Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:22

ИРАК АБАКТАРЫНДАГЫ АБАЛ


Нарын АЙЫП, Прага Багдад шаарынын алдындагы Абу-Грейб түрмөсү же Куба аралындагы америкалыктардын Гуантанамо аскерий базасында түзүлгөн абактагы абал тууралуу маалымат каражаттары жана адам укуктарын коргоочулар көп жазган. Бирок Иракта туткундар кармалган андай жайлар көп жана алардагы абал дагы жакшы эмес. Андай абактардын бири - Сулаймания шаарынын алдындагы түрмө жөнүндө 26-декабрда "Нью-Йорк таймс" гезити жазып чыкты.

Сулаймания - Ирактын түндүк аймактарында жашаган күрддөрдүн шаары. Президент Саддам Хусейндин учурунда күрддөр салыштырмалуу автономияга ээ болгон жана Багдад режими алардын аймагын дээрлик көзөмөлдөгөн эмес. Күрддөр арасында болсо "Ансар ал-ислам" деп аталган террордук уюм аракеттенген жана анын жоокерлери 2002-жылы Ирак менен Иран чек арасындагы аймакты өз көзөмөл алдына алган.

Жергиликтүү күрд бийлиги ал уюмдун бир нече мүчөсүн кармап, Сулаймания шаарынын алдындагы абакка камаган, 2003-жылдын мартында АКШ Иракка каршы согуш баштагандан кийин америкалык жана күрд күчтөрү "Ансар ал-исламга" каршы аракет көргөн, бирок чек ара жакшы кайтарылбагандыктан, көптөгөн лашкер кутулуп кеткен.

Андан кийинки жылдарда болсо бул террордук уюмдун жергиликтүү калк арасындагы таасири улам күчөп баратат, бийлик алардын улам жаңы мүчөлөрүн кармагандыктан болсо түрмө толуп кетти. Анда кармалгандардын айрымдары чындап эле мамлекеттин коопсуздугуна коркунуч түзгөн, бирок кээ бирлери эмне үчүн камакка алынганын эмгиче өздөрү түшүнбөйт. Бийликтин болсо алардын иштеринин баарын тергеп чыгууга мүмкүнчүлүгү жок.

Абакты башкарган Хасан Нури деген адам шаарга келген "Нью-Йорк таймс" гезитинин кабарчысы менен болгон маекте - туткундардын эч кимиси жакын арада бошотулбайт деп билдирди, бирок анда канча адам кармалганы жөнүндө да так маалымат айтпайт. Түрмөнүн айрым кызматкерлеринин айтымында, абакта 120 адам кармалууда, бирок "Хюман райтс вотч" уюмунун эксперти Хания Муфти - эки жарым миң адам деген санды келтирет.

Бул уюм күрд жетекчилерине кайрылып, туткундардын иштерин карап чыгуу үчүн атайын комиссия түзүүнү сунуштаган, бирок эч кандай чара көрүлө элек, кайтаруучулардын бөлмөлөрүндө болсо кабарчы - туткундарды кыйнаган аспаптарды да көргөн.

Юнис Ахмад деген туткун билдиргенге караганда, эки жылдан бери ага эч күнөө коюла элек. Бирок тергөөчүлөр колдонгон кыйноо алдында ким болбосун "ал-Каиданын" мүчөсү экенин моюнга алаары бышык дейт ал. Ошол эле мезгилде Ахмад - америкалыктар туткундарга сылык мамиле кылганын, кыйноого болсо жергиликтүү кызматкерлер барып жатканын белгилейт.

2002-жылдан бери күнөө коюлбастан абакта жаткан Хаки Исмаил Ибрагимдин айтымында, 10-15 адам жакында жоголуп кетти, анын ишениминде, аларды жөн гана атып салган болуш керек. Мисал үчүн Каис Ибрагим Кадир деген адам жоголду, ал - азыркы вице-премьер Бархам Салихтин өмүрүнө кол салууга катышкан деп күнөөлөнгөн жана туткундардын айтымында, Кадирди жөн гана өлтүрүп салган болуш керек. Абак башчысы Нури болсо - ал азыр биздин түрмөдө эмес деген гана маалымат берет. Абакка келип кеткен "Кызыл чырым" уюмунун кызматкерлери дагы жоголгондордун дайнын таба алган жок.

4-декабрда болсо абакта козголоң чыкты жана бийлик туткундардын айрым талаптарын аткарып, өтө катаал үч кайтаруучуну башка жакка которуп жиберди. Бирок мындай абактар Иракта көп.

XS
SM
MD
LG