Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:34

КОНСТИТУЦИЯНЫН БАШЫ ТАЛАШТАН ЧЫГА ЭЛЕК


Өткөн жылдын акыркы күндөрүндө Жогорку Кеңеш Конституциянын жаңы редакциясын кабыл алды. Өкмөттүн кызматтан кетүүсү менен пайда болгон кризисттик кырдаалдан чыгуунун аргасы катары кабыл алынган жаңы баш мыйзам өлкөгө туруктуулукту алып келеби?

Конституциянын жаңы редакциясын кабыл алуунун төртүнчү жолку аракетинен кийин ал зарыл болгон 50 добушту 30-декабрда топтой алды. Ушуну менен парламент конституциянын жаңы редакциясын кабыл алынды деп эсептеди. Эми долбоор кол коюуга президентке жиберилүүгө тийиш. Президенттин ал мыйзамга кол коер-койбосу азырынча белгисиз.
Бирок жаңы редакция парламентте көпчүлүк добушту топтой алган менен өлкөдөгү негизги саясий күчтөр ортосунда келишпөөчүлүктү күчөтүп, саясий тирешүүнүн жаңы этабынын башталышына алып келиши ыктымал. Анткени ал өлкөдөгү реалдуу саясий күчтөрдүн макулдашуусу менен кабыл алынган жок. Белгилүү болгондой, 8-ноябрдагы конституция бийлик менен оппозициянын ортосунда компромисстин натыйжасында кабыл алынган. Ал эми 30-декабрдагы конституцияны кабыл алууга «Реформа үчүн» кыймылга мүчө депутаттар каршы чыгышкан. Алар кабыл алуу мыйзам бузуулар менен коштолгонун, ошондуктан конституциялык сотко кайрылышаарын, андан сырткары мөөнөтсүз нааразылык акцияларды уюштурушаарын билдиришкен.

Саясат таануучу Карыбек Байбосунов конституциянын жаңы редакциясы өлкөдөгү саясий кырдаалды курчутуп эле калбастан, бийликтин алмашуусуна алып келиши ыктымал дейт:

"Өлкөдөгү кырдаалды ушул жаңы конституция курчутат. Үч-төрткө бөлүнүп калган саясий күчтөр күрөшкө даярданып жатышат. Алар жакында ачыкка чыгат. Ошону менен жаз тын болбой турган болуп калды. Мүмкүн бийлик алмашып кетет".

Ал эми «Ата Мекен» партиясынын лидерлеринин бири Ташболот Балтабаев мындай пикирин ортого салды:

"Депутаттардын өз кызыкчылыгын коргоп, бир жуманын ичинде эки конституция кабыл алып жибериш деген бул эмне? Бул болбогон иш болуп калды. Саясий кырдаал мындан ары курчуп, башка саясий күчтөр бул Конституцияны жокко чыгарууну талап кыла баштайт. Алар аткаруу бийлигин, президенттин кызматтан кетүүсүн да талап кылышат. Ошондой эле парламент да ушуну менен абрюн кетирип, ишенимден калды".

Ошентип Кыргызстан, 2007-жылды өкмөтсүз, бюджетсиз жана жарым-жан конституция, эң башкысы өлкөдөгү саясий күчтөрдүн конфронтациясы менен баштап олтурат. Мындай абал саясий кырдаалды алыстан байкап турган инвесторлорду чочутуп, катардагы атуулдарды кабатыр кылаары турган иш.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG