Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2022 ишемби, Бишкек убактысы 18:48

АКШнын элчиси МАРИ ЙОВАНОВИЧ: “КҮНӨӨСҮ ДАЛИЛДЕНСЕ, АМЕРИКАЛЫК ЖООКЕР СОТТОЛОТ”


Суроо узаткан Чолпон Орозобекова, “Азаттык” АКШнын “Манас” аскердик базасында болгон кайгылуу окуя кыргыз журтчулугунда бул базага каршы маанайды ого бетер күчөттү. Жыл жаңыраар алдында чындап эле Кыргызстан менен АКШ ортосундагы кызматташтык боюнча суроолор көбөйүп кеткен. Соңку учурда эки өлкөнүн ортосундагы мамиледе кыйынчылыктар болуп атканын АКШнын Кыргызстандагы элчиси Мари Йованович “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып белгиледи.

- Элчи айым, Кыргызстан атуулун атып өлтүрүп алган америкалык аскердин тагдыры эмне болот? Ал сот жообуна тартылабы?

- Аскерий контингент жайгашкан башка мамлекеттердегидей эле, АКШнын Кыргызстандагы жоокерлери да Кошмо Штаттардын юрисдикциясынын алдында. Бул жерде аскердик кызмат өтөп аткан аскерлер Кошмо Штаттарынын аскердик сотторунун алдында болушат. Кыргыз атуулун өлтүрүп алган биздин жоокердин кол тийбестик макамы бар деген тынчсыздануулар болуп атканын билем. Бирок, мен баса белгилеп койгум келет. Анын АКШ юрисдикциясынын алдында иммунитети жок. Кыргызстанда кызмат өтөп аткан бир да америкалык аскердин сот жоопкерчилигинен куткарган иммунитети жок. Учурда кыргыз укук коргоо органдары менен бирдикте тергөө иштери жүрүп жатат. Эгер тергөөнүн жыйынтыгында америкалык аскер өзүн инструкцияга ылайык алып жүрбөгөндүгү далилденсе, анда ал АКШнын аскердик соту тарабынан соттолот. Тергөө аны күнөөлүү деп тапса, албетте, ал соттолот. Ошентсе да азыр биз тергөөнүн жыйынтыгын күтүшүбүз керек. АКШнын куралдуу күчтөрүндө тергөө жана сот органдарынын көз карандысыз, ачык-айкын иштеген системасы калыптанып калган. Американын куралдуу күчтөрү эч качан сот системасынын алешемдиктерди кетиришине жол берген эмес.

- Каза тапкан Александр Ивановдун үй-бүлөсүнө жардам берүү жагы каралып атабы?

– Ошол күнү окуя кандай болгон күндө да бул кейиштүү трагедия экенин айткым келет. Биз Ивановдун үй-бүлөсүнө терең көңүл айтабыз, азыр алар оор күндөрдү баштан кечирип атышат. Бул иш боюнча тергөө иштери уланууда, жыйынтыгы чыккандан кийин Ивановдун үй-бүлөсү бул багытта өз доо арызын берсе болот, эгер туура деп тапса.

- Америкалык аскерлердин дипломаттардыкына тете кол тийбестигинен ажыратуу тууралуу демилгелерге кандай карайсыз?

- Мен бул тууралуу кабарым бар. Бирок, аскердик базадагы америкалык аскерлер гана эмес, бул жакка өз аскердик күчүн жөнөткөн бардык мамлекеттер да өз юрисдикциясын карманышат. Ошондуктан бул нерсе Кошмо Штаттарга гана тиешелүү эреже эмес. Дүйнө жүзүндө ар бир мамлекетке жайгаштырылган аскерлер ушундай жобону карманышат. Ошондуктан бул Кыргызстандагы америкалык аскерлер үчүн гана киргизилген жаңылык эмес. Чет жакка аскерин чыгарган ар бир өлкө жоокерлерин өз юрисдикциясынын астында кармайт.

- Кыргызстанда азыр эки чоң державанын базасы турат. Россия дагы, АКШ дагы айрыкча коргонуу жаатында жардам берип атышат. Мындай атаандаштыкты кандай түшүндүрөт элеңиз?

- Бул деген Кыргызстандын достору көп экендигинин белгиси. Кыргызстан чындап эле жагымдуу шартта турат. Кыргызстан коңшулары менен жакшы алакада, алар да колунан келген жардамды берүүгө даяр. Евробиримдик да ар тараптан жардам берип, түркүн программаларды турмушка ашырууда. Алардын катарында АКШ да ушундай аракеттин үстүндө.

- Кыргызстанда, айрым эксперттердин баамында, антиамерикалык маанай күчөп бараткандай сезилет. Деги эле АКШ Кыргызстан менен болгон бүгүнкү мамилесин кандай баалайт? Айрым саясатчылардын баамында, азыркы президент көбүрөөк Орусияга ыктап аткандай.

- Ооба, биз азыр эки тараптуу мамиледе бир аз кыйынчылыктарды баштан кечирип атабыз. Бирок мындай кыйынчылыктар Кыргызстан эгемендик алган 15 жыл ичинде деле болуп келген. АКШ Кыргызстандын көзкарандысыздыгын биринчилерден болуп таанып, алгачкылардын болуп бул өлкөдө өз элчилигин ачкан. Ортобузда коопсуздук жаатында, саясий маселелерде, жана башка тармактарда өтө тыгыз мамиле калыптанды. Эсиңизде бардыр, 2005-жылы келгенде мамлекеттик катчы Кондолиза Райс Кошмо Штаттары ар дайым Кыргызстандын ишенимдүү досу бойдон кала берет деп айткан.

- 9-ноябрда кабыл алынган Конституция чындап эле демократиялык кадам болдубу? Же саясий тил табышуу аргасы болуп калды деген пикирлерге кошуласызбы? Азыр болсо депутаттардын калың тобу Конституцияны кайрадан кабыл алабыз дегенине кандай карайсыз?

- АКШ өкмөтү 9-ноябрдагы Конституцияны алдыга ташталган оң кадам катары кабыл алды. Биз бул Башмыйзамдын аркасы менен бийлик бутактары ортосундагы жакшы тең салмактуулук түзүлдү. Кандай мамлекет болбосун демократиялык өлкө болгусу келсе ушул тең салмактуулукту карманышы керек. Ал эми бир кишинин колуна бийликтин топтолушу жакшылыкка алып келбейт. Элдин тынч жол менен көчөгө чыгып атуулдук пикирин билдиришин Кыргызстан бийликтери урмат менен кабыл алганын кубаттап турдук. Саясий жараяндар эч качан жеңил болбостугу белгилүү. Ноябрдагы окуяларда бийлик менен көчөгө чыккан эл ортосунда тынч жол менен тил табышуу орун алгандыгы бул чоң жетишкендик. Мындан ары дагы ушундай кызматташтык улантылат деген үмүттөбүз.

-Сөз эркиндиги тууралуу сөз кылбай койсок болбостур, бүгүн эркин ММКларга карата бийликтин мамилесин кандай баалайсыз?

-Албетте, Кыргызстан Борбор Азия чөлкөмүндө бул жагынан лидер экендиги да жагымдуу жагдай болуп саналат. Оппозициялык дагы, өкмөтчүл дагы пикирлерди бере алган гезиттер, телеканалдар эл үчүн ар тараптуу маалымат алууга шарт түзөт. Кыргызстанда көзкарандысыз маалымат каражаттарынын көбүрөөк болгону пайдалуу болот демекчимин. Алар профессионалдуу, тең салмактуулукту карманып, көзкарандысыз жана ачык-айкын иштешине шарт түзүлүшү керек. Сиздерде коомулукту туура маалымат менен камсыз кылуу жоопкерчилиги жатат.

-Бирок учурда Кыргызстандагы эркин журналисттерге карата мамиле анчалык деле оптимиттик маанайды тартуулай албай жатат, туурабы?

- Менимче, бийлик эгемен маалымат каражаттарынын иштеши үчүн шарт түзүп бергени маанилүү. Сөз эркиндигисиз баары бир мамлекетте демократиялык өнүгүү болбойт.

XS
SM
MD
LG