Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:36

«БҮГҮНКҮ ОРУСИЯ»: ЭНЕРГЕТИКАЛЫК АЖЫДААР ОЙГОНДУ


Төрөкул Дооров, Москва Орусия - мунайга, жатылыш газына жана башка кен-байлыктарга бай мамлекет. Мунун өзү бүгүн чет-өлкөлүк инвесторлорду орус жерине азгырып жаткан башкы себеп.

Тездик менен өнүгүп келаткан орус экономикасынын негизги кыймылдаткыч күчү – кубаттуулук сектору. Батыштык экономисттердин божомолунда, мунайдын бир баррелинин баасы 40 АКШ долларынан арзандап кетсе гана орус экономикасынын өсүшү тууралуу суроолор жаралышы мүмкүн, бирок дүйнөлүк базарда бүгүн мунайдын ар бир баррели 60 доллардын тегеринде сатылып жатат жана жакын арада арзандабай тургандай.

Жумурият башчысы Владимир Путин экономиканын негизги сектору мамлекеттин көзөмөлүндө турушу лаазым экенин ачык эле билдиргени бар. Бул дегени, айрым эксперттердин пикиринде, орус жеринин байлыгына кызыгып, миллиарддаган доллар инвестиция жасап жаткан, же жасоону каалап жаткан чет-элдик компаниялардын күнү бүттү дегенди түшүндүрөт.

Орусиянын Ыраакы Чыгышында мунай жана газды казуу боюнча «Сахалин-2» деп аталган 7 млрд.450 млн.доллардык долбоор боюнча чатакка чекит коюлду. Бул долбоордун үстүнөн иштеп келген үч чет-элдик компанияга «экологияга чоң зыян келтирген» деген айып тагылып, акыр аягында инвесторлорду орусиялык «Газпром» компаниясынын талаптарына макул болууга мажбур кылышты. «Газпром» азыр «Сахалин-2» долбоорунун контролдук акциялар пакетине ээ.

Чет-өлкөлүк инвесторлор бир топ жыл орус жеринде иштегенден кийин бүт баштаган ишин орус бийликтерине алдырып койгон учурлар алтын өндүрүү ишинде да кездешет.

Ушундан уламбы, Дүйнөлүк банк «бизнес үчүн эң ылайыктуу» деп эсептеген мамлекеттердин тизмесинде Орусияга болгону 96-орунду берди. Жалпысынан 175 өлкөдөгү бизнес-чөйрө изилдөөгө алынган эле.

Көпчүлүк аналитиктердин айтымында, соңку жылдары Орусияда «мамлекет» менен «бизнес» деген сөздөр бир түшүнүктү берип калды. Ал эми орус жериндеги ишкердиктин эң кирешелүү тармагы кубаттуулук менен байланыштуу болгондуктан, мында мамлекет, албетте, көзөмөлүн күчөтпөй койбойт.

Сынчылар «Кремль өзүндөгү энергияны айрым өлкөлөргө каршы саясий курал катары колдонуп жатат» деп айтып келишкени да ошондон.

Кремль чын эле газды «саясий курал» катары колдонобу?

Орусиядагы РБК маалымат агенттигинин аналитикалык департаментинин директору Александр Яковлев «андай болгон күндө да, муну туура эмес деп айтканга болбойт» дейт.

- Менимче, Орусияда экономикалык күч колдонулат жана бул кадимки эле, нормалдуу көрүнүш. Эгер биз айрым «саясий араздашуулар» тууралуу, мисалы, Украина же Грузия менен болгон окуялар жөнүндө кеп кыла турган болсок, анда бул мамлекеттер өздөрү көбүнчө Орусияга каршы багытталган саясат жүргүзүп жатышканын унутпашыбыз керек. Андай саясат экономикада да, этникалык орустарга болгон мамиледе да, жана башка социалдык маселелерде даана байкалат. Москва буга карата мындан да катуураак чара көрүп, Улуттар уюмундагы талкууларда маселе көтөрсө болмок, бирок ал ага барбады. Орусия жөн гана өзүнүн экономикалык күчүн колдонуп жатат жана бул өтө жакшы ойлонулган саясат деп эсептейм, - дейт москвалык эксперт Александр Яковлев.

2006-жылдын 1-январында украиналыктар суукта калышкан. Москва Киевке газ бербей койгон эле. Орусия украиналыктарга жасаган «жаңы жылдык белек» бүтүндөй Батышты «энергетикалык ажыдаар ойгонгону» жөнүндө сарсанаага батырганы эсибизде. Кремльдин «саясий куралы» жөнүндө айыптоолор туш тараптан нөшөрлүү жамгырдай жаай баштаган эле.

Бирок мурдагы КГБнын офицери, азыркы президент Владимир Путиндин жетекчилигиндеги Кремль «баардык иш өлкөнүн улуттук кызыкчылыгына жараша болуп жатат» деп жооп берген.

Украина менен болгон окуяга жыл толуп, 2007-жылдын 1-январынан тарта Москва Беларуска да газды кымбаттата турганын айтып, шарт койду. 31-декабрда кечинде эки өлкөдө тең адамдар Жаңы жылдык балаты тигип, үстөл үстүндө майрамдык кечеде отурушкан учурда, Москвада беларустар менен орустардын кызуу талкуулары өтүп жатты. Акыр аягында, түнкү саат 12 ге, башкача айтканда, Жаңы жылга 2 мүнөт калганда, мунаса табылды.

Жаңы келишимге ылайык, Беларус 2007-жылы орус газынын ар бир миң куб.метрин 100 АКШ долларынан сатып ала турган болду. Буга чейин Беларус орус газынын ар бир миң куб.метри үчүн 47 доллардан акы төлөп келген.

Орусия өз байлыгынан көз-каранды

Ушу тапта Орусия казып жаткан мунайдын көлөмү боюнча Сауд Арапстандан кийинки экинчи орунда турат. Бул тууралуу «British Petroleum» компаниясы «Энергия 2006» деген жылдык отчетунда кабарлады.

Көпчүлүк сынчылардын ишениминде, бул жакта азыр мунай казуу өтө тез өнүгүп жатат, аны менен катар өлкө экономикасынын отун энергиясына көз-карандылыгы да артууда. Анткени экономикадагы өсүштүн негизги себеби дүйнөлүк базарда мунайга баанын кымбаттап жаткандыгы менен байланыштуу.

Бирок мунай деле түгөнгүс кенч эмес. Москвадагы «Энергетика жана финансы институтунун» эксперти Владимир Ревенков «Бүгүн Орусияда энергия байлыктары натыйжалуу пайдаланылбай жатат» дейт эсептейт.

- Бул көйгөй тээ Союз мезгилинен бери белгилүү. Мисалы, 30-40 жыл мурда биз «Орусия канткенде азыраак чыгым менен көбүрөөк мунай казып ала алат?» деген суроонун үстүндө ойлончубуз. Анткени азырга чейин Батыш Сибирде мунайды казып алуу учурунда канчалаган миллиард куб.метр газ күйдүрүлүп келатат. Азыраак газды күйдүрүү үчүн жаңы технологияларды сатып алууга инвестициянын бөлүнбөй жатканынын айынан маселе азырга чейин чечиле элек. Өлкө, мындан сырткары, газды сатып алгандарга продукцияны жеткириш үчүн да чоң каражат жумшайт. Мисалы, алыскы райондорго чейин газ куурларын жаткыруу иштери соңку мезгилдерде гана акырындап башкарылып калды. Бул иштерге айрым кичинекей кендерде иштеп жаткан көз-карандысыз компаниялар да тартылышууда. Бирок аларды кыйнап аткан бир маселе бар: Алар өндүргөн мунайды же газды сатып алуучуга жеткирүү үчүн кайсыл куурларды колдонууну билишпейт (Орусиядагы негизги газ куурлары «Газпром» мамлекеттик компаниясына карайт – автор). Ошондуктан кээде кендерди жөн гана жаап коюшат. Бир сөз менен айтканда, Орусиянын энергетикалык секторунда газ менен мунайды сарамжалдуу пайдалануу маселеси толугу менен чечиле элек.

Дүйнөлүк базарда газ менен мунайдын баасы улам өскөн сайын Орусиянын «энергияны көбүрөөк өзү колдонбой, башкаларга сатып жаткан мамлекет» катары мааниси артып баратат. «Бирок өлкө буга көп азгырылбашы зарыл» дейт Ревенков.

- Албетте, бүгүнкү дүйнөлүк базарда түзүлгөн жагымдуу кырдаалда Орусия өзүнүн отун-энергетикалык ресурстарын көбүрөөк сатып калууга аракет кылып жатканы деле түшүнүктүү деңизчи. Бирок мамлекет азыр чет-өлкөлөргө жөн гана алыстан көп өлчөмдө энергияны сатуучу болбой, эми ошол мамлекеттердин ички базарына кирип, энергияны ал жерлердеги ички баа менен сатса, азыркыдан да көбүрөөк киреше алмак. Анткени алардын ички базарындагы өндүрүш секторунда, дагы башка тармактарда газдын баасы, биз ал мамлекеттерге саткан баадан, бир топ эсе кымбат турат. Азыр «Газпром» дал ушул максатта европалык базарды либералдаштыруу боюнча аракеттерден колдонуп, Италиянын, анан кечээ жакында Франциянын базарына кире баштады, - дейт Москвадагы «Энергетика жана финансы институтунун» эксперти Владимир Ревенков.

Дал ушул маселе, орусиялык «Газпром» компаниясынын европалык базарга кирүүгө дилгирлиги бүгүнкү күнү Орусия менен Европа ортосундагы энергетика жаатындагы талкууларда башкы тема бойдон калууда.

Европа отун-энергетика секторунда баарына бирдей талаптар менен шарттарды койгон «Энергетикалык Хартияны» Орусия да жактырышы керек деп, Москваны бул кадамга барууга үндөп келатат. Андай болгон күндө Орусия европалык базарга, ал эми европалыктар Орусиянын базарына кире алышмак. Бирок «Газпром» буга каршы. Анткени Кремль орус жериндеги кубаттуулук базарына чет-өлкөлүктөр кирип, кожоюндук кылышын каалабайт.


Орусия – «Газпромбу», же «Газпром» - Орусиябы?

«Газпром» - Орусиядагы газ жаатында өкмөттүк монополист-компания. Дүйнөдөгү жаратылыш газынын эң бай запастары дал ушул «Газпромго» карайт. “British Petroleum” компаниясынын 2006-жылга карата отчетунда көрсөтүлгөндөй, жалпы дүйнө боюнча газдын тастыкталган запастарынын 26,6%, ал эми Орусиядагы изилделген газ запастарынын жарымынан көбү «Газпромдуку».

«Газпромду» көптөр «Орусия мамлекетинин ичиндеги мамлекет» деп коюшат. Биз менен баарлашкан эксперттердин дээрлик баары жумурияттын дүйнөлүк саясаттагы жана экономикадагы келечегин мунай жана жаратылыш газы менен байланыштырышты. Бул максатка жетүүдө «Газпром» Орусиянын башкы куралы болуп калмакчы.

Бирок,бүгүн «Газпромду» көптөр өзүнүн ишине түздөн-түз тиешеси жок активдерди колуна топтоп алганы үчүн айтыптап жатышат. Мисалы, өлкөдөгү канчалаган маалымат каражаттарын өзүнө каратып алуу, Европанын бир топ жерлеринде кымбат мейманкаларын ачуунун мунай жана газ өндүрүү менен кандай байланышы бар?

«Карнеги» корунун аналитиги Андрей Рябовдун ишениминде, Орусия энергетикалык саясатында бүгүнкү иш-тартибин өзгөртүшү зарыл.

- Өлкө улам мунай менен газга көз-каранды болуп баратат. Жакынкы жылдары Орусия «мындан ары да мунай менен газды казууну арттыра бериш керекпи же анын көлөмүн азайткан туура болобу?» деген суроого так жооп бериши керектигин жакшы түшүнөт. Бул суроо келерки президент чечиши зарыл боло турган оор маселелерден. Эгер мамлекет чапчылап эле мунай менен газды улам көбүрөөк өндүрө бербестен, башкы көңүлдү алгач экономикада структуралык кайра курууну жүргүзүүгө, мунайдын баасынын өсүшүнөн эле пайдаланбастан, эларалык базарда мыкты атаандаштыкка туруштук бере ала турган заманбап тармактарды өнүктүргөнгө бурса, кийинки жылдарга туруктуу өнүгүүнү камсыз кыла алмак. Бирок азырынча бул маселелер боюнча эч алга жылуулар байкала элек, - деди «Карнеги» корунун аналитиги Андрей Рябов.

Европа ушу тапта Орусия газынан көз-каранды болбош үчүн отундун башка түрлөрүн, башка булактарын издөөгө аракет кылып жатат. Бирок азырынча «кубаттуулук» деген байлык Кремлдин мыкты экономикалык, а балким, саясий куралы бойдон калууда.

XS
SM
MD
LG