Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:12

1-ЯНВАРЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


1913-жылдын 1-январында жүргүзүлгөн статистикага караганда, Токмокто 7516 адам жашап, мында бир канча тери иштетип, май чыгарган завод жана тегирмендер орун алган. 1913-жылы Пишпек уездинде 59 мектеп, Пржевальск уездинде 128 мектеп иштеген.

XIX кылымдын экинчи жарымында Чүй боорундагы Токмок калаасы орус администрациянын корголгон чеби катары түптөлүп, кийин ал Түркстан генерал-губернатордугуна караштуу Жетисуу областындагы Токмок уездине айландырылган. Бара-бара ал шаар статусун алып, мында жашаган калктын саны арткан. Орус администрациясы 1870-жылы Токмоктун шаар статусун алып, аны Верный шаарына ыйгарганына карабастан, ал Чүй өрөөнүндөгү стратегиялык жер шартына жараша аймактагы маанилүү түйүн кызматын аткара берген. 1913-жылдын 1-январында жүргүзүлгөн статистикага караганда, Токмокто 7516 адам жашап, мында бир канча тери иштетип, май чыгарган завод жана тегирмендер орун алган.
Падышачылык Россия жергиликтүү сүткорлордун кызыкчылыгын коргоо максатында, Фергана өрөөнүндөгү кооперациялык кредит системасынын жанданышына колдон келген тоскоолдуктарды жасап келген. Биринчи дүйнөлүк согуш айынан империяда пахта тартыштыгы байкалып, падышалык бийлик Фергана өрөөнүндөгү кооперациялык кредит системасынын аргасыз курууга барган. Анын натыйжасында, Ош шаарында насыя акча берчү жайлар ачылып, 1915-жылдын 1-январында бир канча кредиттик жайлар катталган.

XIX кылымдын биринчи жарымынан тарта Кыргызстанда мектеп, медреселер ачылып, бара-бара алардын саны жана анда окуган адамдардын саны өскөн. Пишпек уездинин калкы 1913-жылдын 1-январына карата 109 200 адамга жетип, мында 59 мектеп орун алып, аларда 1182 бала жана 131 кыз билим алган. 104 000 калкы бар Пржевальск уездинде 128 мектеп иштеп, аларда 2276 бала, 42 кыз окуган.

Кыргыз калкынын саны жана алардын жашаган аймагы туурасында маалымат XIX кылымдын соңунан тарта жүргүзүлө баштаган. Россия империясынын колониалдык бийлигинин 1897 жана 1913-жылдар арасында жасалган статистикалык тактоосу боюнча кыргыз калкынын саны 16-жыл ичинде 218 800 адамга өсүп, 1913-жылы алардын жалпы саны 603 714 адамга жеткен.

Кыргыз тилинин жаңы жазуу эрежелери туурасындагы мыйзам 2003-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирди. Жаңы эрежеге ылайык башка тилдерден кирген сөздөрдү угулушуна жараша жазуу; татаал жана кошмок сөздөрдү бирге жазуу талаптары киргизилди.
Бу күнү, 1961-жылы Советтер Союзунда акча реформасы жүргүзүлүп, 1967-жылы «Время» маалымдоо программасы эфирге чыгарылып, 1863-жылы эларалык олимпиадалык кыймылдын негиз салуучусу Пьер де Кубертен, 1893-жылы советтик генерал Иван Панфилов, 1912-жылы атактуу тыңчы Ким Филби, 1933-жылы айтылуу актер Семен Фарада жарык дүйнөгө келген.
XS
SM
MD
LG