Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:08

Ө.ТЕКЕБАЕВ: АЛ БИЗДИ ТАРАТА АЛБАЙТ, БИЗ АНЫН ТАГДЫРЫН ЧЕЧИП КОЮШУБУЗ МҮМКҮН


(Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаевдин 2006-жылдын 30-декабарында парламент отурумунда сүйлөгөн сөзүнүн стенограммасы)

- Урматтуу депутаттар! Азимбек билет президентти, барыбыз эле билип калдык. Үч айлык мөөнөттү тактайлы дегенибиз ошондон. Парламентке жасаган мамилесин көрдүңүздөр. Сотту өзү кеч киргизди. Сот системасына күнөөлү өзү. Конституциялык сотко алты айдан бери кандидатты киргизбей, жакында киргизди. Биздин бир айлык убактыбыз бар. Убагында каралат. Өтсө өттү, өтпөсө өтпөйт. Баары мыйзам чегинде каралат. Бүт барына күңөөлү өзү. Аны айта бергенден башка жок. ХИПИКти жактырбай атасыңар дейт, башка жолун издеп келсин, биз аны жактырбайбыз. Энергесекторду эмне үчүн мага приватташтырып бере койбодуңар дейт. Биз аны бербейбиз. Түшүндө да көрбөсүн. Бирөөгө убада берип коюптур, бул жигит барын сатып жиберет экен деп туруп берип кое албайбыз.

Ынытмак үчүн, кризистик абалдан чыгып кетели деп таларкерлерге жаман көрүнсөк да баарыбыз ушул жерден кол коюп, ушундай кылалы десек келип айтып кеткен сөзү бул. Үч айдан кийин ушинтип сүйлөй албайт, тарата албайт. Тагдырын биз ушул жерден чечип коебуз өкмөтүн кошуп туруп. Совет безопасности антиконституция алып, анын мүчөсү өзү болот, өкмөт мүчөлөрү жок, ИО. Экөңүздөр барбай койсоңуздар өзү жалгыз өткөрөбү совет безопасности? Мыйзам, мыйзам дейт. Айтканынын бары жалган. Ооба, бюджет боюнча маселе бар. Эми өкмөт өзү чече албай атат, канча деңгээлдүү бюджет алабыз деп. Өзү киргизе албай атат. бул боюнча менин оюмча таза айта турган кылыш керек. Бирок ошол бюджетин быйыл кабыл алып берип коюп кетсек болот биринчи окуудан замечаниелерин айтып. Ал эми калгандарын биз эл менен кеңешишибиз керек.

Силер каникулга эс алганы кетип атасыңар дейт. Биз эл менен кеңешип келишибиз керек, энергосекторду саталыбы, президент жакалап атат ХИПИКке киргиле деп, чын эле кирелиби деп эл менен кеңешип келишибиз керек да. Ал эми чын эле биз 15не чейин узартпастан 1нен 7не чейин өкмөт Кулов майрам деп койгон күндөрү биз округга барып келсек дагы, 7нен баштап биз иштейли. Анан урматтуу Марат Абдразакович сиз да бекем болуп массалык маалымат каражаттар аркылуу президент айткан проблемаларда ким күнөөлү экенине биз өзүбүз шайлоочуларга берип коюшубуз керек.

Урматтуу депутаттар, компромисттин продуктысы болгону атат. Мен да азыр ушул мыйзамдын түбүнө колумду коем, көчөдө туруп протест кылгандар, бизди колдоп жүргөндөр балким бизге капа болот, мага да капа болот, силер президентке укук берип койдуңар деп. Бирок биз өлкөнү ынтымак, компромис менен башкарышыбыз керек. Алар түшүнөт го деп ойлойм. Эгер капа болсо эртеби-кечпи балким кечириши да мүмкүн.

Бирок биз бир эрежени сакташыбыз керек барыбыз ынаныш үчүн. Мына мыйзам турат, кулаган мыйзам бир жылдан кийин кирет. Конституция мындай кабыл алынбайт. Биз президенттин өкүлү менен макулдаштык. Президенттин атынан айтышты, барыңар ынтымакка келип колдоп берсеңер апрелде Конституциялык сот аркылуу кабыл алынганы туура деп атат. Ага чейин бүгүн өкмөт боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизип берсек, январда өкмөттүн мүчөлөрүн киргизип, бюджетти кабыл алып бергиле деп алар суранып атышат. Ушундай жол менен кетиш керек. Кээ бир депутаттар азыр добушка коелу дейт, андай болбойт. Жана мыйзам өтпөй калды. Анан караңгы комнатага кирип эле анан гүркүрөп бөлүшүп келип туруп эле кайра добушка коебуз десек жөнөкөй мыйзам да, жөнөкөй токтом да Каныбек Иманалиев айткандай, ветврачтын справкасы да мындай кабыл алынбайт, канча пресса, эл турат. Ошондуктан урматтуу депутаттар бир ынтымакка келели дагы, мыйзамда көргөзүлгөн процедураны сактайлы. Мыйзамдын күчү мына ошол процедураны сактаганда. Эл бары ошого ынанат. айласыздан болсо дагы бир пикирге келишкен экен, биз буларды ошон үчүн шайлаганбыз дейт. Ушуну Марат Абдразакович билет, ал ушуну айтып атат. Так болбой калганы үчүн мен кайталап атам.

XS
SM
MD
LG