Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:39

КЫРГЫЗСТАНДЫК ЭКИ КАРЫЯ ТҮБӨЛҮК ЖАЙЫН МЕКЕДЕН ТАПТЫ


Сауд Арабстан жериндеги ажылык зыярат сапарынын жүрүшү жөнүндө Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Жолборс Жоробеков “Азаттыкка” маалымат берди.

- Жалпы биздин угармандар билгендей, быйыл Курман айт менен кошо ажылык зыяраттын негизги жөрөлгөлөрү жаңы жылга туш келип, Кыргызстандан барган төрт жарым миңдей мусулман Мекеде парзын аткарышып, зыярат аяктап калган кез. Эми ажылардын кайтуу жараяны канчага созулат?

- Кудай буюрса 3-4-январдан баштап күн сайын бирден-экиден рейс Ошко, Бишкекке келе баштайт. Быйыл Кудай жакышылык кылып, бүт бардыгын учак менен алып барып, учак менен алып келе турган болуп атабыз. Бүт биздин ажылык сапар Мекеде, Мединада абдан уюштурулган түрдө жакшы болду. Менин орунбасарым Садабаев Архарбек ошол жакта азыр штабды башкарып жүрөт, күн сайын сүйлөшүп турабыз. Кокустук, андай-мындай болгон жок. Бирок турмуш деген турмуш экен, эки аксакалыбыз ошол жактан кайтыш болду, бирөөсү Баткенден, бирөөсү Сузактан. Алардын жашы 80ге барып калган. Бул жерден алардын бала-чакасы менен сүйлөшүп, акылдашып ошол жака койдурдук.

Мына бүгүндөн баштап келе башташат. Мен ойлойм, быйыл өтө уюшкандык түрдө болду деп. Мунун да жакшы жагы бар, анткени өткөн жылдары башаламандык болуп, бизде 2 миңден ашыгыраак адам барбай калып, 500дөй адам Кыргызстандан чыгып кетип чет мамлекеттин чегараларында кыйналган учурлар болгон. Ошондуктан президент өзү баш болуп быйыл абдан катуу көзөмөлдө болду. Мен дайым “Азаттыктын” угуучуларына айтып жүрөм, мамлекеттик катчыда эки жолу, вице премьер-министрде үч жолу ажылык маселеси боюнча маселелер каралды. Ошонун негизинде быйыл абдан жакшы уюшкандыкта өттү деп ойлойм.

- Бул маалыматыңызга ырахмат, эми башка маселелерден. Сиздердин агенттиктин быйылкы жылга негизги иш пландары эмне болот. Толугу менен түштүккө көчүп бүттүңүздөрбү. Чечим кабыл алынганы менен Жоробеков мырза Бишкекте отурат. Мамлекеттин эсебинен учак менен ары-бери тынбай каттайт деп айрым гезиттерде сизди сындап жиберишти эле?

- Ооба. Бул туура сын деп ойлойм. Биз Ошко көчкөнүбүз менен көп нерселер Бишкектен чечилет экен. Мына мындан 5-6 жыл мурда ушундай чечим чыгып, өзгөчө кырдаалдар министрлиги, дин агенттиги Ошко көчүрүлгөн экен. Дин комиссиясы ошондо көчпөй былтыр майда көчүп барган экен. Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлиги болсо Ошко орунбасарларынан бирөөнү коюп, министрлик бул жерде. Мен вице-премьер министрде, премьер-министрде болгондо бул маселени айттым. Себеби Ошто болгону анча эффект берген жок деп ойлом. Анткени, бүт маселелер Бишкектен чечилет экен.

Албетте, диндик экстремизм дейбизби, же болбосо “Хизб-ут Тахрирлер” дейбизби, башкасы дейбизби, түштүктө кыйыныраак акыбалда дегенибиз менен азыр Кыргызстан боюнча эле абал ошондой. Ал эми финансы маселеси Бишкекте чечилгендигине байланыштуу, чет элдиктердин элчиликтери ушул жерде болгондугуна байланыштуу, Бишкекте болгону максатка ылайыктуу деп ойлойм.

Бирок мен президенттин астына, башка жактарга бул маселени официаалдуу түрдө коё элекмин. Бирок иштин кызыкчылыгы үчүн ойлойт элем Бишкекте болгону жакшы го деп.
XS
SM
MD
LG