Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:39

БИШКЕКТЕ ТҮРКИЯНЫН МАДАНИЯТ КҮНДӨРҮ ӨТҮП ЖАТАТ


Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин демилгеси менен уюшулган маданий жумалыктын алкагында Гапар Айтиев атындагы улуттук сүрөт музейинде түрк сүрөтчүсү Халук Евитандын жеке сүрөт көргөзмөсү ачылды. Бирок кандайдыр бир себептер менен сүрөтчү өзү келген жок. Буга чейин ал дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө отуздан ашуун жеке көргөзмөсүн уюштурган сүрөтчүнүн кыргыз жергесиндеги көргөзмөсүнө отуздан ашуун май боектор менен тартылган эмгектери коюлду. Түркиядагы алдыңкы белгилүү сүрөтчүлөрүнүн катарына кирген Халук Евитандын чыгармаларынын көпчүлүгү адамзатынын ички дүйнөсүн чагылдырууга багытталган. Элчиликтен билдиришкендей бул эмгектер каалоочулар үчүн сатылат. Бул көргөзмө менен катар Бишкектин тургундарына түрк тасмаларын да көрсөтөбүз дейт Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Серпиль Альпман.

-Иш-чаранын алкагында Бефа борборунда түрк режиссерлору жараткан ар кандай тематикадагы жаңы көркөм тасмаларды тартуулайбыз. Бул фильмдер күнүнө үч маалдан бекер көрсөтүлөт.

Аталган элчилик Түркиянын маданият күндөрүн жылына бир жолу өткөрөт. Мындан сырткары майрамдарда да маданий иш-чараларды уюштурушат. Элчи айым өз сөзүндө Кыргызстандын маданият күндөрү да Түркияда жылына өтүп тураарын айтып, мындан эки ай мурда эле кыргыз сүрөтчүлөрүнүн көргөзмөсүн уюштурушкандарын айтып, мындай иш-чаралар эки элдин ынтымагын арттыраарын белгиледи.

-Эки өлкөдө жашап жаткан элдер бири-бирине боордош эл. Андыктан көркөм өнөр тармагындабы же башка чөйрөдөбү дайыма байланышта болуп, бири-бирибизде болгон жакшы жаңылыктарыбыз менен бөлүшүп турганыбыз оң.

Бул жолу өтүп жаткан маданий жумалыктын алкагында көргөзмө менен кинотасмалардан сырткары өнөрпоздордун концертин жана башка бир катар оюн-зоок программаларды уюштурууну ниет кылып жатабыз деп кошумчалады Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Серпиль Альпман. Ал эми Түркиянын Кыргызстандагы күндөрү 10-январга чейин созулмакчы.
XS
SM
MD
LG