Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:37

А. БЕКНАЗАРОВ : ПРЕЗИДЕНТ КОРКУТУП ҮРКҮТҮҮ ЖОЛУ МЕНЕН БИЙЛИГИН ЧОҢОЙТУП АТАТ


(25-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында сүйлөгөн сөзү.)

Урматтуу коллегалар! Негизги мен саясий күрөштүн жолунда бир үй-бүлөлүк башкарууга каршы болуп келге. Кыргызстанда демократиялык башкаруу болсо экен, авторитардык режим куласа экен, өткөн беш жылдыкта Өмүрбек Чиркешович айтты, Апсамат Масалиев да ушул жерде отруган, дайыма ошону кыйкырат эле. Көчөдө Топчубек Туругуналиев, авторитардык үйбүлөлүк башкаруу, тоталитардык деп кыйкырат эле. Мына 8-9-ноябрда биз ошондон компромисттик коомдук келишим түрүндө кабыл алынган Конституциябыз менен чоң алдыга кадам таштадык эле бир үй-бүлөлүк башкаруудан кутулдук деп. Мен ардайым мына Алымбай Алымбекович отурат, бийликти сындайт элем, бир үй-бүлөгө кызмат кылганды токтотпойсуңарбы, бир үй-бүлөгө сыйынганды койбойсуңарбы деп сот органдарын, прокуратура, күч органдарын сындайт элем. Бизди силер дагы чөнтөк парламент десе, каршы айтып эч андай эмес деп айтат элек.

Мына бүгүн бул Конституцияны алсак, мен дагы ишендим, 24нөн кийин Курманбек Салиев менен бийликке келгенден кийин биздин негизги максат ошол эл үчүн реформа, үй-бүлөлүк башкаруудан кутулсак деп келдик эле. Бирок Курманбек Салиевич реформага барбай, бир жарым жылдан бери берген убадаларды аткарбай койгондон кийин аны да сындай баштадык эле. Сиз Акаевдин режимин өзгөрткүңүз келбей жатат, Сизге жагып калды, Акаевдин кадрлары менен, Акаевдин иш методддору менен иштеп атасыз деп. Мына бүгүн мен ошол критикам дагы бир жолу тарых алдында, турмуш алдында тастыкталып отурат. Мына бир жарым ай өткөндөн кийин ал киши кайра ошону кайрып алды, “жок мен ушундай гана башкарышым керек, силер мени мындай кылып койсуңар” деп.

Азыр Европарламентинде Финляндиянын өкүлү төрагалык кылат экен. Өткөндө Финляндиянын посолу келип мага жолугуп минтип айтты: Европарламенти сиздерге, президентке 9-ноябрда кабыл алынган Конституцияңар боюнча, биз абдан тикеден туруп одобрить этип, телеграмма жөнөттүк деди. Мен айттым, гезитке чыккан жок го. Билбейм, биз президенттин наамына ушундай жөнөттүк деди. Төрагалык кылган посол айым Кыргызстанга суктанды, азаматсынар кыргыз эли деди. Дүйнө жүзүндө Европадагы көп өлкөлөр жетишпеген жерге силер жетиштиңер деди. Абдан чоң демократияга алдыга кадам жасадынар деди. Мен ушул жерден азыр угуп атам, айрым коллегаларым айтып атат экен, 50 дөн аз эмес дегенди алып койбойлубу деп. Айланайын коллегалар, сай-сайга бөлүнгөндөн, бир уруунун депутаты болгондон бир кичинекей чөлкөмдүн депутаты болгондон кутулалы деп ошону киргизбедик беле. Биз улуттун парламенти, улуттун депутаты бололу, бир өзүбүздүн урук-туугандын, округдун депутаты болбойлу, анткени биз мамлекеттик саясатты жүргүзөбүз жалпы Кыргызстан үчүн деп. Бүгүн саясатты жүргүзөбүз жалпы Кыргызстан үчүн деп. Бүгүн ушундай сөз болуп атат экен, ошол жетишкенибизди алып салалы, кайра округду көбөйтөлү, 50-50 кылып коёлу деп.

Мен эми Конституцияга өтөйүн. Бул жерге жергиликтүү сотторго тиешелүү да жазып коюптурсуңар, биринчи жолу 5 жыл, андан кийин 10 жыл, андан кийин 65 жыл деп коюптурсуңар. Бүгүнкүдөй кылып кармап жүрө берелиби. Эмне үчүн промежуточный 10 жылды кошуп атасынар. Эгер ал кынтыксыз иштесе жөн эле койбойлубу. Үч тепкичти коюп атат экенбиз. Эң негизги коллегалар дагы бир нерсени юрист катары айтып коёюн, президентке 68-статьянын 1-пунктунда чоң нерсе берип атасынар. Жогорку Кеңеш таркатылгандыгына байланыштуу аны мыйзам чыгаруу ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырат. Эртең бизди таркатып туруп мыйзам алып койсо бүттү да. Бүгүн айтып атабыз бизди таркатса мыйзамсыз болот деп. Ал эми бул Конституция алынгандан кийин мыйзамдуу болот. Ал айтат, өзүңөр алып бердиңер го деп. Мына жазып коюпсуңар. Эми антиконституциялык указ да болбойт таркатып жиберсе, досрочный выбор кылса дагы айтат, өзүңөр бердиңер мага деп. Ошондуктан мен коллегаларымды чакырам, дүйнөлүк коомчулукту да, Кыргызстандын имиджин да эске алалы. Мен өзгөртүүгө, толуктоолорду киргизгенге каршы эмесмин, ооба ал керек. Бирок Констиуциялык жол-жобосу бар, ошону сактап алалы. Мен ошого чакырат элем. Азыр ушундай тартипте алып коёлу деген бул шантаж. Коркутуп үркүтүп таратып жиберем деп президент өзүнө полномочие алып атат деген эле сөз. Мен андан башка эч нерсе айта албайм.

XS
SM
MD
LG