Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:24

“КЫРГЫЗСТАН” УЛУТТУК ЭНЦИКЛОПЕДИЯНЫН БИРИНЧИ ТОМУ ЧЫКТЫ


Жаңы жылдын алдында Mамлекеттик тил жана энциклопедия борбору кыргыз окурмандарына жакшынакай белек тартуулады. Көлөмү 43 басма табактагы 5 миң нускада табият, тарых, илим, искусство, техника, экономика ж.б. тармактарды, ошондой эле дүйнөлүк цивилизациянын азыркы жана өткөндөгү орчундуу учурларын камтыган “Кыргызстан” аттуу Улуттук энциклопедиянын биринчи томун “Аль-салам” басма үйүнөн басып чыгарды.Басылманын башкы редактору, академик Үсөн Асановду кабарчыбыз Балбай Алагушов кепке тарткан.

- Үсөн мырза жаңы жылдын алдында өзүңүз жетектеген Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору көлөмү 43 басма табактагы 5 миң нускада “Кыргызстан” аттуу улуттук энциклопедиянын биринчи томун “Аль-салам” басма үйүнөн басып чыгардыңыздар. Томдун материалдарын жазууда кайсыл булактарга таяндыңыздар. Томго канча термин кирди?

- Энциклопедиянын бул жолку чыккан томдугуна Кыргызстандагы аттуу-баштуу инсандар катышты. Улуттук энциклопедияны чыгаруунун алдында биринчи иреттерде терминдердин сөздүктөрүн түздүк. Андан соң сөздүктөрдүн негизинде 19 тармактык энциклопедияларды чыгардык. Аларды айылдык мугалимдерден жогорку окуу жайларынын жамааттарына таратып, алардан сунуштарды, пикирлерди алгандан кийин терминдердин сөздүктөрүн түздүк. Азыркы улуттук энциклопедияны чыгарууга жалпысынан алганда 35 миң термин кирди.

- Үсөн мырза, өткөн кылымдын 1976-80-жылдарда чыккан “Кыргыз совет энциклопедиясынан” азыркы улуттук энциклопедиянын биринчи жана чыга турган томдору кандай өзгөчөлүктөр менен айырмаланат?

- Совет доору кыргыз элин илим, билимге жеткиргени менен улуттук деп аталган көп терминдер көмүскөдө калганын, көптөгөн инсандарыбыз кирбей калганын жакшы билесиң. Биринчиден, тарыхыбыз кеңейди. Жаңы материалдарды таптык. Бир гана мисалды айта кетейин, “Азаттык” радиосу илгертен эле чындыкты бетке айткан үналгы катары эсептелип келсе да, анын баштоочулары Азамат Алтай сыяктуу белгилүү инсандар энциклопедияларга берилбей келген. Жаңы чыккан энциклопедияга “Азаттык” радиосу жөнүндө бир бет, Азамат тууралуу сүрөт менен кенен маалымат бердик.

- Үсөн мырза, улуттук энциклопедия канча том болуп чыгат? Алар толугу менен окурмандардын колуна качан тиет?

- Мурдагы президенттин 2002-жылдагы буйругунда 6 том деп жазылып калган. Өзгөчө баса айта кетерим, бүгүнкү күндөгү материалдарга караганда материалдар өтө көп. Баса, улуттук терминдер мурдагы энциклопедияларда 20-30 пайыз берилсе, азыркы томдорго улуттук терминдер 50-60% андан көп пайыз берилмекчи. Дагы бир айтаарым, энциклопедиянын томдорун мурдагыдай талпайтпай алып жүрүүгө ылайыктап кичине көлөмдөрдө чыгарабыз. Ошондуктан 6 том эмес, андан көп болот. Томдорду эки-үч жылдын аралыгында чыгарып, окурмандарга тартуулайбыз.
XS
SM
MD
LG