Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:55

КЫРГЫЗ БИЙЛИГИ ТҮРКМӨНБАШИЗМДИ КААЛАП ЖАТАБЫ?


Шайлообек ДҮЙШЕЕВ

«Дело №» гезити өлкөдөгү саясый туруксуздукка апкелген жагдайга ойлорун сурап кайрылганда, саясатчы Нур Омаров, өкмөттүн парламентти таратууга кылган аракетинен майнап чыкпастыгын белгилесе, Тамерлан Ибраимов, парламент жалпы улуттун өкүлчүлүктөрдөн турган орган болгондуктан өкмөттөн алда канча жогору турарын, демек, президенттин таркатып ийүүгө аябай эле кызыгдар болгону аны таңкалтырып жатканын, жаңы шайланып келе турган парламент дегеле президент ойлогондой болбостугун, тескерисинче анда оппозциячыл маанайдагылар арбын болорун, анын үстүнө жаңы Башмыйзам боюнча Бакиевдин парламентти таркатууга укугу жоктугун айткан, Александр Князев мырза болсо, акыл-эске эмес, айрым бир саясатчылардын жеке амбициясына таянган өлкөнүн турмушу ушундай боло берерин белгилесе, Зайнидин Курманов, саясатчылар өлкө демократиялык жол менен гана жашагысы келерин түшүнбөй жатышканын, кезинде Германия да ушундай болуп отуруп акыры Гитлер фащизмге сүйрөп кирип кеткенин, кыргыз бийлиги түркмөнбашизмди каалап атканын, анткени Борбор Азия чөлкөмүндө азыр ушул орун бош турганын эске салган.

«Энесай» гезити Баткен облусунда жайгашкан Сох анклавы тургай Лейлек району менен Сүлүктү шаары да бүгүн өз Мекенинен бөлүнүп калганын, анткени бул аймактын элин Кыргыз Республикасы менен байланыштырчу жолдун жоктугун, анын курулушу жаңы башталганын баяндаган маекти жарыялады.

«Белый пароход» гезити өлкөдө кыргызстандыктарды азапка салып келген паспорт маселеси биротоло чечилгенин, эми бул негзиги документ жарандарга эч тоскоолдуксуз эле өз эрежелерине ылайык бериле берерин жар салды. Ушул эле гезит, Кыргызстан ХИПИКтин босогосунда турган маалда, өзбектер адам өмүрүн узартуучу дүйнөдө теңдеши жок дары ойлоп табышканын, казактар ааламдык аброю бар англиялык архитектор Норман Фостердин кыялына ылайык Астана шаарынын 106 миң чарчы метр аянтына «Хан чатыры» аттуу ири соода-зоок борборун куруп баштаганын, президент Н.Назарбаев Казакстандын жаңы борборун ааламдын 8-керемети кылууга сөз бергенин, Тажикстан парламенти өлкө өкмөтүнүн жаңы курамын бекитип берип, өлкө өндүрүшкө өзөк болчу Гурон ГЭСинин курулушун баштоого аттанганын жазды.
XS
SM
MD
LG