Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Декабрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:42

СОМАЛИДЕГИ АБАЛ ТУРУКТАША ЭЛЕК


Баян Жумакадыр кызы, Прага Кечээ Эфиопиянын өкмөт башчысы парламентте сүйлөгөн сөзүндө Эфиопиянын аскерлери Сомалидеги миссиясын аткарганын жана бир нече жуманын ичинде Сомалиден чыгарылып кете турганын билдирди. Эфиопиянын аскерлери кошуна Сомалиде мындан бир нече жума мурда өлкөнүн өткөөл өкмөтүнө бак талашкан исламчыл күчтөрдү тынчтандырууга көмөктөшүү үчүн киргизилген.

Биз Сомалидеги исламисттердин мизин кайтарып, биздин өлкөбүздө жана ал эле эмес бүткүл Африка Мүйүзүндөгү абалды бейстабилдештире турган күчтөрдү ыраак сүрүп салдык,- деди Эфиопиянын өкмөт башчысы Мелес Зенави 2-январда Аддис-Абебада парламентте сүйлөгөн сөзүндө.

"Биз өзүбүздүн негизги милдетибизди аткардык, эми биздин милдет аскерлерди Сомалиден чыгарып кетип, аларды өлкөбүздөгү жакырчылыкка каршы күрөшкө салуу. Бирок ошол эле убакта биздин алдыбызда Сомалинин ар кайсы чөлкөмдөрүндө калып жаткан экстремисттик топторду көзөмөлгө алуу вазыйпасы турат. Бул милдетти аткарган соң өлкөдөн аскерлерди чыгарып кетүү эле калат" ,- деп айтты өкмөт башчы.

Бирок, Эфиопиялык премьердин бул билдирүүсү анын кошуна Сомалинин өкмөт башчысы Али Мухамед Гединикине кайчы келүүдө. Андан мурдараак Геди Эфиопиянын аскерлери өлкөдө бир канча ай бою кызмат өтөп, өлкөдөгү абалды турукташтырууга жардам бере турганын, Сомалинин өткөөл өкмөтүнүн бул иштин өтөлүнө чыгуу үчүн жетиштүү аскери жок экенин билдирген.

Сомалинин өкмөтү эфиопиялык аскерлердин эрте чыгарылып кетиши менен өлкөнүн бак талашкан исламчыл күчтөрү Сомалини кайрадан көзөмөлгө алабы деп кооптонот. Исламдык кландар менен тайпаларга негизделген бул күчтөр Сомалини 15 жыл бою башкарып, анын натыйжасында борбордук өкмөтү жок калган өлкө анархияга туш болгон.

Бирок, Мухамед Гединин режимин исламдык күчтөргө каршы күрөшүн колдоп келаткан Эфиопия Сомалиде аскерлерин узак убакытка калтыра албасын эскертти. Ошон үчүн эки өлкө тең Африка коомчулугуна кайрылып, Сомалидеги абалды турукташыруу үчүн Африка Биримдигинин бейпилдик күчтөрүн жайгаштырууну өтүнүштү. Сомали ошондой эле эл аралык коомчулуктан гуманитардык жардам сурады.

Могадишудагы позициясын биротоло чыңдап алуу максаты менен Сомалинин өткөөл өкмөтү калкка кайрылып, 5-январга чейин куралдарын өткөрүп, өкмөт тарабына өтүүнү талап кылып, ультиматум койду. Ал ошондой эле куралдарын өз ыктыяры менен таштагандарга мунапыс берүүнү убада кылды. Бирок Могадишуда үстөмдүк кылган Хавия кланы бул чакырыкты олуттуу кабыл алган жери жок. Калктын көбүнүн куралдарын согушсуз өткөрүп берүүгө ниети жок.

Ал эми анын аралыгында бүгүн Сомали проблемасы Еврошаркетке мүчө өлкөлөрдүн Брюсселде өткөн жыйында талкууланып, алар тынчтык орнотуу боюнча байланыш тобун ыкчам аракеттенүүгө чакырышты. Германия, Италия, Швеция, Улуу Британия, Франция жана Норвегия дипломаттарынан турган топ Сомалидеги бак талашкан күчтөрдүн өз ара жарашуу процессине жетекчилик кылмакчы.

 

XS
SM
MD
LG