Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:14

“КОНСТИТУЦИЯДА ПРЕЗИДЕНТТИН ПАРЛАМЕНТТИ ТАРКАТУУ УКУГУ ЖОК”


(2006-жылдын 30-декабрында Жогорку Кеңеште сүйлөгөн депутаттардын стенограммасынан)

Темир САРИЕВ:

- Мына биз өзгөртүү, түзөтүүлөргө киргизгенде президентке чоң укуктарды беребиз деп атканда авторитардык режим болот, бир адамдын башкаруусу болот деп атканыбыз ошондон. 8-ноябрда киргизилген Конституция ошол системаны сындырган. Бүгүн биз консенсус деп биригели, чогуу бололу деп макул болдук. Кээ бир жерине макул болсок да чогуу болсун Конституцияны оңдойлу деп. Мына келип президенттин айткан сөзү. Кимисине ишенебиз эми. Кечээтен бери президентке ишенип жүргөн депутаттар кимге ишенет эми, эмне дейсиңер азыр. Мына ошон үчүн ойлойм, бүгүнкү Конституциянын негизинде президенттин таркатуу укугу жок. Коопсуздук кеңешмеси бул жөн эле рекомендательный характерди берет, алар чечим кабыл ала алышпайт таркатуу жөнүндө. Таркатса президент Указга кол коет. Конституциянын кайсы статьясына ылайык кол коет, эмне дейт, андан кийин жыйынтыгы эмне болот. мына ошону ойлонолу.

Муратбек МУКАШЕВ:

- Уважаемый кыргызский парламент Закон Кыргызской Республики вступает в силу когда его подписывает президент Кыргызской Республики. Новая редакция Конституции принятая 9-ноября была парафирована президентом, каждая страница и 14 официальными лицами. Что побудило по прохождению всего 50 дней принимать новую редакцию Конституции. Этот вопрос для меня главное. Я сказал, что после внимательного прочитания президент понял, что многие его права были переданы. Это послужило тем доминантом давления на Жогорку Кеңеш и тандем придумал такую игру которая привела к тому, что сегодня Жогорку Кеңеш стал разменной монетой по принятию новой редакции Конституции после 50 дней. Очень сожалею, что наши суды играют неблагоприятную роль именно в этом процессе. Очень сожалею о том, что президент Кыргызской Республики который является гарантом Конституции сегодня в тоне угроз сегодня сделал заявление кыргызскому парламенту, который может говорить от имени народа. Связи с этим на надо бояться о том что могут сделать новые выборы и т.д., потому что сегодня такова ситуация. Давайте каждый будет поступать по своей совести.

XS
SM
MD
LG