Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2022 жума, Бишкек убактысы 13:24

«БҮГҮНКҮ ОРУСИЯ»: СӨЗ ЭРКИНДИГИ КОРКУНУЧТА


Төрөкул Дооров, Москва «Азаттык» алдыдагы бир апта бою сиздерге «Бүгүнкү Орусия» деген аталыштагы макалалар түрмөгүн сунуш кылат. Жаңы жылдын биринчи аптасында күн сайын «Таңкы Азаттыкта» биздин Москвадагы кабарчыбыз Төрөкул Дооров сиздерди Орусиянын бүгүнкү турмушуна байланыштуу урунттуу маселелер менен тааныштырып турмакчы. Сиздер Орусиядагы сөз эркиндиги, мамлекеттин энергетикалык саясаты, миграция жаатындагы проблемалар жана демографиялык кризис, ошондой эле алдыдагы негизги саясий окуялар – парламенттик жана президенттик шайлоолор - Орусиянын саясий абалын кандай өзгөртүшү мүмкүн экени жөнүндө макалаларды окуй аласыздар. Бүгүн алгачкы жолу чыгып жаткан түрмөктө орус басма сөз эркиндигинин учурдагы абалы тууралуу сөз болот.

Орусияда өзгөчө гезит-журналдардын эркиндиги – орус коому, журналисттер үчүн өтө баалуу нерсе. Анткени, өлкөдө бүгүн эркин көз-карашты гезит-журналдар менен интернет-басылмалар гана бере алышат.

Мамлекеттеги негизги федералдык телеканалдар алда качан эле өкмөттүн көзөмөлүндө. «Анткени Кремль дал ушул сыналгы каналдары канчалык деңгээлде массалык аң-сезимге таасир эте ала турганын жакшы билет», - дейт Андрей Рябов (Andrei Ryabov), «Карнеги» корунун аналитиги:

- Менимче, бул да бекеринен эмес, анткени бийликтеги элита, эң оболу, коомдук пикирге толук көзөмөлдү орнотууну самайт. Өз кезегинде, коомдук пикирге таасир этүү үчүн, мүмкүн болушунча көбүрөөк эл, масса кызыккан маалымат каражатын колго алыш керек. Бүгүнкү жагдайда бул – жалпы улуттук телеканалдар, алардагы маалымат-аналитикалык программалар.

Телеканалдардын ичинде ОРТ, РТР, ТВЦ мурдатан эле мамлекетке карап келген. Ал эми ТВ 6, кийин НТВ менен болгон чатактар орус маалымат мейкиндигинде көз-карандысыз теле-сыналгы деген түшүнүктү дээрлик жок кылды. Ошентсе да бир «теле-маалымат булагы» калып жаткан. Бул – Рен-ТВ эле. Бирок жакында анын да жетекчиси алмашып, белгилүү журналист Ольга Романованы эфирге чыгарбай коюшкандан кийин, «теле эркиндиги» жөнүндө сөз дээрлик токтоп калды, же башкача мүнөзгө өттү…
Ошентип, Орусияда азыр бийликтин көз-карашына альтернативдүү оюн билдирген журналисттик макалалар, иликтөөлөр, кеңири талкуулар жана маектер, көп болбосо да, гезиттер менен интернет-басылмаларында чыгып турат. Соңку мезгилдерде гезиттердин эркиндиги да коркунуч жарата баштады.

- Гезит-журналдар менен интернет-басылмалардагы плюрализмди кысмактоо аракеттери да башталды. Бул – факт. Мисалы, көз-карандысыз басма сөз каражаттары мамлекетке баш ийип турган ири каржы топторуна сатылып жатат. Мындай учурларда ошол басылмалардын өз алдынча саясат жүргүзүшү, же сын пикирлерди бериши, албетте, токтойт, - дейт аналитик Андрей Рябов.

Маалымат мейкиндигиндеги «маанилүү өзгөрүү»
Расмий маалыматтарга ылайык, бүгүн Орусияда 53 000 тегерегинде гезит-журнал жана 3000 жакын телеканал иштейт. Бирок алардын ичинде жалпы өлкөгө таркаган же чыккан коомдук-саясий маалымат-каражаттары ондоп гана саналат.

Орусияда соңку жылдары маалымат каражаттарынын саны азайган жок, тетирисинче, көбөйүп бараткандай. Бирок коомдук пикирге таасир эте ала тургандарында маанай даана өзгөрүүдө. Мунун баары, Рябов айткандай, алардын бир кожоюндан экинчисине өтүп бараткандыгында. Акыр аягында, алар же мамлекетке, же өкмөткө тиешелүү ири каржы топторуна өтүшү күтүлүүдө. Бул чындап машакатка айланып баратканын өлкөдөгү маалымат каражаттары боюнча федералдык агенттиги да моюнга алды.
СССРдин акыркы жылдарында, 1988-жылы, Орусияда түзүлгөн алгачкы ишкердик гезити «Коммерсантъ» жыл өткөн сайын жумурияттагы эң абройлуу басылмалардын бирине айланды. Аны алгач «Огонек» журналынын кабарчысы, атактуу журналист Егор Яковлевдин уулу Владимир Яковлев басып чыгарган болсо, 1999-жылы анын кожоюндугуна белгилүү медиа-магнат Борис Березовский келет. Андан аркы чоң өзгөрүүлөр былтыр орун алды. Февралда Березовский «Коммерсанттын» 50% акциясын өзүнүн мурдатан берки таанышы Бадри Патаркацишвилиге берет. Ал жыл этегинде «Коммерсантъ» Басма үйүн Алишер Усмановко сатты.

А.Усманов – «Газпромго» тиешелүү
«Газпроминвестхолдинг» компаниясынын мүдүрү. Жакында белгилүү бизнесмен Алишер Усманов «Секрет фирма» деп аталган Басма үйүн да сатып алды. Ишкер өзү мунун баары ага жалаң бизнес үчүн керек деп жооп берген.

«Коммерсанттын» мисалында жалпы эле орус басма сөз мейкиндигинде болуп жаткан өзгөрүүлөрдүн маанисин түшүнсө болчудай.

Жумурияттагы Басма сөз жана массалык коммуникация боюнча Федералдык агенттик билдиргендей, 2006-жылы болгон өзгөрүүлөргө белгилүү «Огонек» журналынын Петербургдагы «Телеком-инвестке», «Известия» гезитинин «Газпром-Медияга» сатылышын кошсо болот. Мындан сырткары, «Независимая газета», «Московские новости», «Труд» жана бир топ абройлуу гезиттердин кожоюндары алмашты.

2008-жылга «даярдык»

Бул жактагы айрым журналисттердин ишениминде, 2006-жылы Орусиядагы басма сөз каражаттарынын бир колдон экинчисине улам өтүп жаткандыгында сөз эркиндиги үчүн опурталдуу көрүнүштөр бар. Тагыраак айтканда, бул «Орусияда гезит бизнеси такыр жоголуп баратат дегенди түшүндүрөт», - дейт «Новая газетанын» кабарчысы Алексей Полухин.
Маша Гессен (Masha Gessen) – көз карандысыз журналист. Бир убактарда «Газпром-Медиага» караган «Итоги» журналында иштечү. «Итоги» басылмасы бир топ өзгөрдү, - дейт Маша.

- Гезиттин редакциялык жана кадрдык саясатында бир топ эле өзгөрүүлөр болду. Бул азыр такыр башка гезит. Ал, кудум, мурдагы жүзүн жоготуп, эми жаңысын таба электей. Басылма азыр Кремлге ылайыктуу тынч, расмий форматтагы «Комсомольская правдага» окшошуп баратат. Баса, аны да «Известияны» башкарган киши көзөмөлдөп турат, - дейт журналист Маша Гессен.

«Бул өзгөрүүлөрдүн баарында саясий өңүт бар» деп ишенет ал.

- Кремль азыр электрондук маалымат каражаттарын толук көзөмөлгө алды. Алдыда, 2008-жылы, Орусияда президенттик шайлоо болот. Ошондуктан, Кремль эми гезит-журналдарды да өзүнө баш ийдирип алышы зарыл экенин түшүнүп жатат. Акыркы мезгилдерде бул аракет күчөгөндүгү да шайлоо мезгили жакындап баратканы менен байланыштуу.

Журналисттерге аңчылык

Баш-кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан «Журналисттерди коргоо боюнча Комитет» 2006-жылдын октябрында дүйнөдөгү журналисттердин иши үчүн эң коркунучтуу деп эсептеген мамлекеттердин тизмесин жарыялады. Ал жерде Орусия «мындай өлкөлөрдүн үчүнчүсү» деп көрсөтүлгөн.

- Соңку 15 жылдан бери журналисттердин өлүм-житими көп кездешкен мамлекет деп Иракты таптык. Алжир экинчи орунда. Бирок бул экөө тең - согушту баштан кечирип жаткан өлкөлөр. Үчүнчү болуп келаткан Орусиянын жогорудагы эки мамлекеттен айырмасы – ал жерде эч кандай согуш болуп жатат деген расмий билдирүү жок жана ушундай жайчылыкта жашап жаткан өлкөдө Владимир Путин бийликке келгенден бери 13 журналист өлтүрүлгөнү маалым. Мунун өзү бүгүнкү Орусиядагы басма сөз эркиндигинин абалын көрсөтүп турат, - деди «Журналисттерди Коргоо Комитетинин» расмий өкүлү Ахбии Райт (Abi Wright).

2006-жылы дүйнөдө басма сөз эркиндигинин абалына баа берип турган уюм «Freedom House» да Орусияны «постсоветтик аймакта басма сөзүнүн абалы өтө оор эки мамлекеттин бири» деп атаган эле, экинчиси - Өзбекстан.
Кийин жыл этегинде бир топ журналисттик уюмдар, алардын ичинде, «Чекарасыз кабарчылар» уюму да, Орусияны «Журналисттердин укуктары тепселген өлкө» деп атады.

Мунун баары бекеринен эмес. Советтер Союзу таркап, Орусия өз алдынча мамлекет катары жашап келаткан «15 жылдын ичинде өлкө боюнча 200 ашуун журналист өлтүрүлгөн» деп билдиришти жакында Москвада өткөн митингдин уюштуруучулары. Митинг «Өлтүрүлгөн журналисттерди эскерүү маршы» деген топ тарабынан уюштурулган. Бирок, айрым маалыматтарга караганда, «алардын баары эле журналисттик ишинин айынан өлтүрүлгөн эмес».
Ал эми президент В.Путин бийликке келгенден бери 12 журналист буюртма киши өлтүрүүнүн курмандыгына айланган. Алардын акыркысы – Орусиядагы эң белгилүү журналисттердин бири, Путиндин катуу сынчысы Анна Политковская эле.

А.Политковскаяны былтыр октябрда өз үйүнө кире бериште белгисиз бирөөлөр атып кетишкен. Ал Чеченстан жөнүндөгү өтө курч макалалары менен таанымал болчу. Журналистин өлүмү бүтүн дүйнөнү Орусиядагы басма сөз эркиндигинин оор абалы тууралуу ойго бөлөгөнсүдү.

А.Политковскаянын таажиясында сүйлөп жатып, Орусиянын омбудсмени Владимир Лукин (Vladimir Lukin) орус бийликтерин бир канча жолу журналисттердин коопсуздугуна көңүл бурууга чакырганын, бирок чара көрүлбөй келатканын белгиледи.

- Мен канча жолу бийликтерге журналисттердин абалы өтө оор деп, алар коргоого алынышы зарыл экенин айтып келдим. Кырдаал дагы кыйындап баратканы өкүнтөт, - деди омбудсмен В.Лукин.

Акыркы жылдары А.Политковская «Орусиядагы жалгыз эркин гезит» макамына ээ болгон «Новая газетада» иштеп келди. Аны өлтүрүп кетишкенде, бүтүн дүйнө лидерлери көңүл айтып жатышты. Бирок президент Путин бир топ убакка чейин өз пикирин билдирген жок. Бир нече күндөн кийин гана Владимир Путин (Vladimir Putin): «Политковскаянын макалалары деле эмес, анын таш боордук менен өлтүрүлүшү Орусиянын азыркы бийликтеринин абройуна сокку ура турган окуя», - деп айтат.

- Коркунуч дайыма эле бар. Биз Аня менен жакшы мамиледе болчубуз. Ал мүнөзү корс, бирок чындыкты сүйгөн адам эле. Бир күнү экөөбүз көрүшүп калдык. «Иштериң кандай?», - деп калды. «Жакшы, азырга чейин тирүүмүн, түрмөгө да отургуза элек», - деп жооп бердим. Ал болсо: «Буга чын эле сүйүнсө болот»,- деди. Ошондон бир нече күн өткөндөн кийин эле аны атып кетишти, - дейт Политковскаянын кесиптеши Павел Фелгенгауэр.

Соңку жылдары Орусияда киши колдуу болгон журналисттердин көбү регионалдык деңгээлдеби, же жалпы өлкөнүн алкагындабы, айтор, тигил же бул бийлик өкүлдөрүнүн жашыруун каржы операцияларга тийиштиги, кайсыл бир ири компаниялардын коррупцияга байланыштуу иштери, Чеченстанда, же башка жерлерде адам укуктарынын орой бузулганы тууралуу макалалар үстүндө иштешкени аныкталып олтурат.

«Журналистерди коргоо комитетинен» билдиришкендей, адатта, калем ээлерин ким өлтүрүп кеткени аягына чейин иликтенбей кала берет. Мындагы аналитиктерди кыжаалат кылган негизги маселелердин бири – орус журналистикасында «журналисттик иликтөө» деген жанр менен иштеген чыгаан калем ээлеринин барган сайын азайып баратканы.

Cүрөттө: Эшигинин алдынан атылып өлтүрүлгөн Орусиядагы эң белгилүү журналисттердин бири, Путиндин катуу сынчысы Анна Политковская.
XS
SM
MD
LG