Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:50

ЧЫГЫШ АЗИЯДА ЖАРЫША КУРАЛДАНУУ БАШТАЛЫШЫ МҮМКҮН


Баян Жумакадыр кызы, Прага Түштүк Корея 2008- жылы орбитага салмагы 100 килограмм келген ракетасын учура турганын билдирди. Бул 2010 - жылга дейре орбитага чыгарыла турган 10 ракетанын алгачкысы болмокчу. Бирок эксперттер Сеулдун ракеталык программасы региондо жарыша куралданууга түрткү болорун, анткени тынчтык максаттарда колдонулуучу технологияны ракеталык куралдарды чыгарууга да колдонсо болорун айтып жатышат.

Былтыр коммунисттик Түндүк Корея ракеталык сыноолорду өткөргөндө бүткүл регион бейпайга түшүп, Улуттар Уюму өлкөгө каршы санкцияларды киргизүүгө мажбур болгон. Эми минтип ракеталык технологияны өнүктүрүүнүн үстүндө Түштүк Корея иштеп жатат. Байкоочулар мындай аракеттер Чыгыш Азиядагы куралданууну көзөмөлдөөнү татаалданта турганын айтып жатышат.

Түштүк Корея орбитага учурула турган ракеталар илимий изилдөө жана коммерциялык максаттарды көздөй турганын айтат, бирок адистер андай технологияны тыңчы спутниктерди чыгаруу үчүн колдонууга боло турганын белгилеп, андай болгондо региондогу күчтөрдүн тең салмагы башка жакка оой турганын айтып жатышат.

Жейндин Аскердик маалымат мекемесинин эксперти Кристиан Лемиер Сеулдун ракеталык программасы Кытай менен Түндүк Кореяда буркан-шаркан түшүрүшү мүмкүн, деп белгилейт.

"Кытай менен Түндүк Кореяга бул өтө катуу таасир кылышы ыктымал. Анткени тынчтык максаттарга шылтап, региондун башка өлкөлөрү да өз ракеталык программаларын өнүктүрүп жатышат, алар кийинчерек ушул эле технологияларды аскердик максаттарга бурушу ажеп эмес",-дейт Лемиер.

Түштүк Кореянын жетекчилиги орбитага учурула турган эки баскычтуу ракета Россиянын жардамы менен жасап чыгарылганын, анын биринчи баскычы катары Россиянын "Ангара" үлгүсүндөгү ракетасы алынганын, ал эми ракетанын экинчи баскычын Түндүк Корея өз күчү менен жасап чыгарганын билдирди. Бул факт экономикасы дүркүрөп өнүгүп аткан өлкө ракеталык инженерия жана инфраструктура тармагында ири ийгиликтерге жетишкенин айгинелейт.

Түндүк Кореянын ракеталык программасы 2001-жылы, АКШ анын ракеталарынын учуу алыстыгына салынган чектөөнү алып салган соң өнүгө баштап, өлкө Ракеталык Технологияны Көзөмөлдөө Режимине мүчө өлкөлөрдүн технологиясы менен таанышууга мүмкүндүк алган.

Түндүк Кореяда өткөрүлгөн ракеталык сыноолор аны менен согуштук аблда калда берип жаткан Түштүк Кореяны эле эмес, кошуна Японияны да бейпайга салды. Экинчи Дүйнөлүк Согуштан кийинки конституциясына ылайык Япония баллистикалык ракеталарды жасап чыгаруудан карманып келди, анткени менен өлкө космостук программасынын үстүнөн иштеп келатат жана анда колдонулган технологияны аскердик максатта пайдаланса болот. Андан сырткары өлкө азыр АКШ менен бирдикте ракеталардан коргонуу системасынын үстүндө иштеп жатат. Жакында ал өз аймагында жакын арага учуучу ракеталарды атып түшүрө ала турган жабдууларды орнотмокчу.

Кытай ушундай эле системаны өз аймагында Тайвань дагы орнотуусу мүмкүн деп чочулайт. Кытай Тайванды өзүнүн козголоңчул чөлкөмү деп эсептейт. Эксперт Кристиан Лемиердин айтымында, мунун баары Кытай менен Түндүк Кореяны аскердик жабдуусун мындан ары да жакшыртууга түрткүлөп, региондо жарыша куралданууга тамызгы болот.

XS
SM
MD
LG