Мамлекет башчынын майрамдык куттуктоосунда кыргызстандыктарга бейпилдикте, ынтымакта жана биримдикте бакубат жашоо каалоо менен бирге өтүп бараткан жылы болгон экономикалык өсүштөр, саясаттагы бурулуштар тууралуу айтылмакчы. Мындан тышкары кирип келе жаткан 2007-жылга карата оптималдык мүнөздөгү чакырыктар да бар. Президенттин маалымат катчысы Нурлан Шакиевдин кабарлаганы боюнча президент быйылкы жаңы жылдык куттуктоосу жашыл балатынын жанында, Улуттук гвардиянын аскерлеринин коштоосунда туруп айтмакчы. (ZKo)