Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:21

AЙРЫМ ДАРТТАРДЫН АРЗАН ДАБАAСЫ ТАБЫЛДЫ


Жаңыл Жусубжан Aдатта күчтүү дарыларды Батыштын фармацевтикалык корпорациялары чыгарышат, бирок алар безгек же СПИД сыяктуу жардыларды азапка салган кеселдерге караганда, байманалуу турмушта жашагандар туш кeлүүчү рак, стресс, семиздик сыяктуу ооруларга көбүрөөк басым жасашат. Жардылардын оорусуна даба табылган күндө да, кымбаттыгынан улам, кедей-кембагалдар аны колдоно алышпайт. Мына эми британиялык эки окумуштуу үчүнчү дүйнөнүн миллиондогон ооруларына жардам бере турган "этикалык фармацевтика" методун ойлоп табышты.

Лондондун Падышачыл коллеждин профессорлору Сунил Шаунак жана Стив Броччини ушул аптанын башында гепатиттин же сарыктын Ц деген түрү жана башка ооорулар үчүн арзан дарыларды чыгаруу планын ачыкташты. Дүйнөдө гепатит Ц менен ооруган 200 миллиондой киши бар, бирок алардын 30 миллиондойунун гана дарыланууга акчасы жетиштүү. Мына эми профессорлордун максаты ишке ашса, жанаалар ойлоп тапкан арзан дары сатыкка түшө баштаса, калган оорулуулардын да ажаты ачылат.

Азаттыктын фарсы бөлүмүнүн Лондондогу кабарчысы Шаран Тараби профессорлор Шаунакка барып жолукту.

Биз бул методду "этикалык же адамгерчиликтүү фармацевтика" деп атадык. Өзүңөр билгендей, биз медицина жаатындагы изилдөөчүлөр жаңы дарыларды ойлоп тапканга кыйынбыз, бирок аны патенттеп туруп, дары жасоочу чоң ишканаларга кармата беребиз.

Британ окумуштуулары жасаган ачылыш жарды өлкөлөрдө иш алпарган соопчулук жана жардам уюмдарынын көңүлүн өзүнө бурууда. Франциялык Чек арасыз дарыгерлeр уюму бул окумуштууларга кайрылып, Лейшмариасис деген оорунун дабасын табууну суранды. Бул жугуштуу оору негизинен жарды аймактарда - Индияда, Жер ортолук деңизи, Латын Америкасы, Судан, Ооганстан сыяктуу өлкөлөрдө кездешет. Азыркы учурда бул кеселдин дарысына оорулуулар кирешесинин 80 пайызын сарптоого мажбур. Мына эми британ окумуштуулары ушул кеселдин да дарысын жасап чыгарууга келерки жумадан баштап киришкени турат. "Биздин дары азыркы дарынын баасынын 10 пайызына гана тете болот" дейт Шаунак. Анын сөзү боюнча дары беш жылын ичинде даяр болуп калууга тийиш, ал эми сарыктын Ц түрүнүн арзан дабасы буюрса келерки үч жылдын ичинде колго тийип калат.

Профессор Шаунак айрыкча Африканы каптаган СПИД оорусу менен да алектенген, бирок Билл Гейт, Билл Клинтон сыяктуу бай же таасирлүү адамдардын аркасы менен түзүлгөн соопчулук корлору СПИДдин дарысын кедей өлкөлөргө арзан жеткирүүнү камсыздоого бир топ салым кошушту. Ошондой эле бул дарылардын ар кандай арзан түрлөрү да чыгарылган.

XS
SM
MD
LG