Саламаттыкты сактоо министрлигинен маалымдашкандай кырсык учурунда жаракат алган эки жаран райондук ооруканага кайрылышкан. Аларга медициналык жардамдар көрсөтүлүп, керектүү дары-дармектер берилди. Мындан тышкары жер титирөө учурунда 9 фельдшер-акушердик пункттун имаратына зыян келип, экөө керектен чыккан. Бүгүнкү күнгө чейин Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан жер титирөөдөн жабыркагандарга 76 миң сомдук гуманитардык жардам берилген.