Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:59

МЕДЕТКАН ШЕРИМКУЛОВ: «КОНСТИТУЦИЯНЫ ОЮНЧУККА АЙЛАНДЫРБАШ КЕРЕК»


Маектешкен Кубат Оторбаев, Бишкек Белгилүү коомдук-саясий ишмер, легендарлуу парламенттин (1989-1994-жылдар) төрагасы Медеткан Шеримкулов жаңы жыл алдында «Азаттык» радиосунун бир нече суроолоруна жооп берген.

- Медеткан мырза, ноябрдагы митингдердин аркасында 9-ноябрда жаңы Конституция кабыл алынды эле. Бир тараптагы күчтөр айтып атышат, бул Конституция толук иштейт, биз болгону Конституцияга ылайыктап көп мыйзамдарды кабыл алышыбыз керек деп. Экинчи тарап болсо 41 депутат тобу айтып атат, азыркы Конституция иштебей калды, аны өкмөттүн кызматтан кетиши далилдеди, өтө көп карама-каршылык, кемчиликтер бар деп атат. Сиздин өзүңүздүн 9-ноябрда кабыл алынган Конституция боюнча пикириңиз кандай?

- Жаңы Конституциябыздын кабыл алынып калышынын себептери, ноябрь айындагы башталып жети күн созулган митингден эмес. Мунун түбү 2005-жылкы март окуясында эски Конституцияны өзгөртүү, ошого толуктоолорду киргизүү, авторитардык режимден кетүү жөнүндө маселелер коюлбады беле. Андан кийин бир нече жолу Конституциялык жыйын болду. Бирөөндө Текебаев баштап жүрдү, кийин президент өзү баштап жүрдү. Ошондуктан 8-ноябрдагы кабыл алынган Конституциябыз ошолордун негизинде иштелип чыккан бир документ.

Бирок ошол Конституцияны кабыл алууда чоң кемчиликтер, каталыктар кетип калды. Кайсы каталыктар? Конституцияны кабыл алганда шашып отуруп жалаң митингди мындан ары күчөтүп жибербейли деген ой менен, митинг жалаң эле Алатоо аянтта эмес, 5-6-7-ноябрларда жер-жерлерде чыга баштады, саясий кризиске мындан ары дагы терең бата бербейли деген ой менен Конституцияны түн ичинде кабыл алды. Конституцияны биринчи окуудан, экинчи окуудан кабыл алдык деп беш мүнөттүн ичинде кабыл алынды. Негизи ошол шашып кабыл алынган нерсенин аягындагы үзүрү ушул болуп жатат.

Конституция 9-ноябрда кабыл алынды, парламент тарабынан дагы, президент тарабынан дагы кол коюлду. Бирок элге жарыкка чыкканы 6-декабрь. Конституция элге чыккандан бери 20 күн өтө элек. Конституция элге чыккандан кийин иштейт десек болот.

- Медеткан мырза, мен ушул жерден бир нерсени айтып коёюн, андан ары сиздин сөзүңүздү улайлы. Бул ошол Конституция өзү иштей бермек, болбосо эң талдуу, негизги маселеси, бул өкмөттүн кызматтан кетиши деген маселе болуп атат. Сиздин пикириңизде ушундай жагдайды өкмөттүн отставкага кетишинин чыныгы себеби эмнеде жатат. Айрымдар айтат, бул парламентти өзүн-өзү таратууга алып бара турган саясий кадам болду деп?

- Конституцияны терең ойлонбой кабыл алынганынын негизи мына кечээ күнкү биздин депутаттардын аракетине алып келди дагы эле Конституцияны өзгөртөбүз дегени. Ал эми сиз айткан өкмөттүн отставкага кетиши жөнүндө мен айтып коёюн, 1994-жылы легендарлуу парламент так эле ушундай кризиске туш келип калган. Анда дагы президент менен парламенттин ортосундагы карама-каршылык күчөп кетип, Кумтөрдүн алтындын маселеси, ошону айтып чыкканда президент ошол убактагы парламентти иштетпей коюга аракет кылды дагы, эң эле биринчи кадамы өкмөттүн отставкасы болчу.

Апас Жумагулович баш болгон өкмөт жөндөн жөн туруп эле биз кеттик деп отставкага кетип калышкан. Мына бүгүнкү болуп жаткан Кулов баш болгон өкмөттүн отставкага кетиши деле ошонун эле бир түрү, ошонун бир нече жылдан кийин эле кайталанышы. Ал эми өкмөттүн кетиши керек беле, керек эмес беле деген сөзгө мен жооп берип коёюн. Конституция кабыл алынып, жаңы ишке кире турган болгондо 20 күн бар болгону элге чыгып тааныла баштаганда өкмөттүн шашылыш бойдон отставкага кетиши бул туура эмес.

Парламентти таратуу, же таратпоо бул өзүнүн жолу менен жүрө турган нерсе болчу. Жаңы Конституция кабыл алынгандан кийин ошол парламент сөзсүз барыбар жаңы шайлоого барышы керек. Мына ошол жагын тактап койсок. Себеби жаңы Конституциянын негизинде иштеп жаткан парламент өзүнүн ишин аткара албай калат. Себеби мында айтылып жатпайбы, парламент азыр бир мандаттуу жана партиялык тизме менен түзүлгөн депутаттардан 90 депутатты алып барат деп.

Экинчи жагы парламенттин жаңы Коснтитуция боюнча укуктары да кеңейди. Себеби өкмөттү парламент формировать этет эми. Анан кийин Кулов баш болгон өкмөт отставкага кеткенден кийин маселе туруп калды ушундай деген, эми жаңы өкмөттү ким түзөт? Ошого келгенде биздин парламенттерибиздин кадамдарынан каталар кетип калды. Биринчиден, шашылыш кабыл алынгандагысы, экинчиси өздөрүнө алган полномочиени бүгүндөн баштап ишке кийрип алгандыгы. Так ушундай болуп калды. Өкмөт жок.

- Милдетин аткаруучу болуп турган өкмөт бар. Ушул эле убакта сиз айтып атасыз парламент тараш керек, жаңыланыш керек деп. Ошонун негизинде партиялык тизме менен келсе, жаңы өкмөт ошонун негизинде түзүлөт деген нерселер ошол Конституцияда бар да. Бирок “Реформа үчүн” кыймылына мүчө айрым депутаттар, мисалы Азимбек Бекназаров айтты өткөндө, андай болсо президент дагы жаңы шайлоого барыш керек деп. Сиздин пикириңизде президент да жаңы шайлоого барыш керекпи?

- Жаңы Конституция боюнча президенттин кайрадан шайлоого барышынын кереги жок. Себеби президенттин полномочиеси кыскарып атат. Мына ушул эң негизиси. Ал эми президенттин полномочиесин кечээ күнкү болгон депутаттардын аракеттери кайрадан кеңейтебиз деп жатпайбы.

- Негизи өзгөртүү, толуктоолорду киргизүүнүн бир кемчиликтерди жоёбуз деген нерсени “Реформа үчүн” кыймылына мүчө оппозициялык маанайдагы депутаттар айтып атат, мурда парламенттин, өкмөттүн колуна өткөн ыйгарым укуктарды кайра президентке алып берүүгө болгон аракет деп. Атап айтканда, мисалы аткаруу бийлигинин башчыларын, губернатор, акимдерди дайындоону, күч органдарын айтып атышат. Эң негизги маселе президент парламент тараган учурда эки ай 60 күн парламенттин милдетин өзү жалгыз аткарат экен, анан мыйзамдар ошол убакта чыгарылат экен. Ошол жагын беребиз деген аракеттер болуп атат. Сиздин пикириңизде, парламенттин дегеле өзүнүн орду кандай?

- Бүт эле дүйнөдөгү мамлекеттердин ичинде парламенттин орду өтө жогору болот. Көпчүлүк убакта парламенттин ролу президенттен да бийик болуп турат. Себеби булар закон чыгарат да. Ал эми сиз айткан өзгөртүүлөр боюнча, эң негизгиси ошол өзгөртүүлөр керекпи, керек эмеспи эмес, маселе ошол Конституцияны биздин депутаттарыбыздын сыйлабаганында болуп жатат. Өздөрү бир ай мурда кабыл алынган Конституцияга азыр кайрадан өзгөртүү киргизебиз дегени Констиуцияны сыйлабагандык. Демек, бул Конституция туура эмес, чабал, негиз кабыл алынган.

Экинчиси, бул Конституцияны сыйлай турган болсо, мында жазылып турбайбы, бул Конституцияга өзгөртүү киргизиш үчүн берилген сунуштар жок дегенде 3 ай менен 6 алты айдын ичинде каралыш керек. Анан ошол сунуштарды 3 ай карабай жатып эле түнү менен кайра кийрип эле Конституцияга өзгөртүү киргизе берсе, бул Конституцияны сыйлабагандык болот да.

Анан бул Конституцияны шашып кабыл алгандын дагы бир чоң минусу бар. Келечекте ошону коом дагы, эл дагы көп-көп жолу жолуктурат. Биз прициндент түзүп койдук. Мурдагы Конституцияны таштап коюп туруп түнү менен эле Констиуция кабыл ала койбодукпу. Анан кийин мындай деп калды, жаңы Конституцияны кабыл алуунун шарттары каралбай калды дагы, эми мына өзүңүз көрүп отурасыз, кайра Конституцияга өзгөртүү кийрели деп жатабы, бир аз убакыт өткөндөн кийин жаңы Конституция кабыл алабыз деши мүмкүн. Биздин депутаттар туура эмес иш кылып жатышат. Ага барган болбойт.

- Депутаттар айтып атышат, карама-каршылыктарды жоюу эмес, түпкү максаты кайра президенттин бийлигин күчөтүү максатында болуп атат деп. Ошол ыйгарым укуктар боюнча, сиздин пикириңизде, чындыгында эле ошондой максат барбы? Сиз кандай ойлойсуз, аким, губернаторлорду президент дайындаш керекпи, же премьердин өзүнүн укугу катары калтырыш керекпи?

- Эгерде бул Конституцияга дагы өзгөртүүлөр киргизилип, сиз айткан полномочиелер президентке бере турган болсо, президенттин полномочиеси күчөйт. Демек, бул Констиуциядан кайра артка чегингендик болуп калат. Демек, парламенттеги айрым күчтөр президенттин полномочиесин кайрадан күчөтүүгө жол тартып барышат. Мындай да көп болуп атпайбы.

- 41 депутат айтып аткан экен, биз өзгөртүү, толуктоолорду, же жаңы редакциядагы Конституция дейбизби, же жаңы Конституциянын долбоору дейбизби, ошону кайра алып чыгабыз деген сөздү айтышыптыр. Сиздин пикириңизде эгер ошол парламент тарабынан кабыл алынып, эгер президент ага кол кое турган болсо андан кийинки саясий жагдай кандай болушу мүмкүн? Парламент өзүнөн өзү тарашы мүмкүнбү, же президент парламентти таратышы мүмкүнбү?

- Урматтуу депутаттар, мен сиздерди абдан сыйлайым. Бирок эгерде азыр ушул Констиуцияга өзгөртүү киргизе турган болсоңор, мен сиздерге каршы чыгам дагы таратуу жөнүндө маселе коем. Ал эми эгерде президент өзгөртүүлөргө кол кое турган болсо, мен анда элди үндөп туруп президент кетсин деп талашам. Себеби бул Конституцияны оюнчукка айландырган болбойт. Конституция иштей элек. Жаңы эле кабыл алынды, сыясы кургай элек. Эми сыясы кургай элек Констиуцияга кайрадан өзгөртүү киргизе берсек өзүбүздүн Конституциябызды, келечегибизди сыйлабаган эл катары бүт дүйнөгө уят болобуз. Ошону токтотуш керек азыр.

- Мен сизди түшүнгөнүмө караганда, азыр мына 9-ноябрда кабыл алынып, 6-декабарда жарыяланган Конституцияга ылайык ушул иштесин деген күндө дагы ошол иштеш үчүн азыркы парламент тараш керек деген ойдосуз туурабы?

- Жок мен аларды тараш керек деген ойдо эмесмин. Бирок депутаттар өздөрү өздөрүн ушуга алып келишти. Мунун вариантын издеп көрүшсүн кандай варианты бар экен. Эң негизи өкмөттүн туура эмес кылган иши ушул болуп калды, жаңы жылдын алдында Конституцияны кабыл алып эл түшүнүп, түшүнө электе, окуй электе отставкага кеткени. Мунун жолу башкача болчу менин оюмча, Конституция кабыл алынгандан кийин президент, өкмөт, парламент отуруп алышып эми кандай иштейли, мына Конституцияны кабыл алдык барыбыз чогулуп, барыбыз бир кол кармашып иштейли, эгерде бул жердеги положениелер биздин азыркы ишибизге топ келбей турган болсо, анда кандай кылып ушундан чыгып кетсек, бирок мамлекетти, тынччылыкты, элди сактап калыш үчүн өкмөттүн дагы ишин жакшыртсак, парламенттин ишин дагы активдештирсек, анан мен дагы силерге жардамдаш болойюн деген сөзүн президент өзү айтыш керек болчу. Булар бири менен бири жолукпай туруп эле бири басып кетти, мен отставка кеттим деп, экинчиси болсо Констиуцияны кайрадан кабыл алабыз деп атат, ал туура болбойт.

- Сиз кандай ойдосуз, ушул өкмөт чечимди өзү кабыл алды деген ойдосузбу, же буга мамлекет башчысынын да таасири тийди деген ойдосузбу, кызматтан кетүү тууралуу маселеде?

- Мен ар түркүн аныкталбаган ойду айткым келбейт. Бирок президент өкмөттүн отставкасын өзү кабыл албай коюшу мүмкүн болчу. Ал кабыл алып койду. Демек президент буга сознательно барып атат. Өкмөттү кетсе кетсин, андай боло турган болсо парламент бул өкмөттү формировать эте албайт, бары бир жаңы шайлоого барабыз деген ой болуп калып турат.

- Өкмөттүн өзүнүн ишине кандай баа бересиз. Мисалы парламенттеги айрым депутаттар айтып атышат, ХИПИК маселеси талкууланып аткан учурда, ошол күнү алтургай парламентке чакырган премьер министр баш болгон өкмөттүн мүчөлөрү, ХИПИК маселеси талкууланып аткан, анын үстүнө 2007-жылдын бюджети кабыл алына элек, 2005-2006-жылдын бюджеттеринин аткарылышы тууралуу маселе талкууга алына элек, өкмөттүн өзүнүн структурасы тууралуу маселе талкууга алына элек. Ушундай жагдайда өкмөт чоң жоопкерчиликтен качып кетти, анткени милдетин аткаруучу болгондо бул парламенттин алдында жооп бербей калат экен?

- Туура, өкмөт бул кадамга барбаш керек болчу. Сиз айткандай экинчи күнү Жогорку Кеңеш ХИПИК маселесин өкмөттүн оюн угалы деп чакырып жаткан болчу. Ошого келбестен булар отставкага кетип калышпадыбы, бул да туура эмес. Парламентке болгон дагы, өкмөттүн өзүнө болгон дагы, жалпы элге болгон сый эмес кадамы.

Ал эми ХИПИКке кирүү, кирбөө жөнүндө. Азыркы убактылуу өкмөт ХИПИК маселесин кабыл алганы туура болбойт. Ал үчүн жаңы туруктуу, Конституциянын негизинде шайланган өкмөт келгенден кийин гана ХИПИК маселесин караш керек. ХИПИК маселеси өтө оор маселе.

- Сиздин өзүңүздүн ХИПИК боюнча позицияңыз кандай?

- Мен бул маселе боюнча оюм терс. ХИПИКке кирбей эле карыздарыбыздан кутулуунун шарттары бар.

XS
SM
MD
LG