Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:32

САДДАМГА ЧЫККАН ӨКҮМ КҮЧҮНДӨ КАЛДЫ


БерметЭгембердиева, Прага Ирактын арбитраждык соту Саддам Хусейндин өкүмүн күчүндө калтырды. Аны сот адамзатына каршы кылмыш жасаганы үчүн күнөөлөп өлүм жазасын өкүм кылган эле. Сот чечими 30 күндүн ичинде аткарылышы керек.

Судья Абдул-Раззак Алш-Шанин сот чечимин окуп жатканда Хусейин «Аллах Акбар» деп кыйкырып сотко тоскоолдук кылууга аракеттенди.

Соттун өкүмүн эми президент Жалал Талибани жана өлкөнүн эки вице-президенти жактырышы керек. Эгер жогорку жаза жактырылса, Саддам Хуссейн келерки 30 күндүн ичинде өлүм жазасына тартылат.

Мурдагы Ирак лидерине жана анын мурдагы эки жардамчысына ноябрь айындагы сотто Дуджаил айылында 1982-жылы 148 шиитти өлтүргөн деген күнөө тагылган.
Ошол эле учурда Саддамдын 1980-жылдардагы күрттөрдү кырдырганына байланыштуу сот жараяны улана берет. Бирок, бийликтегилердин айтымында бул жараян аягына чыкпай кала турган болсо деле Саддам дарга асылат.

Вашингтон муну Ирак үчүн негизги окуя болуп калат десе, Хюман Райтс Вотч укук коргоо эл аралык уюму жана Саддамдын адвокаттары сот жараянына өкмөт тарабынан саясий кийлигишүүлөр болду деп айтты.

Ирактын Премьер-Министири Аль-Малики бул чечим жеке бир адмга каршы кабыл алынган жок, бул адам укутарын бузууга каршы кабыл алынган чечим деди:

«Мурдагы жетекчиге чыгарылган өкүм, жеке адамга эмес, ошол катаал мезгилге, мурда болуп көрбөгөн Ирак окуясына байланыштуу. Биз Иракта баардык жарандарда бирдей укукта жана милдетте болуусун каалайбыз. Жаңы Иракта мыйзам баарынан жогору болот. Бир дагы партия же топ башка бирөөлөрдүн укутарын тебелөөго же алардын тагдырын башкарууга укугу жок.»

Саддамды дарга асуу жөнүндөгү өкүмү Багдадда кубанууларды жаратса, экс-президент туулуп өскөн шаарда массалык каршы чыгуу акцияларына алып келди.

XS
SM
MD
LG