Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:58

УКРАИНА МЕТАН ГАЗЫН ПАЙДАЛАНУУНУ КОЛГО АЛУУДА


Нарын АЙЫП, Прага Жакында Орусия менен Беларус ортосунда газ чатагы чыгып, Жаңы жыл алдында гана чечилди. Мындан бир жыл мурда Маскөө менен Киев ортосунда дагы ошондой чатак чыккан. Орусиядан алынган жаратылыш газына көз каранды болгон Украина сыяктуу мамлекеттер мындай оор абалдан чыгуу үчүн ар башка жолдорду издеп жатат.

Эң негизги маселе газ пайдаланууну үнөмдөө. СССР учурунда газ өтө арзан болгондуктан, мурдагы советтик жумурияттардын калкы жана ишканалары аны чектебей коротууга көнүп калган жана өндүрүш ишканаларында газ үнөмдөө үчүн шарттар түзүлгөн эмес.

Бирок дагы бир амал бар. Көптөгөн миң жылдар бою жер алдында байыркы өсүмдүктөрдөн көмүр пайда болгондо, аны менен кошо метан газы да чыгат. Көмүр шахталарында болгон жарылууларга ошол газ алып келет жана шахталарды коопсуз кылуу үчүн газ атайын вентиляция системалары аркылуу сыртка чыгарылып, көпчүлүк учурларда жөн гана күйгүзүлүп, жок кылынат. Бирок ал газды керектесе да болот.

1980-жылдарда АКШда андай технология иштелип чыккан жана азыр өлкөдө өндүрүлгөн жаратылыш газдын 7 пайызы ушундай ыкма менен табылат. Украинанын Донбасс жана Львов аймактарында ири көмүр шахталары бар экени белгилүү, алардагы метан кору боюнча болсо өлкө дүйнөдө сегизинчи орунда турат. Донецк аймагындагы Засядько атындагы шахтада азыр америкалык "Женерал электрик" компаниясы иштеп чыккан технология боюнча метан газын топтоп, андан электир кубатын өндүрүү үчүн проект башталган, үстүбүздөгү жылдын аягына чейин ондон ашык андай чакан станция ишке кирүүгө тийиш.

Украина өкмөтүнүн эсеби боюнча, азыр жыл сайын көмүр шахталарында үч миллиард куб метр метан чыгат, ошондуктан өкмөт тарабынан октябрда кабыл алынган атайын чечим боюнча АКШнын Флорида штатында жайгашкан "Итера энержи" деген компания менен дагы келишим түзүлдү жана америкалык компания - Украинанын көпчүлүк көмүр шахталарын изилдеп, алардан чыккан метан газын кантип пайдалануу боюнча долбоор түзөт. Бардыгы болуп 2007-жылы 600 миллион куб метр метан пайдаланылат деп күтүлүүдө, бирок аны топтогон компания ар бир миң куб метанды 135 доллардан сатат деп айтылууда. Орусиядан алынган жаратылыш газы үчүн дагы Украина ошончо төлөйт.

Метанды химия өндүрүшүндө пайдаланса болот, бирок Жер атмосферасын булгаган таштанды газдардын 16 пайызын метан түзөт, ошондуктан аны пайдалануу менен атмосфера тазарат, Киото протоколу боюнча болсо, таштанды газдарды атмосферага чыгаруу боюнча ар бир өлкөгө ченелүү квоталар берилген жана Украина өзүнө таандык андай квоталарды Австрия менен Жапонияга сатуу боюнча сентябрда атайын келишимдерге да кол койду, алардын наркы эки жарым миллион евро. Бардыгы болуп болсо жалаң ошондой квоталарды сатуу менен Украина жылына 60 миллион евро таба алат.

XS
SM
MD
LG