Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:26

Малайзиянын премьер-министри Кыргызстанга расмий сапар менен келди


Анвар Ибрагим жана Акылбек Жапаров. 14-май, 2024-жыл.
Анвар Ибрагим жана Акылбек Жапаров. 14-май, 2024-жыл.

Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим Кыргызстанга расмий сапар менен келди. Аны 14-майдын кечинде “Манас” эл аралык аэропортунан Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.

Маалыматка ылайык, Малайзиянын премьер-министрини Кыргызстанга Борбор Азияга сапарынын алкагында келди.

Сапардын алкагында жогорку деңгээлдеги жолугушуулар пландаштырылган. Жолугушуулардын жүрүшүндө кыргыз-малайзиялык мамилелерди саясий, соода-экономикалык, энергетикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда өнүктүрүү маселелери талкууланат.

Кыргызстан менен Малайзиянын дипломатиялык алакасы 1992-жылы башталган. 1997-жылы Кыргызстан бул өлкөдө элчилигин ачкан. Азияда тез өнүккөн бул өлкө менен Кыргызстан соода-экономикалык байланышты күчөтүү керектигин билдирип келет.

2021-жылы эки өлкө Кыргызстанда Адал-индустрияны өнүктүрүү үчүн “Адал-парк” ачуу максатында эт адал-паркы боюнча консорциумунун алгачкы долбоорун талкуулашканы кабарланган. Долбоордун ишке ашканы тууралуу маалымат жок. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG