Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:09

КОНСТИТУЦИЯНЫН ЖАҢЫ РЕДАКЦИЯСЫНА ПРЕЗИДЕНТ КОЛ КОЕБУ?


Жогорку Кеңеш 30-декабрда Конституциянын жаңы редакциясын кабыл алды. Анын күчкө кирүүсү үчүн президент кол коюп, маалымат каражаттарына жарыяланыш керек. Бирок жыл ичинде парламент кабыл алган экинчи Конституцияга президент кол коебу? Эгерде койсо кандай, койбосо кандай терс таасирлер болушу ыктымал?

Президенттик администрациянын юридикалык бөлүмүнүн башчысы Бектур Зулпуевдин 4-январдагы билдирүүсүнө караганда, 30-декабрда Жогорку Кеңеш кабыл алган Конституциянын жаңы редакциясы 31-декабрда президенттик администрацияга келип түштү. Учурда президент аны иликтөөдө. Жаңы редакциянын кабыл алынышы менен парламентти таркатуу маселеси четтей баштаганын, бул конституция менен кризисттик кырдаалдан чыгуунун жолу айкындалганын Зулпуев белгилей кетти.

Ал эми «Арнамыс» партиясынын төрагасы Эмил Алиев депутаттар Конституцияны өз креслолорун сактоо үчүн гана кабыл алганын, ошондуктан парламентти таркатуу жана 8-ноябрдагы Конституциянын негизинде шайлоо өткөрүп, өкмөттү түзүү зарылдыгын белгилейт. Ал ошондой эле «Арнамыс» партиясы парламентти таркатуу боюнча президентке кайсы бир деңгээлде басым көрсөтүп жатканын жашырбады. Бирок Конституцияга кол коюш, койбошту президент чечет, дейт Эмил Алиев.

Ошентип, маселе президенттин колунда калды. Эгерде ал кол койбой койсо, анда парламентте аны жактаган күчтөрдүн нааразылыгын пайда кылышы турган иш. Кол койсо оппозициянын катуу каршылыгына туш болот. Каршылык олуттуу болоорун ноябрь айындагы митинг далилдеди окшойт.

Белгилүү саясатчы Бакыт Бешимов бул кыйчалыш абал тууралуу мындай ой жоруйт:

"Эгерде президент кабыл алынган Конституцияга кол койсо, анда суроо пайда болот. 9-ноябрда эмнеге кол койду? Президент эмне мажбур болдубу кол коюшка? Азыр кол коюп койсо муну кандай түшүнсө болот? Конституциянын кепили деп президентти мындан ары айта алабызбы? Андан тышкары да бир топ суроолор пайда болот. Макул, Конституцияга кол коюп, ыйгарым-укуктарын кеңейтип алсын. Андан кийинки парламенттин тагдыры кандай болот? Менимче, эки айдын ичинде Конституция менен каалагандай оюн жүргүзгөн парламентке ишенсек болобу? Менимче жок".

Бешимов бул кырдаалдын чыгуунун оптималдуу жолун мындай көрөт:

"Менимче азыркы учурда конституцияга кол койбой эле, 9-ноябрда кабыл алынган конституциядагы карама-каршылыктарды жоюу үчүн тиешелүү топторду түзүп, парламент менен биргеликте абалдан чыкса болот. Маселени цивилизациялуу жол менен чечүүнүн ушундай жолу турат".

Эгерде бул жол пайдаланылбаса өлкө митингдердин майданына айланып кетиш ыктымалдыгын эскертип, мындай абалда бардык күнөөлөр президентке жүктөлөт дейт Бешимов:

"Анткени, азыркы учурда президент тегерегиндеги кишилерди угуп, конфронтацияга барса, анда жалгыз эле ошол киши утулат. Анткени эки тарап деле, бийликтин жанында турган адамдар да, парламенттеги оппозиция дагы, парламентте президентти колдогон 22-25 депутат дагы өздөрүн өтө ыңгайсыз сезип калып, анан болгон катачылыктарды, балакеттерди президентке аңтарып салышат. Жалгыз ошол киши утулат. Анан саясий кырдаал абдан курчуп кетет".
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG