Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:58

САДДАМДЫ ӨЛӨР АЛДЫНДА ШЫЛДЫҢДАГАН КИШИ ЖООПКО ТАРТЫЛАТ


Иракта экс-президент Саддам Хусейн дарга асылаар алдында мыскылдоого туш болгонун көрсөткөн видеотасманын тегерегинде жаңжал уланууда. Премьер-министр Нури ал-Малики Саддамдын өмүрүнүн акыркы мүнөттөрүн тасмага түшүрүп, коомчулукка жарыя кылган кишини сот жообуна тартууну тапшырды. Окуя ирактык шийилер менен суннилер ортосундагы эрегишти күчөтүп, ал-Маликинин өкмөтүнүн келечегин жарга такады.

Саддам Хусейн 30-декабрь күнү таңга маал Багдадда дарга асылгандан көп өтпөй Ирактын премьер-министри Нури ал-Малики тараткан билдирүүдө: “Ушуну менен Ирак 35 жылдай азап чеккен басмырлоо, куугунтуктап-жектөө саясаты аяктады” деп айтылган. Ирактык суннилер Саддамдын Курман Айт күнү шашылыш өлтүрүлүп, дарга асылаар алдында шылдыңдалганын терең айыптап, бул окуялар коомдогу жектөө сезимин күчөткөнүн айтып чыгышты.

“Азаттыктын” кабарчысы менен маектешкен Багдаддык профессордун пикири:

- Менимче, бир кишини, же саясий партияны даңазалап атын чакыруу – Саддамга карата сот өкүмү дал ошол партиянын, же ошол кыймылдын лидеринин колундагы ишке айлангандай элес калтырып, чоң ката кетирилди. Өлүм жазасы – жеке кишиден өч алуу актына айландырылбашы керек эле. Бул Ирак сотунун чечими. Ошол өкүм аткарылып жатканда мыскыл сөз, ураан угулуп турганы – бул Ирак өкмөтүнүн мойнундагы жоопкерчилик.

Саддам Хусейндин акыркы мүнөттөрүн тартып калган жашыруун тасмада кимдир бирөө экс-президенттин кайнаса каны кошулгус тап душманы Ирактык шийилердин лидери Моктада ас-Садрдын ысымын кайталап, өлүм алдында турган диктатордун тозоктон жай табышын каалаган сөздөрдү айткан.

Ирактык суннилерди бириктирген Макулдашуу майданы кыймылынын активисти Салим ал-Жабури “Ройтерс” агенттиги жарыялаган интервьюсунда Саддамды шылдыңдаган сөздөрдү угузган тасма коомдогу жиктелүүнү тереңдеткенин белгилейт. “Экс-президент Курман Айт күнү дарга асылып, өлөөр алдында мазакталганы Ирактагы саясий окуяларга кошулууну ойлой баштаган суннилерди кайра артка түрттү,” - деген пикирин айтат ал-Жабури.

Араптардын Ал-Шаркия телеканалы 3-январдагы берүүсүндө Саддамды дарга асуу иши – шийи согушкерлерине тапшырылган деген маалымат таратты. Маалымат каражаттарында өлүм жазасын ишке ашырган кишилердин шийилердин лидери Моктада ас-Садрды даңазалашы – Ирактын коопсуздук күчтөрүн дал ушул диний тайпа көзөмөлдөөрүн айгинелейт деген пикир үстөмдүк кылууда.

Катардагы ирактыктар бул окуяларга ар түрдүү көз карашта. Багдаддык хирургдун бул пикирин колдогондор да аз эмес.

- Саддам Хусейн өлөөр алдында уккан сөздөрдү ал бийликте турганда тирүүлөй өрттөлүп өлгөн миңдеген кишилердин башынан өткөн азап менен салыштырып болбойт. Менимче, ал сөздөр бир жеке адамдын гана чыдабай айтып ийген пикири болгон, эл аны көбүртүп-жабыртып, кырдаалды ошо бетер кыйындатпайт деп үмүттөнөм.

Эмнеси болсо да, Саддамдын дарга асылганын кыскача видеотасмага тартып көрсөтүп, окуя тунжураган тынчтыкта өттү, экс-президенттин адам укуктары урматталып, бардыгы адамгерчиликтүү болду деп билдирген Ирак өкмөтүнүн аброюна көлөкө түшүрүлдү. Ирактын президенти Жалал Талабани 2-январь күнү шашылыш билдирүү таратып, Саддамдын кайсыл күнү дарга асылаарын билген эмесмин деп тактоо киргизди. Арап маалымат каражаттары бул окуялардын тегерегинде Ирактын премьери Нури ал-Маликинин өкмөтү менен АКШнын кийлигилишүүсүн бутага алды.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG