Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:15

КЫТАЙ ЖАРДЫРГЫЧТАРЫН ЭТИЯТ ПАЙДАЛАНУУ КЕРЕК


Жаңы жылды майрамдоодо салтка айланып калган жардыргычтар, фейерверк, жанар от оюнчуктарды сатып алуу камылгасы көрүлүп жаткан учур. Ал түгүл балаты жасалгалоосу токойлордун аянтын кыйла кыскартышына себепкер болгондуктан быйыл жаш карагайларды кыйууга тыюу салынган. Ошондуктан жасалма балатынын да баасы өстү.

Учурда жаңы жылды майрамдоого камылгалар көрүлүп, кытай өндүрүшүнөн чыккан жардыргычтар, асманга атылуучу ракета, фейерверк жана башка балаты жасалгаларын сатып алгандар да, саткандар да арбын. Эгемендүүлүк менен кошо келген мындай саамалыктарсыз жаңы жылды майрамдоонун элестетүү мүмкүн эместигин айтып жүрүшөт.

«Дордой» базарына баш багып үч жылдан бери жаңы жылдык жасалга, буюмдарын сатып жүргөн соодагер Искендер Төлөмүшевге жолукканда, жардыргыч же тартылдак заттарын сатып алууда атайын колдонуу эрежелери жазылган сертификатын да кошо талап кылуу керектигин айтты.

Кенже балдардын коопсуздугун сактоо үчүн жаңы жылдык жардыргычтарды колдонууда жанында ата- энесе же ага - эжелери болуусу зарылдыгын Кытай өндүрүшүнүн жаңы жылдык жардыргыч заттарын сатуучу Айзаада Асанова да эскертти.

Жаңы жылдын шаанисин арттырган мындай жардыргыч, фейерверк, ракеталардын баасы да түрүнө, көлөмүнө жараша ар кыл. Жыйырма сомдон бир- эки миң сомго чейинки баада ар түрдүү жаңы жылдык жасалгаларды базардан тапса болот.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрткө каршы үгүт- насаат бөлүмүнүн башчысы Нурлан Ташманбетовдун айтымында мектептердеги, театрлардагы жаны жылдык кече, оюн- зооктордо өрт коопсуздугун сактоо иш- чаралары көрүлүүдө. Кытай өндүрүшүнөн чыккан жардыргычтарды, ракеталарды колдонууда коопсуздук эрежелерин сактабагандыктан жаңы жылдык салтанатта жабыр тарткан айрым балдар майып болуп калышканын Нурлан Ташманбетов эскертти.

Кабат үйлөрдө жашагандар балкондо туруп асманга жасалма ракета багыттап, жаркырак фейерверктерди атышат. Байкоосуздан коңшуларынын балконуна түшүп же чогу өчө элек жардыргычтардан өрт чыгышы да ыктымалдыгын, жаңы жылды майрамдоодо коопсуздук эрежелерин сактоонун зарылдыгын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрткө каршы үгүт- насаат бөлүмүнүн адистери эске салышты.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG