7-ноябрда өткөрүлгөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгында Конгресстин эки палатасындагы тең көпчүлүк оппозициядагы Демократиялык партиянын колуна өттү. Ошондуктан Конгресс менен президент ортосундагы кызматташуу, бардык байкоочулардын пикиринде, бир топ татаал боло тургандай. Республикалык партиянын өкүлдөрү ар башка жыйындарда Демократиялык партиядан шайланган конгрессмендер менен сенаторлорго кайрылып, аларды бир тараптуу чечим кабыл албоого чакырууда.
Президент Жорж Буш дагы Конгресске кайрылып, аны менен кызматташууга даяр экенин билдирди: "Эртең бир жүз онунчу Конгресстин мүчөлөрү ишке киришип, ант беришет. Мен аларды куттуктайм жана Вашингтонго кош келиңиздер дейм. Мен жана менин өкмөтүмдүн мүчөлөрү алар менен кызматташууга даярбыз", - деди президент Буш 3-январда.
Ошол эле 3-январда Буш "Уолл стрит жорнал" деген гезитте атайын макала да басып чыгарып, Конгресс менен аткаруучу бийлик ортосунла жакшы кызматташуу болууга тийиш деп билдирди. Президент башка маселелерге да токтолду, анын айтымында, АКШ өкмөтү эл аралык террорчулукка каршы күрөштү улантат, экономиканы чыңдап, бюджет тартыштыгын кыскартууга аракеттенет, андан тышкары негизги аракеттер - өлкөнүн кубат коопсуздугун камсыз кылууга жумшалат. Айрым байкоочулардын айтымында, Ирак саясатына өзгөртүү киргизүү боюнча билдирүүнү президент 10-январда жасайт, 23-январда болсо ал Америка элине кайрылуу менен чыгат.
Бирок Демократтар менен Республикалык партиянын өкүлдөрү ортосундагы кызматташуу оор болоору күтүлүүдө. Акыркы 12 жыл бою Конгресстеги көпчүлүк Республикалык партиянын колунда болгон жана алар көптөгөн маселелерди азчылыктагы Демократиялык партиянын пикирин эске албастан чечип келген. Эми Республикалык партия - демократтар дагы ошондой кылышы мүмкүн деп чочулап жатат жана, эксперттердин айтымында, Конгресстеги азчылыктын укугун коргоо боюнча атайын мыйзам долбоору да иштелип чыкты.
Аны менен катар республикалыктардын кол алдында аракеттенген мурдагы Конгресс былтыр өтө аз иштеген деген сын да көп айтылууда. Мисал үчүн, 2006-жылы Эл өкүлдөр жыйыны 101 күн, ал эми Сенат 137 гана күн иштегени эсептелип чыккан. Андан тышкары, акыркы күндөрдө демократтар Сенаттагы көпчүлүктөн ажырап да калышы мүмкүн деген чочулоолор пайда болду.
Сенат 100 адамдан турат жана азыр 51 орун Демократиялык, ал эми 49 орун Республикалык партиянын колунда. Бирок декабрда демократ-сенатор Тим Жонсондун мээсине татаал операция жасалды жана эгер ал өз милдетин аткара албай калса, АКШ мыйзамдары боюнча анын ордуна Сенатка жаңы өкүлдү - Түштүк Дакота штатынын губернатору дайындаш керек. Ал болсо Республикалык партиянын мүчөсү. Бирок сенатор Жонсон айыгып келатат деген да кабарлар бар.