(25-декабрда Жогорку Кеңеште сүйлөгөн сөзү)
-Тилекке каршы, бүгүн биз карап аткан маселе менен бир жарым жылдан бери биздин парламент кашыктап чогулткан абройду чөйчөк менен чачып, эгер бүгүн ушул чечим кабыл алынып калса, биз бир жарым жылдык абройду жоготконго кадам шилтеп атабыз. Эмне үчүн? Буга чейинки коллегаларым айтып келди. Кырдаалды турукташтыруу боюнча процесстерди конституциялык закондук чекке өткөрүү боюнча бири-бирибизге болгон карама-каршылык, ар кандай көз караштарга карабай алдыга жылып келаттык эле. Бир жарым жыл ишке ашпаган, эл күткөн конституциялык реформаны жанагыдай шарттардын негизинде консенсус менен кабыл алып, Азимбек Анаркулович айткандай, бүт дүйнө жүзүнө үлгү катары таанылып, калган каткан жетишпеген штрихтерди болсо, конституциялык мыйзам, закондордун жолу менен тактап алдыга жылууга эң зор мүмкүнчүлүктөр бар эле.
Бирок артка кетенчиктеп атканыбыз, кайра үй-бүлөлүк система бийлигине тырмышып, жармашып жанагы топурагы торкоо болсун авторитардык системага баары бир кайтыш болот. Ошондо азыр Түркменияда үч ай, жарым жылдан кийин кандай чыр-чатактын башы болоорун ошондо дагы көрө жатарбыз. Ошон үчүн урматтуу депутаттар, тарых алдындагы жоопкерчиликти унутпасак. Бүгүн ушул чечимди эгер кабыл алып калсак, ачык-айкын жаап-жашырбай тарых үчүн ачык добуш беришибиз керек. Анан ушул кадамга барып, дүйнө жүзүнө, элибиздин алдына уят болуп ушул кадамга барбай эле, эгер урматтуу президент Бакиев таратам деп указы менен таратса, корко турган эч нерсе жок. Шайлоого тарых алдында .жүзүбүз жарык кетсек, ошондо биз дагы биринчи легендарлуу парламент сыяктуу ачык жүзүбүз менен кеткенге мүмкүнчүлүк алат элек.
Ошон үчүн мен дагы бир кайталап кетейин шайлоодон корккон эч ким жок, бирок ушул шайлоого Конституцияны, мыйзамдарды бузуп бүгүн чечим кабыл алып калсак, биринчи кезекте биздин саясий оппоненттерге жана президент Бакиевге негиз беребиз. Экинчи указдын негизинде дагы жаңы шайлоо болуп калса, урматтуу коллегалар шайлоодон корко турган эч нерсе жок. Бирок, ушул шайлоого урматтуу президентибиз Курманбек Бакиевди түртүп аткан күчтөр 24-марттын экинчи сериясын ачып бериңиз деп түртүп аткан жокпу. Ошону так сурасак. Отузбу, кырк беш округ болобу, 5-6 саясий партия чыкса бул эң чоң трибуна болот. Биз Жогорку Кеңештен айтып аткан ойду КТР көргөзбөй, катып, парламентти күнөөкөр кылып шыбап аткан ыкмалар, 45 округ болгондо ачуу чындык айтылганда өзүңүздөр түшүнөсүздөр шайлоонун жыйынтыгы кандай болуп калышын. 24-марттын экинчи сериясын кайталап ийбейбизби деген ар бирибиздин тарыхтын алдындагы патриоттук, инсандык жоопкерчиликти да унутпасак. Сөзүмдүн акырымда урматтуу депутаттар, шайлоочуларым, эгер бүгүн Конституцияны бузуп жаңы редакция деп аткан чечим кабыл алынып калынса, мен анда төраганын орунбасарлыгынан отставкага кетем, ошону сиздерге ачык айкын айтып коёюн.