Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:58

КОНСТИТУЦИЯ БУЙЛАЛАГАН ТӨӨ БОЛУП КАЛДЫБЫ?


«Реформа үчүн» кыймылы 30-декабрда Конституциянын жаңы редакциясы бийликтин кысымы астында мыйзам бузуулар менен кабыл алынды деген билдирүүлөр менен чыгууда. Ал эми президенттин чөйрөсү өз кезегинде Конституциянын жаңы редакциясын кабыл алуу парламенттин көпчүлүк депутаттарынын демилгеси менен ишке ашты деп деген позициядан кеп салууда.

"Реформа" кыймылынын мүчөлөрү 30-декабрда парламент жактырган Конституциянын жаңы редакциясын кабыл албай тургандыктарын, парламент бийликтин кысымы менен мыйзам бузууга барганын айтышууда.

"Конституцияны өзгөртүүгө мүмкүн. Бирок ошону мыйзамдар менен Конституцияда көрсөтүлгөн нормалар менен ишке ашырыш керек эле. А булар болсо 24-мартта бийликти кантип зордук-зомбулук менен тартып алса, азыр дагы ошондой зордук-зомбулукту көрсөтүп Конституцияны кабыл алып атышат. Бул деген Кыргызстанда мыйзамдын бийлиги орнобой, зордук-зомбулуктун бийлиги орноп калды деген кеп менен барабар,-«Реформа үчүн» кыймылдын штабынын жетекчиси Өмүрбек Абдырахманов.

Өмүрбек Абдырахманов белгилегендей келерки аптада «Реформа үчүн» кыймылдын штабында жыйын өткөрүлүп, анда Конституциянын жаңы редакциясынын кабыл алынышы эле эмес, ХИПИК программасы, коррупциянын гүлдөп өсүшү, бийликтин жүргүзгөн эки жүздүү саясаты, өлкөдөгү чечилбей жаткан проблемалардын бардыгы талкууланмакчы. Ал ошондой эле Конституциянын жаңы редакциясы боюнча мыйзамдын чегинде бардык иш аракеттерди көрүшөөрүн билдирди.

Аталган кыймылдын мүчөсү Асия Сасыкбаеванын пикиринде, убагында Акаевдин бийлигин жан дили менен колдоп кошомат кылып келген парламенттеги айрым депутаттар азыр Бакиевдин бийлигине кызмат кылышып, мамлекеттин, элдин кызыкчылыгынан, өздөрүнүн жеке кызыкчылыктарын жогору коюшууда. Алардын мындай эки жүздүү саясаты, эл менен эсептешпей, Жогорку Кеңешти «чөнтөк парламент» кылуу аракети, мыйзамды көз көрүнөө бузууга барышы, барып-келип эл алдында бийликтин кадырын кетирип, карапайым калктын нааразылыгын эки эсе күчөтөт.

Президенттин басма сөз катчысы Нурлан Шакиев болсо «Реформа үчүн» кыймылдын мүчөлөрүнүн президентке койгон дооматтары менен макул эмес. Анын айтымында, Конституциянын жаңы редакциясын кабыл алууда бийлик тарабынан эч кандай кысым көрсөтүлгөн жок. Конституциянын жаңы редакциясынын кабыл алынышы, парламенттеги элүүдөн ашуун депутаттын демилгесинин жыйынтыгы.

XS
SM
MD
LG