Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:18

ПАРЛАМЕНТТИ ТАРАТУУГА 31 ДЕПУТАТ МАКУЛДУК БЕРДИ


Кыргыз парламентин таркатуу маселеси парламентте бүгүн кайрадан көтөрүлдү. Конституциянын жаңы редакциясынын долбоорун сунуштаган депутаттардын бир кылкасы кырдаалдан чыгуунун мындан башка аргасы калбай калганын айтып чыгышты. Парламент азыр өзүн өзү таркатууга даярбы жана ал саясий айдыңда кандай өзгөрүүлөргө алып келиши мүмкүн?

Парламент өзүн өзү таркатышы үчүн ага элүүдөн кем эмес депутат макулдук бериши керек. Депутат Камчыбек Ташиевдин бүгүн маалымат жыйынында билдиргенине караганда, парламенттин өзүн өзү таркатышына макулдук берген депутаттардын саны 31болду. Жетиштүү добуш болбой калган учурда деле отуз бир добуштун сессияга катышуудан баш тартышы кворумсуз парламенттин аргасыз таркашына алып барат дейт депутат.

Азыркы парламент өзүн өзү таратышы үчүн жетиштүү добуш топтооруна ишенгендер өтө эле сейрек. Буга ириде эле депутаттардын өз мөөнөтүнүн акырына чейин мандатын сактап калуу кызыкчылыгы таасир этиши мүмкүн.

Башка бир жагдай: парламент өзүн өзү таркатышына «Реформа үчүн» кыймылы да каршы эмес. Атаандаштардын бири-биринен айырмасы – кыймыл парламент бир катар өтө зарыл мыйзамдарды кабыл алгандан кийин таратууну жактоодо. Бул тууралуу бүгүнкү талкууда кыймылдын теңтөрагасы Өмүрбек Текебаев билдирди:

- Бирок, бир гана шарт менен: «Шайлоо кодексине» өзгөртүүлөрдү кабыл алалы. Биз тарап кетсек өзгөртүү киргизе турган адам жок. Эртең биздин артыбыздан келген адамдын мандаты мыйзамдуу болушу керек. Эртең соттошуп жүрбөгүдөй болушубуз керек. Кайсы жактан келди эле деп. Кийинки парламент дагы кынтыксыз легитимдүү болгондой шартты түзүп коюп кетишибиз керек.

Демилгечи тарап бул милдетти президент өз мойнуна алат. Буга тынчсыздануунун кажети жок деген ишенимде болушууда.

- Текебаев санааркабай эле койсун, Шайлоо кодекстери, участоктор баары даяр, жардык менен болот,-деди Акматбек Келдибеков парламенттеги талаш маалында.

Анткен менен президенттин көз карашын жактаган депутаттардын арасында парламенттин тарашына тынчсыздангандар да бар. Алардын бири Сооронбай Жээнбеков парламенттин тарашы капсалаңдуу окуяларды ээрчитип келишинен чочулайт:

- Эртең шайлоо эртең шайлоо нормалдуу өтөт деп айта албайм. Эртең ар кандай болушу мүмкүн. Эртең азыркы бийлик ошол шайлоону өткөргөнгө кудурети жетпей калышы мүмкүн.

Парламентти таркатуу маселесине коомчулуктун өкүлдөрү да эки ача пикирде болуп жатышат. Маселен, шаарлар жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу ассоциациясынын лидери Курманбек Дыйканбаевдин көз карашында азыр парламентти таратуудан башка жол жок:

- Себеби, 24-марттагы окуяга да парламенттин күнөөсү болушу керек. Туура эмес жол менен келген адамдар кетмейинче, парламент максат коюп иштей албайт го деп ойлойм. Ошон үчүн эмдиги жылы сөзсүз парламент шайланыш керек. Партиялык тизме менен таза адамдар келбесе, бөлүнүп-жарылып эле жүрө беришет.

Парламенттин тарашы дагы бир 24-марттагыдай окуянын келип чыгышын шарттайт дегендердин бири адам укугун коргоо боюнча президенттин алдындагы комиссия төрагасы Турсунбек Акун:

- Бир Куршабдын шайлоосун уюштура албай кыйналып атабыз. Анан кырк округдан, анан партиялык тизме болот, анда бирөө өтөт, бирөө өтпөйт. Оппозициядан, бийликтен өтпөй калгандар болот. Анан ортодо катуу нерсе болот. Акыры экинчи 24-март келип калышы мүмкүн. Экинчи ыңкылапты Кыргызстан көтөрө албайт.

Талдоочулар болсо парламентти таркатуу демилгесин Баш мыйзамдын жаңы долбоорун өткөрүү максатына байлашууда. Демилгечилер бейшемби күнү парламентке жаңы долбоорду кайрадан сунуштай тургандыгын 26-декабрь күнү түштөн кийин жарыялашты.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG