Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:07

ПАН ГИ МУН: ӨЛҮМ ЖАЗАСЫН КОЛДОНУУ АР КИМДИН ӨЗ ИШИ


Иракта экс-президент Саддам Хусейн менен кошо өлүм жазасына кесилген анын эки шакиртинин тегерегинде түрдүү маалыматтар айтылууда. Мурдараак Багдаддан түшкөн кабарларда Саддамдын эки шакирти бейшембиде дарга асылаары маалымдалса, кийинчерээк Ирактын айрым өкүлдөрү бул иш жекшембиге которулганын билдиришти. Улуттар уюмунун жаңы баш катчысы өлүм жазасын колдонуу ар бир мамлекеттин өз иши деп айтканы кызуу талаштар жаратты.

Эң соңку маалыматтар боюнча, Саддам Хусейндин эки шакирти жакын арада дарга асылат. Ирак өкмөтүнүн өкүлү Сами Аскари: “аларды дарга асууга эч кандай эл аралык кысым жолтоо боло албайт”, - деп белгиледи. Тагдыры чечилип калган эки киши – Ирактын экс-президентинин аталаш тууганы, өлкөнүн мурдагы коопсуздук кызматынын башчысы Барзан ал-Тикрити жана Саддамдын тушунда Ыңкылапчыл сотту башкарган Авад ал-Бандар. Бул экөө тең Саддам менен кошо ноябрда аяктаган сотто 1982-жылы Дужайл калаасында 148 шийинин өлтүрүлүшүнө буйрук берген деген кине боюнча күнөөсү далилденип, эң катаал өкүмгө буйрулган. Алгач Багдаддан келген кабарларда бул экөө бейшембиде дарга асылат деп айтылып, кийинчерээк жекшембиге жылдырылганы маалымдалды.

Улуттар уюмунун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Луиз Арбур Ирак өкмөтүнө кайрылып, Саддамдын эки шакиртин дарга аспоого үндөдү. Ага Хюман Райтс Уотс уюму кошулду.

- Хюман Райтс Уотч уюму өлүм жазасын колдонууга жана Саддам менен анын шакиртин Дужайлдагы иш боюнча дарга асууга каршы. Биз соттун жүрүшүнө башынан эле тынчсыздануубузду айтып келатабыз, ишке баштан-аяк көз салып келаткандыктан, бул жерде өлүм жазасы туура эмес колдонулду деген пикирдебиз.

Бул Хюман Райтс Уотч уюмунун Лондондогу кеңсесинин басма сөз өкүлү Умри Шахтын айткандары болду. Ирак өкмөтү жана Вашингтон Саддам менен анын шакирттеринин үстүнөн козголгон кылмыш иш сотто калыс каралганын, ошондой эле өлкөнүн мыйзамдары боюнча, өлүм жазасын колдонуу мүмкүн экенине басым жасоодо.

Улуттар уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун Саддамдын дарга асылышын ак, же көк дебей жылма комментарийледи.

- Өлүм жазасын колдонуу Улуттар уюмуна мүчө ар бир мамлекеттин өз иши. Баш катчы катары мен күнөөлүү адамдарды жазасыз калтырууга каршымын, бирок эл аралык коомчулуктун бардык өкүлдөрү эл аралык мыйзамдарды ар тараптуу сыйлайт деп ишенем.

Жаңы баш катчы Пан өлүм жазасын колдонуп келаткан Түштүк Кореядан. Анын айткандары өлүм жазасын тыюуга үндөгөн Улуттар уюмунун хартиясынын тегерегиндеги талаштарды жаратты.

Италия Улуттар уюмунда бүткүл дүйнөдө өлүм жазасына мораторий киргизүү демилгесин көтөрүп чыкты. Саддам дарга асылаарда аны табалаган сөздөрдү жаздырып алган видеотасманын тегерегиндеги жаңжалдан улам АКШ Ирак өкмөтүн эми диктатордун эки шакиртинин өкүмүн ишке ашырууда өтө сак болууга чакырды.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     
XS
SM
MD
LG