Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2022 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:09

2006-ЖЫЛЫ ЭСТЕ КАЛГАН САЯСИЙ ОКУЯЛАР КАЙСЫЛАР?


Быйыл өткөн жылдагыдай март ыңкылабы өңдүү дүйнө коомчулугунун көңүлүн бурган саясий чоң окуя Кыргызстанда катталган жок. Бийлик менен оппозициянын тирешүүсү, парламент менен президенттин бир пикирге келе албай коюшу, анын айланасындагы талаш-тартыштар жыл этегине чейин ырааттуу уланып келди. Бул жылы «Реформа үчүн!» кыймылына таасирдүү саясатчылардын тобу баш бириктирип, алар бийликке каяша айтып, апрель, май, ноябрь айларында үч ирет массалык митинг өткөрүштү. Анын тыянагы Конституциянын жаңы редакциясынын чукул кабыл алынышын шарттады.

Мындан тышкары быйыл Кыргызстанда катталган саясий окуялардын жана фактылардын айрым негизгилерин атай кетели:

- Январда белгилүү спортчу Раатбек Санатбаев, апрелде Жогорку Кеңешке шайлоодо көпчүлүк добуш алган Рысбек Акматбаев атып өлтүрүлдү.

- Апрелде «Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясынын лидери Эдил Байсаловдун өмүрүнө кол салуу болуп, ноябрда Жогорку Кеңештин депутаты Иса Өмүркуловдун үйүнө жардырчу зат ыргытылды. Бул окуялар жарандардын саясий ишмердүүлүгү менен байланыштырылды.

- Май айында «Каракече кожоюну» атыккан Нурлан Мотуев камакка алынды

- Февралда президентке ачык оппозициядагы Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаев кызматынан кетип, мартта ордуна чордончул саясатчы Марат Султанов шайланды.

- Апрелде президент Курманбек Бакиев коалициялык күчтөрдүн аскер базасынын ижара акысын көбөйтүүнү сунуш кылып АКШ бийлигине кайрылды.

- Июль айында АКШнын Кыргызстандагы эки дипломаты өлкөнүн ички ишине киришти деген негиз менен өлкөдөн чыгарылды. Ага жооп кылып АКШ кыргызстандын алты коопсуздук кызматкерин өз аймагынан чыгарды.

- Сентябрда АКШ менен Кыргызстандын учактары сүзүштү, ноябрда АКШ аскери кыргыз жаранын атып өлтүрдү

- Сентябрда Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев Польшада маңзат менен кармалып, ал кийинчерээк атайын кызматтар жасаган саясий чагым катары бааланды жана буга президенттин инисинин тиешеси бар деген доомат коюлду. Бул окуянын илеби менен Коопсуздук кызматынын башчысы Бусурманкул Табалдиев менен анын орун басары, президенттин иниси Жаныш Бакиев кызматтарынан кетишти.

- Жогорку Кеңеш менен Коргоо министрлиги имарат талашып, жаңжалдашты

- Октябрда Айдар Акаев менен Муратбек Малабаев депутаттык мандаттарынан ажыратылышты. Россия бийлиги издөө салган Борис Березовский Кыргызстанга президент Курманбек Бакиевдин кичүү уулунун ортомчулугу менен келип кеткендиги тууралуу маалымат тарап, бирок, анын чын-калпы бүдөмүк бойдон калды.

- Октябрда Кыргызстандын президенти бир нече жылдык тыныгуудан кийин расмий сапар менен Өзбекстанга барды

- Куршаб шайлоо округундагы Жогорку Кеңешке депутат шайлоо чатагы жана Кыргызстандын ХИПКке кирүү программасынын айланаысындагы талаш жылы бою уланды.

Саясатчылар жана коомдук ишмерлер, талдоочулардын кыйласы жыл ичиндеги ушул өңдүү саясий окуялардын эң чуулгандуусу деп ХИПК программасын аташууда. Алардын бири Жогорку Кеңештин депутаты Азимбек Бекназаров муну чыккынчылык деп санайт:

- Быйылкы эң чуулгандуу окуя – бул ХИПК программасы. Мына ушуну менен биз Эл аралык валюта корунун сазына жөн эле батып калмак түгүл кыргыздын, улуттун келечегине балта чапкан болобуз. Ырыскысынын бардыгын, кен байлыкты, суу ресурстарын өткөрүп берген болобуз. Мындан өткөн чыккынчылык жок.

Жай адамдар жыл ичиндеги саясий окуялардын катарына кайсыларды кошот? Ушул суроонун айланасында кабарчыбыз Элеонора Бейшенбек кызы Бишкек шаарын аралап, сурамжылоо жүргүздү:

Айтикеев Адилет: Киши өлтүрүүлөр. Бир топ аттуу-баштуу адамдарыбыздан ажырап калдык. Бул былтыркы жылдын уландысы катары болду. Саясатка тиешеси жок адамдар да курмандыкка чалынып кетти.

Өткүлбек: Маанилүү окуя бул 2-ноябрдагы митинг, анан конституцияга кол коюлду. Бул жерде бийликке сез көрсөтүп койууда эмес. “Реформа үчүн” кыймылынын лидерлери дагы бир жаңылык киргизишти. Алар цивилизациялык жол менен кандайдыр бир жетишкендиктерге бара ала тургандыктарын көрсөтүштү.

Кубанычбек уулу Максат: Саясий турмуштагы орчундуу окуя – бул кыргыз элинин аң-сезиминин ойгонушу. Эл ойгонуп, патриоттуулукка умтулуп, жаңылануу пайда болду. Улут деген маселе көтөрүлө баштады, элим-жерим деген сезимдер пайда боло баштады.

Адил: Жаңы кабыл алынган Конституция эң башкы жыйынтык.

Жоомарт: Саясий майдандагы орчундуу окуяны мен экиге бөлүп коет элем. Жакшы анан жаман окуялар. Жаман орчундуу окуялар тилекке каршы абдан көп болду. Депутаттарга кол салуу, матрешка жаңжалы, ага чоң саясатчылардын кийлигишип калгандары. Ал эми бул саясий сезондогу эң орчундуу жакшы иш - бул жаңы конституциянын кабыл алынышы. Мында оппозиция менен бийлик эле утпастан, кыргыз эли да утуп атат.

Музуратбеков Жылдызбек: 2006-жылы саясий төңкөрүштөр болуп өттү. Жетишкен жагыбыз да болду, бирок төмөндөгөн жагыбыз аябай көп болуп атат. Мына ХИПК программасы. 24-марттка салыштырабы, же башкага салыштырабы бул аябай чоң маселе болуп атат.

Гүлжан: Адам өлтүрүү, жанагы маньяк чыкты. Ушундай окуялар көп болду.

Азамат: Он беш жылдан бери чыкпай келген Акаевдин режиминен чыктык. Биз башка өнүккөн мамлекеттердин катарына баратабыз. Алардын баары ушундай саясий кырдаалдан өтүп чыгышкан. Биз ошол саясий кырдаалдардан кулай буйурса акырындык менен өтүп келатабыз.

Кубанычбек: 2006-жылдагы саясий маселелелер булар митингдер болду. Бирок бир жаман жагы булардын биздин ички саясий-социалдык абалга да, экономикалык абалга да оң жагын бере алган жок. Болгону мындайча айтканда шоуга айланды. Андан башка эч кандай жаңылануу, өзгөрүү орчундуу маселе болгон жок. Конституция жаңырды деп айтып жатышат. Менимче конституция эмес, конституциянын жаңы редакциясы жаңырды. Ал иштебеген өлүк конституция болуп турат бүгүнкү күндө. Бул абалыбыз менен, мындай кадамдарыбыз менен, мындай тирешүүлөрүбүз менен биз чоң саясий жетишкендиктерди жасай албайбыз.

Айбек: 2006-жылы бийлик талашуу аябай көп болду. Ошол бийлик талашуудан эл жабыркады. Түштүк-түндүк болуп бөлүнүп кете жаздады.

Саясатка тикелей тиешеси жок жай адамдардын көз карашы мына ушундай. Анткен менен, коомдук-саясий чөйрөдө Кыргызстандын Баш мыйзамынын жаңы редакциясынын айланасындагы ызы-чуулар саясий айдыңдагы быйылкы эң башкы окуя катары айтылууда
Гимндин коштоосунда президент Курманбек Бакиев 9-ноябрда кол койгон бул баш мыйзамды азыркы бийликке оппозицияда турган «Реформа үчүн» кыймылы өзүнүн утушу катары баалады. Анткени, 24-март окуясынан кийин бийликке келген президент Курманбек Бакиев мурдагы бийликтен калган коррупциячыл саясаттын мизин кайтара албай, Конституциялык реформаны туңгуюкка кептеди деген оппозициячылар нааразылык акцияларын уюштурууга ала жазда киришкен. Башка көптөгөн саясий окуялар менен коштолгон бул чаралар кеч күздө президент Курманбек Бакиев менен премьер министр Феликс Куловдун кызматтан кетишин талап кылган мөөнөтсүз митингге чейин өсүп жетти:

- Айласыз абалга байланыштуу жана 2006-жылдын 29-апрелиндеги жана 27-майындагы митингдердин жана 2006-жылдын 17-сентябрындагы Аксыдагы элдик курултайдын чечимдерине ылайык «Реформа үчүн!» кыймылы 2006-жылдын 2-ноябрында Кыргыз Республикасынын президенти Бакиевдин жана Кыргыз Республикасынын премьер-министри Куловдун отставкасын талап кылган мөөнөтсүз митингди баштайт деп билдирет.

Митинг башталаардан бир ай мурда оппозиция жарыялаган ушундай талап «Реформа үчүн» кыймылынын талаптары 2-ноябрдан Конституция кабыл алынган 9-ноябрга чейин борбордук аянттагы мөөнөтсүз акцияда тынымсыз кайталанып турду:

-Бүгүн биз бул жерге мамлекетти сактап калганы келип отурабыз. Бүгүн биз бул жерге элдин ыйманын сактап калганы келип оутрабыз. Ошондуктан, сиздин тапшырмаңыздар абдан чоң. Бул тарыхый күн. Биз бүгүнкү бийликтин айткан убадаларын эске салып, аны аткарууга мажбур кылышыбыз керек. Биз психологиялык, моралдык, саясий кысым менен буларды өз ордуна койбосок, алар аткара турган түрү жок. Биз буга толук укуктуубуз. Реформа үчүн!!!

Бул аралыкта президент Курманбек Бакиев менен оппозиция өкүлдөрүнүн ортосундагы бир пикирге келүү аракеттери кырдаалды жумшартмак тургай курчуткандыгын кезегинде талдоочулар айтып чыгышкан. Президент менен оппозиция лидерлеринин ортосундагы мамиле ачуу кайым айтышууларга чейин жетип, президент беш-алты оппозициянын түпкү максаты бийликти алуу деп айыптады. Муну президент акция маалында оппозиция жыйынынан жашыруун жазылып, бийликке жеткирилген үн тасма чатагы боюнча парламентке келгенде да белгиледи:

- Азыр Сиздердин көңүлүңүздөрдү мына бу үн тасмага көңүлүңүздөрдү буруп, угуп койсоңуздар деген гана ой болуп атат. Себеби, сиздердин коллегаларыңыздардын өздөрүнүн кечээ болгон жыйынында ушундай сөздөр болду: кандай кылыш керек, эмне кылыш керек, кайсы жерди басып алыш керек, кайсы жерден ким элди көтөрүш керек, эмне кылыш керек деген. Мына, мен башында айткамын сиздерге, урматтуу депутаттар, Конституциялык реформаны көздөгөн саясатчылар мындай жолго барбайт.

Жаңжал азыркы бийликтин коррупциячыл, тууганчыл, алысты көрө билбеген саясатынын кесепети болуп жатат деген дооматын айткан депутаттардын бири ал учурда Кубатбек Байболов болду:

- Былтыр ушул жерде трибунада туруп айткамын мен, мына бир жыл өтүп-өтпөй баарыбыз тең ушул маселени айдан ачык айтып жатабыз. Өзгөчө түндүк-түштүк маселесин өтө олуттуу жана курч көтөрүп аткандар - «уурусу күч болсо ээси доого жыгылат» болгондор көтөрүп жатат. Болбосо, урматтуу Курманбек Салиевич, бийлик колго тийгенден кийин атасынан калгандай, байдын дөбөтүндөй лакылдаган жемкор, зөөкүр, акылы жеткилең эмес саясатчылардун кучагында калбадыңызбы. Болбосо башына камчы үйүрүп, сабап атканда да кабагым-кашым дебей, каршы сөз айтпаган эл ушул жерге үч-төрт кишинин сөзү менен чыкты дегенге ким ишенет? Же болбосо ушу Конституциялык реформаны гана талап кылып отуз-кырк миңдеген кишилер дембе-дем чыгып атат дегенге ким ишенет? Аз да болсо, беш миллион калктын бир бөлүгү да болсо назары сынган үчүн чыгып атпайбы…

Бир аптага созулган митинг антимитингди жаратып, алар президент Бакиевдин ураанын көтөрүп чыгышты. Жанаша жайгашкан эки митингдин катышуучулары жаатташып, анан кармашып кетишти:

- Кол көтөрбөгүлө! Бардыгыбыз бир элбиз. Мен ынтымакка чакырам бардыгыңыздарды!

Ушундай чакырыктар менен коштолгон тирешүүнү ички иштер министрлиги газ жана кур дүрмөт атып, басууга аргасыз болду. Нааразылыктар күчөп кеткенинен сестенген саясатчылар Конституциянын жаңы редакциясын бир түндө иштеп чыгышып, ага президент кол коюп берди. Бул окуяны реформачылар баштаган митингчилер «Конституциянын жаңы редакциясы кабыл алынды! Эл жеңишке жетти! Ураа-а!» деген чакырыктар түн оокумга чейин борбордук аянтта кубаттап, оюн-зоок курушту.

Март ыңкылабынан бери создугуп, акырында акциялардын арты менен ыкчам кабыл алынган Конституциянын жаңы редакциясы бир ай өткөндөн кийин өкмөттүн кызматтан кетишине, анын илеби менен кайрадан Баш мыйзамдын жаңы редакция долбоорунун пайда болушуна алып келди. Президенттин таламын талашкан демилгечи депутаттар шашылыш кабыл алынган Конституция Кыргызстанды саясий туңгуюкка кептеди деп чыгышты. Бирок, жаңы долбоор жетиштүү добуш топтой алган жок, ага жараша оппозициячыл жана бийликчил саналган депутаттардын жаатташуусу, парламентти таратуу аракеттери күчөдү.
Мына ушундай ыргакта ит жылы аяктап, доңуз жылы босогодо турат. Президенттин алдындагы адам укугун коргоо комиссиясынын төрагасы Турсунбек Акундун өткөн жылдын өзгөчөлүгү жана өксүгү тууралуу көз карашы менен жыйынтыктасак:

- Өксүгүбүз – Конституцияны революциядан кийин эле татынакай убакыт кетирбей, консенсуска келип, оппозициялык бийлик күчтөрү, Кыргызстан эли чогулуп, Конcтитуцияны 2005-жылы эле кабыл алып койсок болот эле. Убагында кабыл алынбагандыгынын айынан талаш-тартыш башталып, миңдеген адамдар көчөгө чыгып, эми кайрадан Конституциялык кризис башталып атат, аны кайра кабыл алабыз деп. Эң чоң өксүк ушул болду. Анан бийлик менен оппозиция бир сөзгө келе албай койду. Бардык нерсени убагында жасаш керек эле. Буга Конституция себеп болду. Биз – Кыргызстан бир кичинекей кайыкта баратабыз. Анда бийлик, оппозиция бар. Ортосунда эл турат. Ушул үчөө биргелешип иштешсек кайыкты эч качан аңтарбайбыз. Эгер чабыша берсек кичинекей кайыкты аңтарып алабыз. Жарандык кагылышууларга барабыз, башкага да барабыз. Жетишкендигибиз – жаманбы-жакшыбы Кыргызстаныбызда тынчтык болду. Мына 2-9-ноябрда канча миңдеген кишилер көчөгө чыгып, бир тал дагы чач түшүрбөй, бир адамга зыян келтирбей, саясий акция уюштурду оппозиция. Акыры 9-ноябрда кол коюлду. Бийлик менен оппозиция консенсуска келгенге болот экен да. Кандай болгон күндө да жарандык кагылышуу дейт экенбиз, кыргыз эли тажиктердей, уйгурлардай, чечендердей кан төгүлүүгө, согушка барбай турганыбызды көрсөттүк. Биз кандай болгон учурда да бийиктикти көрсөтө алабыз.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG