Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:03

СОМАЛИ МАМЛЕКЕТИНИН БҮТКҮЛ АЙМАГЫ ӨКМӨТТҮН КӨЗӨМӨЛҮНӨ ӨТТҮ


Нарын АЙЫП, Прага Жаңы 2007-жылдын алгачкы күнү - Африканын Сомали мамлекетинин өкмөттүк күчтөрү өлкө аймагын толугу менен көзмөлгө алды деген кабарлар келди. Сомалидеги баш аламандык 1991-жылдан бери уланууда.

Кошуна Эфиопиянын жардамы менен өкмөттүк күчтөр 28-декабрда борбор калаа Могадишо шаарын колго алгандан кийин өлкөнү июндан бери көзөмөлдөп келген исламдык күчтөр Сомалинин түштүгүндөгү Кисмайо шаарына чегинген. Өкмөттүк аскерлер шаарды курчоого алган жана, "Нью-Йорк таймс" гезити кечээ күнү кабарлаганга караганда, өткөн дем алыш күндөрү өлкөнүн уруу башчылары исламчыларга кайрылып, өлкөдөн чыгып кетүүнү талап кылган. Айрым кабарларга караганда, эл аралык уюмдар тарабынан колдоого алынган исламдык күчтөр кемелерге түшүп, чындап эле Сомалиден кетти жана өкмөт кайрадан өлкөнү өз көзөмөлүнө алды.

Сомалидеги баш-аламандык 1991-жылдан бери уланууда. Абалды жөнгө салуу үчүн эл аралык коомчулуктун чечими менен өлкөгө америкалык аскерлер да киргизилген, бирок аларга каршы дагы куралдуу аркеттер көрүлгөндүктөн, Вашингтон өз аскерлерин Сомалиден чыгарып кеткен. Мындан эки жыл мурда болсо кошуна Кения мамлекетинде Сомалинин убактылуу өкмөтү түзүлгөн жана аны башкарууга - билими боюнча ветеринар Мухаммед Али Гели дайындалган.

Бирок алар Сомалиге келгенден кийин, исламдык күчтөр өкмөткө каршы дароо аскерий аракеттерди баштаган жана кошуна Эфиопия жардамга келип, исламчыларды сүрүп чыгарды. Борбор шаар Могадишого келгенден кийин премьер Гели кечээ күнү жалпы мунапыс жарыялады: "Эл аралык террорчуларга алданып колуна курал алгандар же Могадишо шаарынан өз эрки менен же алданып качып чыккандар курал таштап, аны өкмөткө тапшырууга чакырылат. Өкмөт андайларга мунапыс жарыялайт", - деп билдирди премьер 1-январда.

Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңеши декабрдын башында атайын чечим кабыл алып, өлкөгө эл аралык күчтөрдү киргизүүгө макулдугун берген. Сомалиде исламдык тартип орноткон "Исламдык соттордун бирикмеси" деген уюмга кайрылып, Бириккен Улуттар аны - убактылуу өкмөт менен сүйлөшүү жүргүзүүгө чакырган, бирок алар диалогго барган жок.

Өкмөттүн айтымында, исламдык оппозиция эл аралык террордук уюмдарга кайрылгандыктан, өлкөгө Йемен, Ливия, Пакистан, Сирия, Эритрея жана Эфиопиядан миңдеген лашкер келип, өкмөттүк күчтөргө каршы согушкан. Жергиликтүү калктын айрым катмарлары дагы сыртта түзүлгөн убактылуу өкмөттү көп жактырган эмес жана аны - АКШнын жардамы менен жаралган куурчак өкмөт деп эсептейт.

Анткен менен көпчүлүк африкалык мамлекеттерди бириктирген Африка союзу жана Батыш өлкөлөрү убактылуу өкмөттү жана ага аскерий жардам берген Эфиопиянын аракеттерин колдоого алды. Алардын айтымында, исламдык оппозиция эл аралык террордук уюмдар менен кызматташып, Сомалиде экстремисттик күчтөрдү бийликке алып келген.

XS
SM
MD
LG