Азербайжандын сыналгы, үналгы боюнча уулттук Кеңешинин төрагасы Нушираван Магеррамли билдиргенге караганда 29-декабрде кабыл алынган чечим негизинде эми жумурият буга дейре көргөзүп жүргөн орусиялык «Биринчи» же ОРТ, «Орусия» же РТР каналдары ошондой эле түркиялык «STV» жана «D» каналдарын жаба алат. Алардын такыр жабылышы 2007-жылдын 1-июлуна дейре барат.
Бир нече ай мурда өлкөнүн өкүмөт башчысы Артур Расизаде: «кез-кезде орусиялык теле каналдар Азербайжанга калганда өздөрүнүн достук эмес, орой мамиледе экенин көргөзүшөт», - деген эле. Ал көбүнчө Тоолуу Карабак маселесинин тегерегинде болорун эскерткен.
«Азаттыктын» Бакудагы кабарчысы Ялчин Таироглу билдиргенге караганда Улуттук Кеңеши чет өлкөлүк сыналгылардын Азербайжанда көрсөтүлүшү азербайжандык сыналгылардын да ал мамлекеттерде көрсөтүүгө мүмкүндүк түзүп беришине жараша болот деп эсептейт.
Маскөөгө коюлуп аткан талап болсо азербайжан тилиндеги берүүлөрдүн Орусиянын азербайжандар жыш жайгашкан аймактарында көрсөтүп, уктурулушу болуп атат дешет.
Ошол эле учурда Маскөө маалымат каражаттары ортосунда байланыш мурдагы боюнча кала берерин айткан. Орусиялык Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Михаил Камынин биздин дос (Азербайжан – ММ) өлкөбүздөгү сыналгы көрүүчүлөр мурдагы боюнча өздөрүнүн (орусиялык – ММ) сүйкүмдүү берүүлөрүн көрө алышат, - деп айткан ИНТЕРФАКС агенттигине берген жообунда.