Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:48

25 ДЕПУТАТ КОНСТИТУЦИЯНЫ БУЗУУГА ЖОЛ БЕРБЕЙТ


Аманбек Жапаров,Бишкек Бүгүн «Реформа үчүн» кыймылды колдогон парламенттин 25 депутаты билдирүү жасады. Анда, бийлик айрым депутаттар сунуштаган Конституциянын жаңы редакциясын кабыл алуу аракеттерин токтотпосо, ХИПИК программасына кирүүдөн баш тартпаса, январь-февраль айларында мөөнөтсүз саясий акцияларды өткөрүүнү пландаштырып жатышканы айтылган. Ал эми «Эркиндик» партиясынын жетекчиси Топчубек Тургуналиев өлкөнү саясий кризиске алып келген Жогорку Кеңештин депутаттары деп эсептейт.

«Реформа үчүн» кыймылды колдогон парламенттин 25 депутатынын атынан депутаттар Муратбек Мукашев, Өмүрбек Текебаев, Темир Сариев, Дооронбек Садырбаев, Кабай Карабеков, Осмонбек Артыкбаев билдирүү менен чыгышты. Депутат Темир Сариев 8-ноябрда кабыл алынган жаңы Конституция өлкөдө демократиялык өнүгүүгө, бийликти бир адамдын, үй бүлөлүк башкаруусунан арылтууга жол ачканын баса белгиледи. Анын айтымында, айрым бир саясий күчтөр авторитардык бийликти кайрадан калыбына келтирүү аракеттерин көрүүдө.

"Акыркы учурда абдан көп саясий күчтөр, алардын идеологдору «ак үйдүн» жетинчи кабаты болуп атат. Ошол жактан мыйзамды жана Конституцияны одоно бузуп, кайрадан өзгөртүүлөрдү киргизебиз деп жатышат. Негизги өзгөртүүлөрдүн максаты, президенттин укуктарын кеңири жогорулатып, биз сындырган системаны кайра орнотуу аракетин кылышууда. Биз андайга жол бербейбиз",-деди Темир Сариев.

Жогорку Кеңештин 25 депутаты кол койгон билдирүүнү депутат Муратбек Мукашев жарыялады.

"2007-жылдын январь-февраль айында азыркы Конституцияны коргоо максатында жана ХИПИК программасына каршы мөөнөтсүз саясий иш-чараларды өткөрүүнү пландаштырып жатабыз. Биз өлкөдө хандык бийлик өкүм сүрүшүнө жана Кыргызстан өз алдынчалыгын жоготкон мамлекеттерге кошулушуна каршыбыз."

Депутат Дооронбек Садырбаев да «ак үйдүн» жетинчи кабатынан парламенттеги айрым депутаттарга тымызын колдоо болуп, көрсөтмө болгондуктан парламентте ич ара пикир келишпестиктер күчөдү дейт.

"Падышанын айланасына жакындык үчүн күрөшүп атышып, бийликтегилер анча-мынча былгытмалардын учун депутаттарга чыгарып койсо, булар болсо баягы «өлтүрө элек аюунун терисинен тон тигебиз»,-деп эки-экиден мушташып атышканы да чын."

Ал эми «Эркиндик» саясий партиясынын лидери Топчубек Тургуналиев Жогорку Кеңеш өлкөнү саясий-экономикалык кризиске алып келди деген көз карашта.

"Өлкөдө саясий кризсти так ошол Жогорку Кеңеш жасап атат.Мына ошол Конституциялык кризис, саясий кризис, экономикалык кризистен чыга албай жатабыз. Ал эми ХИПИКке каршыбыз дегени туура. Себеби дегенде ХИПИК деген өзү азыркы замандын кулчулдугу."

Тургуналиев ошондой эле «Реформа үчүн» кыймылды колдогон саясатчылардын президент Курманбек Бакиевди ашкере сындап, ага доомат коюуна негиз жок деген пикирин билдирди.

Сүрөттө: Жогорку Кеңештин 25 депутаты кол койгон билдирүүнү депутат Муратбек Мукашев жарыялады.

XS
SM
MD
LG