Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:08

САДДАМ ХУСЕЙНДИН ӨЛҮМҮН ДҮЙНӨ КООМЧУЛУГУ КАНДАЙ КАБЫЛ АЛДЫ?


Ирактын мурдагы диктатору Саддам Хусейнге чыгарылган өкүмдүн жүзөгө ашырылышы дүйнө коомчулугунун, ирактык атуулдардын жана укук коргоочулардын арасында ар түрдүү карама-каршы пикирлерди жаратты. Айрымдары муну диктатордун зулум доорунун аягы катары кабыл алса, башкалары болсо Хусейндин өлүмү менен өлкөдө зордук-зомбулуктун жаңы толкуну башталат деп санааркоодо.

- Өлүм жазасы бүгүн таңга маал, саат 6дан 10 мүнөт өткөндө Багдаддан тыш жерде аткарылды. Ал жерде 14 киши катыштык: алар Ирактын жогорку трибуналы, баш прокурор Монкет ал-Фераун, Адилет министрлигинин өкүлү, Министрлер кеңешинин өкүлдөрү жана андан сырткары 4 түрмө кароолчулары. Америка тараптан эч бир өкүл катышкан жок.

Мына ушул сөздөрдү Ирактын соту Мунир Хаддад “Азаттыктын” Ирак кызматы болгон “Эркин Ирак” үналгысына айтты. Ирактын тургундары Саддам Хусейнди дарга асаардан мурун ал өкүмдү ишке ашыра тургандар менен сүйлөшүп жатканын мамлекеттик сыналгыдан көрө алышты. Сот Мунир Хаддад Хусейндин дарга асылганын мындайча сүрөттөйт:

-Хусейн кара кийимчен турду. Анын колунда өзүнө таандык болгон белгилүү Курандын нускасы бар эле. Ал корккон жок жана бизге “Мен күрөшүп көнүп калгам, өлүмдөн корккпойм” деп айтты. Ошондой эле ал саясат тууралуу сүйлөп “Мен силерге ирандыктар тууралуу эскертким келет, Иракка болсо сабырдуулук каалайм”,-деди,-деп айтты Мунир Хаддад.

Хусейндин өлүмү дүйнөдө ар түрдүү пикирлерди жаратты. Эң биринчилерден болуп АКШнын президенти Жорж Буш өзүнүн пикирин билдирди. Буш Саддамдын өлүмү адилет соттон кийин ашырылганын жана Хусейндин диктатордук режими соңуна чыкканын белгиледи. Президент Буштун бул билдирүүсүнө Британиянын бийлиги кошулса дагы, өлкөнүн тышкы иштер катчысы Маргарет Беккет Британия Иракта жана башка бир дагы өлкөдө өлүм жазасын колдобой турганын айтты.

5-ноябрда Ирак соту Саддам Хусейнди 148 ирактык шийилерди өлтүрткөнү жана адамзатка каршы жасаган кылмышы үчүн айыптуу деп таап, дарга асууга өкүм кылган. 26-декабрда Ирактын аппеляциялык соту Саддамга карата чыгарылган өлүм жазасын күчүндө калтырган.

Израиль менен Иран Хусейнге чыгарылган өкүмдү колдошуп, 1 миллион адамдын өмүрүн алган 8 жылга созулган согуштун күнөөкөрүнө адилет өкүм чыгарылганын айтышты. Ал эми Ооган президенти Хамид Карзай Иракка тынчтык жана бакубат турмуш каалап кетти.

- Ирактын мурдагы президентине карата өлүм жазасынын жүзөгө ашырылышы Ирак өкмөтүнүн ички иши. Бул окуя Ооганстанга эч кесепетин тийгизбейт,-дейт президент Хамид Карзай.

Ливиянын өкмөтү болсо 3 күндүк аза күтүүнү белгилесе, Ватикан Саддамдын асылышын кайгылуу кабар деп баалап, ал өч алуу маанайын жаратышы ыктымал деген пикирин ортого салды. Россия, Индия жана Ливия да өкүмдүн ишке ашырылышын өкүнүч менен кабыл алышты. Ал эми Евробиримдик Хусейндин дарга асылышын айыптап, бул жаза Хусейнди Ирак элинин алдында азапкерге айландыраарын белгиледи.
Бирок Иракта Хусейндин өлүмүн белгилешип, көчөлөрдө бийлеп, ырдаган адамдар көп болду. Ал эми айрым суннилер өз лидеринин өлүмүн кайгыруу жана кыжырдануу менен кабыл алышканын айтышты.

XS
SM
MD
LG