Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:05

ӨТҮП БАРАТКАН ЖЫЛДЫН БАШКЫ ОКУЯЛАРЫ


Баян Жумакадыр кызы, Прага

АКШнын көз карандысыз комиссиясы өлкөнүн АКШдагы стратегиясын өзгөртүүнү сунуш кылды. Атайын түзүлгөн комиссия Ирактагы абалды тыкандык менен иликтеп чыгып, өлкөдөгү кырдаалды эң начар, ал эми президент Буштун Ирактагы саясаты "жараксыз " деп тапкан.

"Коомчулуктун расмий өкүлдөрүнүн маанилүү милдеттеринин бири Ирак жөнүндө чындыкты айтуу. Абалды оңдоо үчүн бизде убакыт чектелүү. Абалды оңдоо үчүн бизге айлар эмес, жумалар жэ болбосо күндөр гана берилет. Биз өтө тез аракеттенүүбүз керек,- деп айтты Ирактагы абалды иликтөө комиссиясынын тең төрагасы Лии Хамилтон.

Комиссия киргизген сунуштарга ылайык, АКШ аскерлери согушкерлер менен түздөн-түз күрөшүүдөн Ирак күчтөрүнө көмөктөшүү тактикасына өтүүсү керек. Ирактагы акыбалды турукташтырууга кошуна Иран менен Сирияны тартуу үчүн Вашингтон атайын демилге көтөрдү. Бирок президент Буш комиссиянын сунуштары январь айында гана жүзөөгө ашырыла баштамакчы, деп билдирди.

Өтүп бараткан жылдын башында Данияда чыккан гезиттердин бири Мухамбет Пайгамбарды бомба түспөлүндөгү чалма чалынган сүрөтүн басып чыгарган. Муну дүйнө мусулмандары пайгамбарга жана жалпы эле Исламга акаарат келтирүү катары кабылдап, көптөгөн ислам мамлекеттеринде нааразылык демонстрациялары өткөрүлдү. Иранда албууттанган демонстранттар Даниянын элчилигин штурмалаганга аракеттенишкен.

Нигерия менен Ооганстанга чейинки аймакта жайгашкан мусулман өлкөлөрүндө өткөн денстрацияларда 35 киши курман болуп, көптөгөн кишилер жаракат алды. Ислам динине акаарат келтирүү катары кабылданган бул карикатура Батышта сөз жана пикир эркиндигин урматтоонун белгиси деп сыпатталды.

Ноябрь айында Ирактын соту Саддам Хуссейинди "адамзатка каршы кылмыш кылды" деп айыптап, дарга асуу аркылуу өлүмгө кести. Соттун өкүмү окулуп жаткан кезде Саддам Хуссейин:

"Жашасын элим, агенттер жоголсун, баскынчылар кетсин, Алла улук. Алла баарынан улук!" -деп кыйкырып жатты.

Президент Буш соттун чечимин маанилүү окуя деп атады, бирок Еврошаркет менен укук коргоо уюмдары өлүм жазасына каршы чыгып, өкүмдү ого эле катаң деп сыпатташты.

2006- жылы Ооганстандын Талибан бийлигинин кулатылганына 5 жыл толду. Бирок соңуна чыгып бараткан жылы өкмөттүк аскерлер менен өкмөттүк обькттерге кол салуулар, бомба жардыруулар күч алды. Сентябрь айында 1 миңден ашуун куралчан согушкер ооган курулуш жумушчуларын ташып бараткан автобуска кол салып, андан 19 киши жан таслим болду.

Кол салуулардын күч алуусу Пакистан менен Ооганстандын өз ара мамилелерин шыкактап, тараптар бири- бирин талибанды ооздуктоо үчүн жетиштүү чара көрбөй жатат, деп айыпташты. НАТО Ооганстанда тынчтыкты орнотуу миссиясынын өтөлүнө чыгууну көздөп жатат. Анткени менен НАТО мүчөлөрүнүн арасында келишпестиктер кала берүүдө. Мисалы, Германия аскердик аракеттер жүрүп жаткан чөлкөмдөргө өз аскерлерин жиберүүгө каршы.

Ирактагы дагы бир маанилүү окуя. Февраль айында Ирактын Самарра шаарында Алтын Мечитте бомба жардырылып, шиалар менен суннилердин ортосунда сектанттык араздашууга тутанды. Натыйжада сандаган бейкүнөө адамдар суннилер же шийилер болгондугун үчүн гана өлтүрүлүп, шаарда ээн- эркин жүрүү мүмкүн болбой калды. АКШнын NBC телеканалы Иракта түзүлгөн кырдаалды биринчи жолу "ич ара согуш" деп атады. Ал эми президент Буш Ирактагы сектанттык араздашуу "жаңы дэңгээлге" көтөрүлдү деп айтуу менен чектелди.

Өтүп бараткан жылы Жакынкы Чыгышта Израиль менен Хэсболлланын согушу тутанып, израилдик аскерлер Ливандын баш калаасы менен портторун бомбалап, Ливанга жөө аскерлерин киргизди. Хэсболла буга Израилдин түндүк аймактарын ракеталар менен аткылоо менен жооп кайтарды.
Араздашуунун тутануусуна Хэсболланын израилдик эки солдатты барымтага алганы түрткү болду. Беш жумага созулган согуш Улуттар уюмунун аракети менен ок токтотулду. Согушкан эки тарап тең өздөрүн жеңүүчү деп жарыялашты, бирок согуштун эң чоң жоготуучусу Ливан болду. Согушта 1300 киши курман болду, алардын көбү ливандыктар. Бир жарым миллиондой киши жер которууга мажбур болушту.

Октябрь айында Түндүк Корея өзөктүк ракетасын сыноодон өткөргөнүн жарыялады.
"Мен биздин окумуштуулар менен адистер бул куралды жер алдында ийгиликтүү сыноодон өткөргөнүнө курсант болуп турам",- деп айтты Түндүк Кореянын Улуттар уюмундагы элчиси Пак Гил Йоң сынооо өткөрүлгөндүн эртеси. Бул сыноону дүйнө коомчулугу сынга алып, Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши өлкөгө каршы санкция жарыялады.

Октябрь айында Россиянын эркин журналисти Анна Политковскаяны белгисиз бирөөлөр атып кетишти. Политковская Чеченстандагы абалды, андагы одоно укук бузууларды тайманбастан, так чагылдырган журналист болучу. Батыш өлкөлөрүндө эр жүрөк журналист болуп саналган Политковскаяны Россиянын расмий чөйрөлөрү бузуку, пиарчы деп кабылдашчу. Россиянын журналисттер бирикмесинин баш катчысы Игорь Яковенко Политкосквая кимдир- бирөөлөрдүн буйругу боюнча өлтүрүлгөн, деп божомолдойт.

"Бул киши өлтүрүү анын журналисттик кесиби менен байланышы бар экени талашсыз. Ал бирөөлөрдүн заказы боюнча жасалды, бул айкын эле көрүнүп турбайбы. Ал үйүнүн кире беришинде өлтүрүлүп, киши өлтүргүч ал жерге тапанчасын таштап кеткен. Мындан профессинал киши өлтүргүчтүн изи көрүнүп турат",- деди Яковенко. Россиянын президенти Поликовскаяны өлтүргөндөр жазасыз калбашы керек деп айтты.

Иран быйыл да өзөктүк программасын коргоону улантып, өзөктүк программасын тынчтык максат менен өнүктүрүүгө аракеттенип жатканын кайталады. Бирок Батыш өлкөлөрү Иран өзөктүк курал жасап чыгарганга аракеттенип жатат, деп шектенип, Ирандан уран байытууну токтотуусун талап кылышты. Эл аралык коомчулуктун мындай аракеттери натыйжасыз калган соң, декабрь айында Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши Иран боюнча резолюция кабыл алып, уран байытууга жана өзөктүк курал жасоого керектүү жабдууларды Иранга экспорттоого тыйуу салды.

АКШда ноябрь айында өткөн шайлоонун натыйжасында демократтар 12 жылдан бери биринчи жолу жеңишке жетишип, Конгресттин эки паталасын тең көзөмөлгө алышты.

"Бүгүн америкалыктар үчүн чоң жеңиштин күнү. Бүгүн америкалыктар өзгөрүүлөр үчүн, демократтар үчүн, биздин өлкөнүн жаңы багыты үчүн добуш беришти",- деди Демократтардын өкүлү Нанси Пелози.

Добуш берүү Буш администрациясынын Ирак саясатына америкалыктардын терс баа бергени катары кабылданууда. Январь айынан тарта демократтар Сенаттын Куралдуу кызмат жана Тышкы байланыштар комитеттерине жетекчилик кылып, Ирак саясаты жөнүндө угууларды уюштурганы жатышат.

XS
SM
MD
LG