деп. Мен аны тарых үчүн, элдин эсинде калсын деп киргизип келдим. Эл аны эстейт. Ошого жараша "каршы", же "макул" деп добуш берген депутаттарга, же өкмөткө баа берем. Ошондуктан биз өз позициябызды ачык айтып коюшубуз керек. Мен кайталансам дагы айтайын - президенттин шайлоо алдында берген убадасынын аткарылышын биз талап кылдык. Ал эмне деп убада берген эле? "Мен Акаевдин авторитардык системасын демонтаж кылам, демократиялык өкмөт өзүнчө ыйгарым укукка ээ болгон, парламентке көз каранды болбогон саясий система түзөм", деп убада берген.

Ал убадасын кагаз жүзүндө дагы бир нече жолу бекемдеген. Ноябрда он миңдеген адамдар "ошол берген убадаларыңарды аткар" деп чыгышты. Канча адам турду бул жерде эки тарап болуп? Мына ошол учурда биз Конституцияны шашылыш түрдө кабыл алдык. Азыр артыбыздан ким кууп келатат? Жөнөкөй мыйзамды да биз 2-3 күн талкуулайбыз. Талкуусу жок кабыл алалы дедик, бүгүн кабыл ала деп атабыз. Анда - ноябрда ошондой коркунуч бар эле.

Өкмөт алты ай бою милдетин аткаруучу болуп иштеген, дагы деле иштеп турганга укугу бар. Бул сөз президент реванш алып, эски Акаевдик системадан да аша түшүп, эски заманды реставрация кылып, өзүнө эбегейсиз укук алганы турат. Мына ошонун жүзүн эл билип коюш керек.

Ал парламент тарайбы, тарабайбы, кандай заман болот - мына ошону гана билип коюш керек. Мына ошого биз депутаттар добуш беребиз. Эртең депутаттар депутат болом деп шайлоого барышат. Ошондо урматтуу шайлоочулар, сиздер талапкерге мындай деп суроо бергиле - "Бакиев баш болуп "Акаевдин жеке бийлигин жоготобуз, жаңы система курабыз", деди эле, эмне үчүн ошону кайра калыбына келтирип алдыңар? Сен кандай добуш бердиң?", деп сурагыла. Мен ошол шайлоодо партиялык дискуссия болуп калса, коммунисттерден сурайм, туугандар Апсамат Масалиев, башка аксакалдар ушинтип жүрчү эле, эмне үчүн азыркы коммунисттер авторитардык системаны кайрадан калыбына келтирип атат?, деп эл алдында, республика алдында мен суроо берем.

Башка азаматтарга да суроо берет эл. Мен маңызын билип алсын деп эл-журтка айтып атам. Депутаттар келет-кетет, ал барыбызга белгилүү. Бул долбоорду Конституциянын жаңы редакциясы деп айтыш керек.

Бул жаны Конституциянын долбоору, жаңы Конституцияны кабыл алганы турат. Ал белгилүү тартип менен өтүш керек, Конституциялык сот аркылуу үч ай талкуулангандан кийин өтүш керек. Айтып атат "биз жылчык таптык, мурун жаңы редакция деген сөз жок экен", деп. Андай болсо эртең мен жаңы долбоор киргизейин, аны "жаңы редакция" деп атабайм, мен аны "жаңы Конституция" деп айтам. Бул жерде жаңы Конституцияга Исхак Апсаматович, тыюу салбаптырсыңар. Азимбек Бекназаров экөөбүз "жаңы Конституция" деп атап киргизүүнү сунуш кылам. Аны дагы эртеңден баштап талкуулайбыз...

Ошондуктан бул - көз боёмочулук, алдамчылык. Биз жаңы Конституцияны киргизип атабыз, башкы преамбуласынан баштап, акыркы чекитине чейин. Ишенбесеңер мыйзам чыгаруу боюнча мыйзамдарды карагыла. Мен майда-чүйдөсүнө токтолуп отурбайм. Биринчи кезекте урматтуу депататтар силерге кайрылам, айла кеткенде эле биз Кудайды жана элди эстейбиз. Биз туура эмес багытта баратабыз. Биз эски өзүмбилемдик заманды андан ары күчөтүп, калыптандырып атабыз. Мен жана Исхак Апсаматовичке суроо бердим, президент жаңы укуктарды чексиз ала алат экен. Демек, бул айыл өкмөттөрүн президент дайындасын деп Үсөн акабыз канча жолу мыйзам кабыл алып кетти, кийинкиде аны алат, айыл өкмөттөрүн өзү дайындай баштайт. Башка майда-чүйдө ишканалардын директорлорун өзү дайындай баштайт...

Дүйнөлүк илим, тартип бар. Президенттин полномочиеси Конституцияда так көрсөтүлөт, ошону гана аткарат, андан ашык аткарбайт. Анан минтип жылдын башын жылгытып, референдумга да, Конституцияга да өзгөртүү, түзөтүүлөрдү киргизет деп чыгардык. Өзгөртүү, түзөтүү киргизип, анан Акаевдин заманынан да башка заманга келебиз. Мына Түркмөнбашы өтүп кетти эле, жаткан жери жайлуу болсун, анын милдетин стамотолог жигит аткарып атат, аны баласы деген да сөздөр бар. Кеп анда эмес, аларда Конституция боюнча президент жок болуп калса Жогорку Кеңештин төрагасы президенттин милдетин аткарат экен. Тарс этти да, стамотолог президенттин милдетин аткаруучу болуп, спикерди камап, орун басарын иштен алып, депутаттарынын баары ага макул болуп кол көтөрүп беришти. Отурушат бечаралар кол көтөрүп.

Мына биз да ошондой заманга кетип баратабыз. Эгер бул долбоор кабыл алынса жарым жыл, бир жыл өтөт, спикер кайда деп сурай албайсыңар, ал түрмөдө жатат, келгиле алып коелу десе ушул жерден кол көтөрүп бересиңер. Бул кайда, өзүн угалычы, дей албайсыңар, мен силерге гарантия берем. Ушул заман келет...

XS
SM
MD
LG