Өкмөт ошондуктан биз кызматтан кетүүгө аргасыз болду, деп билдирди биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Данияр Үсөнов бүгүн. Экономикалык багыттагы мыйзамдар парламентте кабыл алынбай жатат деген Үсөнов, мисал катары келерки жылга бюджеттин, көмүскө капиталга мунапыс жарыялоо жана кыймылсыз мүлкө байланыштуу мыйзам долбоорлорунун, жалпысынан экономикалык багыттагы 49 мыйзам долбоорунун кабыл алынбай жатышын белгиледи.