Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:45

ЛЕГЕНДАРЛУУ ЫРЧЫ ЖЕЙМС БРАУН ДҮЙНӨДӨН КАЙТТЫ


Зейнеп Мартбек кызы, Прага Дүйшөмбү күнү эртең менен Атлантада легендарлуу ырчы, “Соул стилинин пири” Жеймс Браун 73 жаш курагында өпкөсүнө суук тийип дүйнөдөн кайтты. Анын унутулгус үнү жана таланты музыканын рэп, фанк жана диско стилдеринде чоң төңкөрүш жасаган эле. Жеймс Браун акыркы кездерде жазып жаткан жаңы альбомун бүтүрө алган жок, ал эми анын концертине билеттер сатыктан алына элек.

“I feel good” же болбосо кыргыз тилине которгондо “Мен өзүмдү жакшы сезип жатам” деп аталган ырдын жаралганына көп болсо дагы, ушул кезге чейин хит ырлардын тизмесинен түшпөй келет. 20-кылымдын эң белгилүү поп-ырчыларынын бири, 800дөн ашык ырлардын автору Жеймс Браун 1933-жылы Түштүк Каролинада жарык дүйнөгө келген.

Болочоктогу музыкант эрте жашынан жетим калып, туугандарынын колунда тарбияланган. Балалык курагында бут кийимдерди тазалап акча тапкан Браун, 22 жашында музыкалык топко кошулуп ырчылык өнөрдү өздөштүрө баштайт.

23 жашында Браундун “Please Please Please” деп аталган алгачкы ыры дүйнөлүк хит параддардын тизмесине кирип, ага атак-даңк алып келет. “Мистер Динамит”, “Шоу-бизнестин эң иштерман адамы” деген наамдарды Жеймс Браун кокусунан эле алган жок. Ырчынын 116 музыкалык чыгармасы АКШнын улуттук хит парадында эң алдынкы орундарга чыккан.

Эдинбург шаарында 8 концерт койгон Браун журналисттерге берген интервьюсунда саякат жасаганды жакшы көрөөрүн жана башкаларга жардам берүүнү кааларын айткан:

"Мен өзүмдүн саякаттарым менен абдан сыймыктанам жана саякатка чыкканды жакшы көрөм. Себеби бул көп нерседен кабардар болууга шарт түзөт. Мындан бир ай мурун мен Жакартада болдум. Көпчүлүктүн бир топ көйгөйлөрү бар, ал эми аларды сиз жана мен чече алабыз. Биз эң алгач бири-бирибизди жакшы көрүүдөн башташыбыз керек".

Жеймс Браун 60-жылдары Америкадагы ынды каралардын кызыкчылыктарын жана укуктарын коргой баштаган. Ырчынын “Америка менин үйүм” жана “Мен карамын, мен ушуга сыймыктанам” деген ырлары рассалык дискриминация менен күрөшкөндөрдүн гимни болуп калган. Ал эми Мик Жаггер, Майкл Жексон сыяктуу мегажылдыздар жаш кезинде Жеймс Браунга окшош болууну кыялданышканын жашырышпайт.

Мындан үч жыл мурун дарыгерлер ырчыга рак деген диагноз койсо дагы Жеймс Браун концерттерин токтотпой көпчүлүктү өзүнүн түгөнбөс энергиясы менен таң калдырып келди. Миллиондордун кумири Браун жакында эле күйөрмандарына кайрылып буларды айткан эле:

"Мен силерди абдан жакшы көрөм жана силерге айткым келет: Мен өзүмдү абдан жакшы сезип жатам".

Талашсыз, 40 жыл чыгармачылык менен алектенген Жеймс Браун музыка тарыхында мыкты аткаруучу болуп кала берет.
XS
SM
MD
LG