Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:29

САДДАМ ХУСЕЙН ДАРГА АСЫЛДЫ


Соңку маалыматтарга караганда, Ирактын мурдагы диктатору Саддам Хусейн бүгүн таңга маал дарга асылды. Ирак премьеринин кеңешчиси Нури ал-Малики саал мурдараак Саддам тууралуу сөз кылып, анын бүгүн-эртең менен дарга асылаарын, бул убакыт тууралуу АКШ менен Ирактын расмий бийлик өкүлдөрү 29-декабрда алдын-ала макулдашканын билдирген.

АКШ президенти Жорж Буш Саддам Хусейндин жазага тартылышын анын мурдагы режиминин зулумдугунун курмандыктары үчүн сот адилеттиги жүзөгө ашырылган жагдай катары баалады.

Британ тышкы иштер катчысы Маргарет Беккет Саддам өз элине каршы жасаган кылмышы үчүн жаза тартканын белгилеп, бирок Британия эч бир жерде, эч бир өлкөдө өлүм жазасын колдобой турганын айтты.

Ирак сыналгысы Саддамдын тушунда орун алган зулумдук окуялар чагылдырылган тасмаларды байма-бай көрсөтүүдө.

5-ноябрда Ирак соту Саддам Хусейнди 148 ирактык шийилер кырдырылган чейрек кылымдай илгерки окуя боюнча адамзатка каршы жасаган кылмышы үчүн айыптуу деп таап, дарга асууга өкүм кылган. 26-декабрда Ирактын арыз караган соту Саддамга карата чыгарылган өлүм жазасын күчүндө калтырган.

XS
SM
MD
LG