- Кечээ “Реформа үчүн” кыймылына кирген 25 депутат атайын билдирүү менен чыктыңыздар. Ал эми депутаттардын экинчи тобу тарабынан Конституциянын редакциясын долбоорун күн тартибине бүгүн да киргизүү аракети болот деп күтүп жатасыздарбы?
- Кечээ күнү биздин парламенттин төрагасы менен сүйлөшкөнүмдө кайсы күн тартиби боюнча бүгүн иштейбиз, эмне маселени карайбыз, ушинтип угуп атабыз, депутаттар кайра киргизебиз деп атыптыр десем, ал, ооба ушундай демилгени кайра көтөрүп чыгып атышат. Бүгүн бир топ депутаттар комиссиянын долбоорун кайра киргизебиз, карайбыз деп айтты, деп тактап берди. Мен ойлойм бүгүн алар кайра киргизишет.
- Демек, регламент боюнча бул маселенин күн тартибине киришин кайрадан добуш берүү болуш керекпи?
- Ооба, кайрадан 38 адам добуш берип, кезексиз деп күн тартибине киргизилиши керек. Экинчиси, сөзсүз түрдө ал редакциянын жаңы долбоору деп айтыш керек. Бирок мунун баары тең биздин эрежени, процедураны бузуу болуп эсептелет.
- Конституциядагы карама-каршылыктарды Баш мыйзамдын өзүндө каралган тартипке ылайык четтетүү демилгесине, мен жаңылбасам сиздер да макулсуздар. “Реформа үчүн” кыймылдын мүчөлөрү Өмүрбек Текебаев менен Болот Шерниязов мурда күнү кечинде президент Бакиев менен жолукканда да ошол кемчиликтерди жоюу үчүн эки тараптан мунаса комиссияны түзүү жөнүндө сөз болгон экен. Кечээ кечке чейин да ошондой комиссия түзүү боюнча башка сүйлөшүүлөр өткөн жокпу? Кандай кабарыңыз бар?
- Текебаев менен Шерниязов партиянын атынан деп киришип өздөрүнүн жеке оюн айтып чыгышкан. Андан кийин келип бизге президент менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгын айтып, ушундай сунушталды, келишим комиссиясы түзүлөт, ошого кандай карайсыңар дегенде, бизден Урманаев барып угуп көрсүн, алардын ойлору кандай экен деп чечим кабыл алганбыз. Депутат Урманаев кечээ күнү барып Медет Садыркуловдун кабинетинде бир топ адамдар чогулган сүйлөшүүгө катышып келиптир. Бирок, алар кайра эле Конституцияга өзгөртүүлөрдү, түзөтүүлөрдү киргизип, президенттин ыйгарым укуктарын кеңейтебиз деп айткан экен. Биз ага макул эмеспиз. Анткени, биз эки жолу билдирүү жасадык. Биринчиси, “Реформа кыймылы” өзү чоң билдирүү жасады, элдик Конституцияны биз коргойбуз, эгерде президент, же башка депутаттар тарабынан одоно бузулуп Конституция каралып, кабыл алынып, президент ага кол койсо, бул Конституцияны биз тааныбайбыз дагы анда элди кайра митинг, пикеттерге чакырып, Конституцияны коргоп алабыз деген акцияларды баштайбыз деп айттык.
Азыр сөз Конституциянын карама-каршылыктары барбы, жокпу деген эмес, бул жерде булар биз 8-ноябрда кабыл алган Конституцияны кайра реформалап, авторитардык, үй-бүлөлүк, бир адамдын башкаруусун кайра киргизебиз деп атышат. Биз ошого каршыбыз. Мен ойлойм, бүгүнкү Конституция иштеш керек. Карама-каршылыктарын мыйзам түрүндө оңдоп кетсек болот. Ал жерде техникалык жактан 2-3 гана жоболорун оңдоп коюу маселеси бар, калган нормалары толук, анык иштеш керек.
- Кокус бүгүн чын эле кайрадан маселе көтөрүлсө, сиздин прогнозуңуз кандай болуп турат?
- Өткөндө бардык күчтөрдү жумшап, кээ бирин ооруп жаткан жеринен, командировкадан да алдырышып, абдан катуу контролдошуп, бул жерде көп адамдар жүрдү парламентке тиешеси жок. Бирок бүгүнкү күндө акционердик коомдордо мамлекет тарабынан иштеп жүргөн адамдардын башчылары жүрүшүп, ошолор түздөн-түз депутаттарга буйрук берип, биздин балконго чыгып карап турушту кайсы депутат кандай кылып, кимге көргөзүп добуш берет деп. Ошондой катуу көзөмөлдөн кийин деле алар болгону 46 добуш алышты. Көп депутаттар бизге келип айтып атышты, биз айла жоктон добуш берип атабыз, катуу кысым болуп атат деп. Ошондо да араң деп 46 добуш алышты. Эми бүгүн билбейм, мүмкүн 50 да алып кетиши мүмкүн. Бирок, мунун бары тең Конституцянын өзгөртүү, түзөтүү киргизүү эрежелерин одоно бузуп, эгерде ушундай чечим кабыл алынып калса президент ага кол койбошу керек. Эгер президент кол кое турган болсо күнөөнүн бары тең президентке жабылып, бул эртедир-кечтир баары бир чоң чатактын башы болуп эсептелет.