Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:48

БИРИККЕН УЛУТТАРДЫН ЧЕЧИМДЕРИНЕ ИРАН БАШ ИЙБЕЙТ


Нарын АЙЫП, Прага Өткөн ишемби күнү Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңеши Иранга каршы жаңы резолюция кабыл алды, анткен менен Тегеран аны тааныбай турганын билдирди жана өзүнүн өзөктүк изилдөөлөрүн кеңейтүүдө.

Жаңы резолюциянын үстүндөгү иш эки айга уланды, Алмания, Британия жана Франция тарабынан даярдалган анын долбоору бир кыйла катуу болчу, бирок Маскөөнүн талабы менен андан - Ирандын Бушер шаарында Орусиянын жардамы менен курулуп жаткан өзөктүк ишкана тууралуу сөздөр алып салынды жана Ирандын өзөктүк маселе боюнча адистеринин чет мамлекеттерге келишине тыюу салынган жок.

Анткен менен резолюцияда - Иран өзүнүн уран байытуу иштерин токтотуш керек деп айтылат, Бириккен Улуттарга мүчө мамлекеттер болсо, өзөктүк курал өндүрүүгө көмөктөшө ала турган аспаптар жана технологияларды Тегеранга бербеш керек. Андан тышкары Ирандын айрым ишканалары жана адамдарынын чет мамлекеттердеги банк эсептери жабылат жана атайын тиркемеде - 12 андай адам менен 10 ишкананын тизмеси келтирилет.

Өзөктүк кубат боюнча эл аралык агенттик болсо 60 күндүн ичинде - резолюция кантип аткарылып жатканы тууралуу отчет даярдайт. Эгер Тегеран резолюциянын шарттарын аткарса, чектөөлөр алып салынат, аткарбаса, - Бириккен Улуттар маселени кайра карашы мүмкүн. Азыркы резолюция боюнча, Иранга каршы күч колдонулбайт.

Иран президенти Махмуд Ахмадинежад дароо Бириккен Улуттардын чечимин сынга алды жана андан Тегеранга эч зыян тийбей турганын билдирди: "Мен силерге айтайын дегеним - бул аракет Иранга эч кандай зыян тийгизе албаганынан тышкары, андай чечим кабыл алгандар ал жөнүндө жакында катуу өкүнөт. Бул жасалма чечимдин эч кандай маңызы жок", - деди президент 24-декабрда.

Аны менен катар Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңешин Ахмадинежад эч нерсеге жарабаган уюм деп атап, Ирак согушу менен байланыштуу ал өз кадыр-баркын таптакыр жоготкону тууралуу жана бул уюмда үстөмдүк кылган АКШ менен Улуу Британия кош стандарт саясат жүргүзүп жатканын билдирди, анткени кошуна Израил, мисал үчүн, тымызын түрдө өзөктүк куралга ээ болуп алган.

Ирандын Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңешинин катчысы Али Ларижани болсо - 24-декабрдан тартып Натанз шаарындагы өзөктүк ишканада уран байытуу боюнча үч миңге жакын жаңы аспап орнотула турганын билдирди.

Тегерандын айтымында, анын өзөктүк изилдөөлөрү курал чыгаруу максатын көздөбөйт жана Батыш менен бул маселе боюнча сүйлөшүү жүргүзүүгө ал даяр: "Бул резолюциянын кабыл алынышы сүйлөшүүнүн баары токтотулат дегенди билдирбейт, Ирандын ички жана эл аралык күчтөрү дипломатиялык ыкмаларды кайра жандантуу үчүн бардык аракеттерди көрүш керек", - дейт Иран парламентинин мурдагы депутаты Илахи Кулани.

XS
SM
MD
LG