Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:41

29-ДЕКАБРЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


Кыргыздардын улук бийи Атаке баатырдын элчилери Абдрахман Кучаков менен Шергазыга Сибирдеги орус администрациясы жылуу мамиле жасаган. Кокон ханынын ордосундагы орус тыңчысы Вайнбергдин 1874-жылдын 29-декабрдагы билдирүүсүнө караганда, кыргыз көтөрүлүшүнүн 1873-жылдын авгст айындагы жеңиши, хандын абалын оордоткон.

Кыргыздардын улук бийи Атаке баатыр, бир жагынан Цин империясынын кол салуу коркунучу, экинчи тараптан казак султандарынын кысымынан чоочулап, абалды салмакташ үчүн курултай куруп, калктан орус бийлигине кирүүнү сураган. Курултай да анын сунушун туура көрүп, кыргыз элчилери Абдрахман Кучаковго Шергазыны жолдош кылып, 1785-жылы Россия империясынын борбору Петербурга аттандырган. Кыргыз элчилери казак султандарынын ээлиги аркылуу, адегенде Омск шаарын келишкен. Сибирдеги орус администрациясы кыргыз элчилигине жылуу мамиле жасап, 1785-жылдын 29-декабрында аларды Петербурга жөнөткөн.

XIX кылымдын экинчи жарымындагы кыргыздардын Кокон хандыгына каршы көтөрүлүшү ийгиликсиз аяктап, козголгон калкты хандык канга бөлөгөнү менен ал эркиндик эңсеген калкка психологиялык дем берген. Кокон хандыгына болгон маанай өзгөрүп, бийликтин калк арасындагы баркы кеткен. Хандын ордосундагы орус тыңчысы Вайнбергдин 1874-жылдын 29-декабрдагы билдирүүсүнө караганда кыргыз көтөрүлүшүнүн 1873-жылдын август айындагы жеңиши, хандын абалын оордоткон.

«Кыргызстан элдик кыймылынын» лидери - Курманбек Бакиев, «Ата журт» коомдук саясий кыймылынын лидери - Роза Отунбаева, «Жаңы багыт» партиясынын жетекчиси - Муратбек Иманалиев, «Кыргызстан элдик конгрессинен» - Алмазбек Атамбаев жана «Адилет шайлоо үчүн» атуулдук бирикмесинин лидери - Мисир Ашыркуловдор 2004-жылдын бу күнү кызматташуу меморандумга кол коюшту. Меморандумда каралгандай, парламенттик шайлоо учурунда ичара кызматташуу; парламенттик шайлоону баш мыйзам талабына шайкеш жана демократиялык шартта адилет өткөрүү сыяктуу маселелер каралган.
Чукул кырдаал министрдигине караштуу Бишкек шаардык өрттөн сактоо гарнизонунун 100дөй кызматкери 2005-жылдын бу күнү Жогорку Кеңештин кашында нааразылык пикет өткөрүштү. Алар бийликтен, гарнизон администрациясынын ишин текшерип, бир жылдан бери берилбей калган социалдык камсыздоого бөлүнгөн 16 млн сом каражаттын кайтарылышын талап кылышты.

1899-жылы атактуу жазуучу Лев Толстой «Пейилдин оңолушу» романын бүткөрүп, 1775-жылы айтылуу архитектор, Петербургдагы архитектуралык имараттарды курган Карл Росси, 1816-жылы немец физиологу Карл Людвиг, 1936-жылы акын, жазуучу Ишенбай Мансуров, 1949-жылы жазуучу Токтобай Мүлкүбатов жарык дүйнөгө келген.

Муратбек Кожобеков
XS
SM
MD
LG