Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:24

ТАНДЕМ ТАШЫРКАДЫБЫ?


Курманбек Бакиев менен Феликс Куловдун тандеми алгачкы учурда өлкөнү кризистен алып чыгуучу күч катары таанылып, мамлекетти ириткен ири коррупциялык иштерге чек коюлат деген үмүт пайда болгон. Анын үстүнө Бакиевдин шайлоо алдындагы негизги убадаларынын бири коррупцияга каршы күрөш болсо, Феликс Куловдун өкмөтү коррупциялык болбойт деген убадасы бар эле. Бирок өткөн жылдагы айрым иштер андай үмүттөргө суу септи.

Мурунку президент Аскар Акаевдин эң негизги катачылыктары катары Кумтөр кенин күмөндүү жол менен канадалыктарга берүүсү, жоопкерчиликсиз менен кредиттерди алып, мамлекетти карызга батыруусу жана эң кейиштүүсү өлкөдө коррупцияны кадимки көрүнүшкө айлантуусу аталып келет.

Мына ушул турмуштук адатка айланып бараткан коррупцияны сындыруу үчүн азыркы бийликке эң жогорку деңгээлде эрк керек эле. Ал эрк Талдыбулак, Жерүй алтын кендеринин тендерсиз жең ичинен кетүүсүнө жол бербөө, энергетика тармагында Акаевдик мезгилде түзүлгөн коррупциялык схеманы бузуу аркылуу көрсөтүлүш керек эле. Бирок андай болгон жок. Мына ушунун өзү оппозицияга моралдык үстөмдүк берип, бийликти алсыратууда.

Кен байлык жана энергетика тармагындагы абал тууралуу Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Орозбек Дүйшеев буларды белгиледи:

"Кийинки убакта көптөгөн кендер чет өлкөлүктөргө мыйзамсыз берилип калууда. Мына ошонун себебинен Жерүйдөн быйыл Кыргызстанга 200 миллион сом салык түшпөй калды. Талас облусуна 3 миллион доллар жардам иретинде түшпөй калды. Энергетика тармагында абал улам начарлап, уурдоолор көбөйүүдө".

Дүйшеев алтын кендерди иштетүүнү жергиликтүү ишканаларга берсе болоорун белгилейт:

"Азыркы убакта Дүйнөлүк банктар алтын кендерин күрөөгө алууда. Андай болгондон кийин өзүбүздүн эле «Кыргызалтынга», же Карабалта комбинатына алтын кендерди берип, алар күрөөгө коюп, кредит алып иштетсе болмок. Бирок ушуга барган киши жок болуп жатат".

«Эркиндик» партиясынын лидери Топчубек Тургуналиев бийлик тарабынан кетирилген кемчиликтер бардыгын белгилейт:

"Кемчиликтер бар. Мына бул ХИПК маселеси, алдым-жуттум маселесине келгенде, чоң-чоң кен байлыктарга келгенде бир далай кемчиликтер бар. Бул өкмөттүн эң чоң катачылыктары".

Коррупциялык мындай иштердин уланышына бийликте Акаевдик кадрлардын калышы себеп болууда дейт Тургуналиев:

"Президенттин айлана – тегерегиндеги 100 жетекчинин 90-95 бүтүндөй шумпай-шылуундар деп өзүнө да айттым. Жазып да жатам. Чындыгында да ошондой. Акаевдын айныган адамдары айлана-тегерегинде чогулуп отурушат".

Талдоочулардын пикиринде, дал ушул ири кендер ачык тендер аркылуу инвесторлорго берилип, жалпы мамлекеттин арка-бели болгон энергетика тармагында тартип орнотулганда жогорку деңгээлде коррупция жок дегенге ишенүүгө негиз болуп, ал эми тандемдин коррупцияга каршы күрөшөбүз дегени чындык экени далилденмек.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG