Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:22

КОНСТИТУЦИЯНЫН ЖАҢЫ РЕДАКЦИЯСЫ КАБЫЛ АЛЫНДЫ


Кыргызстандын Жогорку Кеңеши жаңы жыл алдындагы акыркы отурумунда Конституциянын жаңы редакциясы жөнүндөгү мыйзамды кабыл алды. Аны кабыл алууга 50 депутат добуш берди. Электрондук табло добуш берүүнүн жыйынтыгын туура эмес көрсөткөндүктөн биринчи добуш берүү ызы-чуу талаш-тартыш менен коштолуп, акыры колго салуу менен добуш берүүгө өтүштү. Өмүрбек Текебаев, Темир Сариев, Иса Өмүркулов Конституциянын жаңы редакциясын колдоо жөнүндө мурдагы чечимдеринен баш тартышты. Алар Конституциянын жаңы редакциясы баш мыйзамдын өзүндө каралгандай Конституциялык соттун корутундусу менен алты айдан кеч эмес үч айдан эрте эмес мөөнөттө каралып кабыл алынышын талап кылышты. Депутат Өмүрбек Текебаев баш мыйзамдын өзүндө каралган талап боюнча Конституцияны кабыл алууга депутаттардын үчтөн экисинин добуш керек, ошондуктан Конституциянын жаңы редакциясы кабыл алынган жок деп билдирди. Анын айтымында, Конституциянын кабыл алууга 51 добуш керек.

XS
SM
MD
LG