Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Февраль, 2021 жума, Бишкек убактысы 03:54

«БҮГҮНКҮ ОРУСИЯ»: В.ПУТИНДЕН КИЙИН ОРУСИЯНЫ КИМ БАШКАРАТ?


Төрөкул Дооров, Москва Алдыдагы эки жыл орусиялыктар үчүн «тандоо мезгили» болоору күтүлүүдө. Быйыл декабрда өлкөдө парламенттик шайлоо өтсө, келерки жылы мартта орусиялыктар өз президентин тандашат. Азыркы президент Владимир Путин орус Конституциясына ылайык 2008-жылкы шайлоого талапкердигин кое албайт. Анын ордун ким басышы мүмкүн?

Владимир Путин жети жылдан бери Орусияны башкарып келатат. Келерки жылы анын президенттик мөөнөтү аякташы керек. Орус Конституциясына ылайык, дагы бир ирет президенттик кызмат үчүн атаандашууга анын укугу жок. Баш мыйзамды өзгөртүүгө президент каршы чыкканы бар. Чын-чынында, ал өзү деле эми мамлекет башчы болууга дилгир эмес экенин жашырбайт.

- Менин ишим өзүмө жакканы менен, Конституция мага үчүнчү жолу катары менен талапкердигимди койгонго уруксат бербейт. Бирок президенттик укуктардан, бийликтин мүмкүнчүлүктөрүнөн айрылсам да, Баш мыйзамды өзүмдүн жекече кызыкчылыктарым үчүн колдонбой туруп, мен баары бир эң башкы нерсени сактап кала алам деп ойлойм. Бул – сиздердин ишеним. Муну колдонуп туруп, биз сиздер менен өлкөбүздүн турмушуна таасир эте алабыз деп ойлойм, - деген Владимир Путин былтыр эл менен телебаарлашуу учурунда.

Орус президентинин бул сөздөрү анын кийинки жылдарга планын мүмкүн болушунча даана көрсөтүп бергендей болду.

Москвалык политолог Алексей Мухин орус президентинин ишмердүүлүгүнө көп жылдардан бери байкоо жүргүзүп келатат. Мухиндин ишениминде, В.Путин президенттиктен кетиши дээрлик анык, бирок чоң саясаттан кетпейт. Путин кийин, политологдун божомолунда, «Газпромдун» жетекчиси болуп калышы керек.

- Владимир Владимирович азыр ушунчалык чоң абройго ээ болуп турат. Ошондуктан эгер ал «лабрадорлордун клубун» жетектеген күндө деле (лабрадор – Путиндин итинин тукуму), анын сөзү баары бир кайсыл жерде болбосун өтөт. Эгер чындап эле Путин президенттиктен кетем деп чечсе, кийин ал өзүнө ири саясий күчтү сактап кала турган орунда иштейт деп ойлойм. Бул кызматтын эч кандай саясий партия менен байланышы болбойт. Менимче, Путин дүйнөдөгү эң ири энергетикалык компанияны жетектеп калышы керек. Бул, албетте, «Газпром».

Алексей Мухин өзү «Путин деген ким?», «Президенттин өзгөчө папкеси» деген китептердин автору. Алардын баары азыркы президенттин ишине талдоо жасайт.

- КГБнын кызматкеринен Путинде азыр тез үйрөнүүчүлүк сапаты гана калды. Ал бүт жаңы нерсени заматта үйрөнүп кете алат. Анын калган сапаттары, чынында, эч кандай тыңчылык менен байланышы жок. Путин бизге либерализмдин накта орусча маанисин көрсөтүп жатат десем болот. Бул дегеним сырткы көрүнүшү өтө жумшак, бирок ички маңызы «катуу либерализм» дегенди билдирет. Ал саясатта да, экономикада да ушул аракетин гана көрсөтүүдө. Мисалы, саясатта демократиялык милдеттенмелерден артка кетүү байкалган деле жок, бирок, чынында, Путин өзүнүн өтө күчтүү режимин орното алды. Экономика болсо, жалпысынан, базар мамилелерине өтүп бараткандай сезилгени менен, анда мамлекеттик көзөмөл күчөдү. Демек, экомиканы башкаруу ага оңой болуп калды. Путин орус либерализмин ушунча түптөдү. Бул – анын өзгөчөлүгү, - деди Москвадагы «Саясий маалымат борборунун» директору Алексей Мухин.

Жалпы орусиялык коомдук пикирди иликтөө борбору – ВЦИОМ – 2006-жылдын этегинде жүргүзгөн сурамжылоосунун жыйынтыгын чыгарды. Анда айтылгандарга караганда, президент В.Путинге суралгандардын 56% ишеним арттырган экен. Салыштыра келсек, былтыр ушул убакта орусиялыктардын 47% гана президентке ишенээрин айткан эле.

«РБК» маалымат агенттигинин аналитиги Александр Яковлев В.Путиндин рейтинги улам өсүп жатканын өлкөдө орной баштаган туруктуулук менен салыштырды.

- Путин жетишкен башкы ийгиликтердин бири – орус экономикасында буга чейин болуп көрбөгөндөй өсүштүн байкалышы деп ойлойм. Менимче, бул – анын ишмердүүлүгүнүн эң эле башкы жыйынтыгы. Ал азыр орус саясий платформасындагы өтө таасирдүү адам, андыктан келерки шайлоодо өзү талапкердигин койбосо да, мамлекет башчыны тандоого активдүү катышат деп ишенем.

Ал эми Москвадагы «Карнеги» корунун экперти Андрей Рябовдун айтымында, Владимир Путин өзү Орусиядагы башкы проблемалар деп атаган маселелер боюнча эч кандай ийгиликке жетишкен жок. «Экономикада структуралык өзгөрүүлөр орун албады, коррупция менен күрөштө ийгиликтер аз, демографиялык оор кырдаал жакшырган жок», - дейт Рябов.

Мына ушундай ойго кошулган айрым башка саясат таануучулар деле өлкөдө бийлик Украинадагыдай, же Кыргызстандагыдай ыңкылап жолу менен алмашат деген ойго такыр эле кошулушпайт. Орустардын жашоосу өзгөрдү, алар азыр, инфляцияга деле карабай, мурдагыдан дурусураак жашап калышты, анын үстүнө жергиликтүү калкта улутчулдук менен аралашкан «патриотизм» сезими күч. Карапайым калк бийлик структураларына анча ишенбегени менен президентти өзгөчө эле жакшы көрүшөт.

Ким эмне дебесин, В.Путиндин тушунда Орусиянын экономикалык, саясий таасири артты. Бул, бир чети, дүйнөлүк базарда мунай менен газдын баасынын өскөнү менен да байланыштуу. Биз менен баарлашкан эксперттердин баары өлкөдө туруктуулук пайда болгонун баса белгилешти. Эми мындан аркы ишти В.Путинден кийинки президент улантып кетиши керек. Азыр көпчүлүктүн бүйүрүн кызыткан негизги маселе – Путиндин ордун ким басат?

Келерки президент

Жакында Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясы алдыда өтүшү күтүлүп жаткан эки шайлоонун күнүн жарыялады. 2007-жылдын 2-декабрында парламенттик, ал эми бир жылдан кийин 9-мартта президенттик шайлоолор өтөт.

В.Путин өзү бийликке Борис Ельциндин мураскери катары келгени белгилүү. Ушундан уламбы, азыр бул жакта «Путиндин мураскери ким болот экен?» деген суроонун айланасында талаш-тартыштар күчөп турган чак.

Кремлдин башкы аналитиги Глеб Павловский келерки шайлоодо Путин эч кимди буга чейинки президенттей мураскер кылып көрсөтпөйт деп ишенет. Анын айтымында, «Борис Ельцин такыр эле айласы кеткенде өз милдетин Путинге жүктөгөн. Азыркы лидер андай абалда эмес» дейт Павловский.

Бирок дагы бирөөлөр келерки шайлоодо «мураскер» деген сөз чечүүчү мааниге ээ боло турганынан күмөн санашпайт.

- Орусиядагы келерки президенттик шайлоодо «мураскер» деген сөз эң башкы маселе болот деп 95% ишеним менен айта алам. Бирок ал кандай сценарий менен өтөөрү белгисиз жана ушул суроо азыр өзгөчө кызыгууну жаратып жатат. Президенттикке бир катар күчтүү талапкерлер чыгышы мүмкүн, бирок башка бир божомолго ылайык, көп белгисиз адамдардын арасында бир гана реалдуу талапкер көрсөтүлүп калышы деле ыктымал, - дейт аналитик Андрей Рябов.

Орусиялык саясий эксперттер президент болуп калышы мүмкүн деп айтып жаткан адамдардын саны анча деле көп эмес. Бирок алардын ичинде эки адамда мамлекет башчынын кызматын аркалап калыш мүмкүнчүлүгү башкалардан көбүрөөк.

Бул эки адам бүгүнкү Орусиядагы саясий элитанын эки башкы күчүн көрсөтөт. Булар: айтылуу «силовиктердин» же чекисттердин өкүлү, Коргоо министри Сергей Иванов жана «либералдар» лагеринен вице-премьер Дмитрий Медведев.

Иванов, же Медведев… Ким
президенттикти «мурастап» алат?


Сергей Иванов – бул дээрлик Путин. Иванов да, Путиндей эле, азыркы ФСБ, мурдагы КГБнын офицери, бир топ жыл чет-өлкөлөрдө тыңчы болуп иштеген. Путин немис тилин жакшы билсе, Иванов англисче мыкты сүйлөйт. Убагында Британияда тилди үйрөнүп, ал жакта бир үй-бүлөдө да жашаган экен. Путин 1998-жылы ФСБнын башчылыгына келгенде, Ивановду өзүнүн орун-басары кылып алат. Ошондон тарта ал экөөнүн мамилесинде эч кандай араздашуу байкала элек. Тетирисинче, Коргоо министрлигине кээде айтылып калып жаткан сындардын бири да ачык түрдө Ивановдун абройуна сокку урган жок.

Сергей Ивановдун келерки президент болуп калышы чын эле мүмкүн дегендердин негизги аргументы – ал Путинге өтө эле окшош. Экөө тең айтылуу «силовиктер» тобунан (балким, бири-бири менен жалгыз калганда, өздөрүнүн тилинде сүйлөшсө керек), экөө тең батыштык жашоо образын жакшы билишет жана аны жакшы көрүшөт, экөө тең бийликте өз максатына жетиш үчүн кыйын схема-пландарды ойлоп отурушпайт, орой эле күч менен же акча менен бүтүрүп салышат.

Ал эми эл оозунда көп сөзгө алынып жаткан экинчи адам – вице-премьер Дмитрий Медведев. Аны орусиялыктар жакындан тарта эле, 2005-жылы ноябрда Медведев орус өкмөт башчысынын биринчи орун басары катары дайындалгандан кийин гана тааный башташты.

Дмитрий Медведев – Путиндин жердеши, Петербургдан болот. Кийин токой чарбачылыгы боюнча ири компанияларды жетектеп турду. Азыр ал «Газпромдун» директорлор кеңешинде да аты аталып жүрөт. Бул саясатчы, айрым аналитиктердин айтымында, Ивановко караганда, президент болуп калуу мүмкүнчүлүгү азыраактай, анткени саясий чечкиндүүлүгү боюнча «жумшагыраак фигура» деп таанылган. Анткен менен президент Медведевке эң маанилүү ишти жүктөгөнү белгилүү: Медведев Орусиядагы приоритеттүү улуттук программалардын ишине көзөмөл жүргүзөт. Путиндин президент катары ишмердүүлүгү ийгиликтүү болдубу-жокпу – ошол программалардын канчалык натыйжалуу ишке ашканы менен бааланаары күтүлүүдө. Демек, Медведев Путин үчүн «эң ишенимдүү» делген адамдардан.

Бул эки талапкер тең - Кремль тарабынан көрсөтүлүшү мүмкүн болгон саясатчылар. Политолог Алексей Мухиндин ишениминде, алар - орус бийликтериндеги «чечим кабыл алуучулардан».

- Мен азыр карманып жаткан ойго ылайык, Орусияны бир адам эмес, жамаат башкарат. Албетте, Путин - ал жамааттын жетекчиси. Бирок ага жалпысынан беш адам кирет. Алар: президент Путин өзү, Коргоо министри Сергей Иванов, вице-премьер Дмитрий Медведев, президенттик администрациядан Игорь Сечин жана президенттин жардамчысы Виктор Иванов. Азыр саясатта болуп жаткан бүт маанилүү окуялар ушул беш адамдын тегерегинде жүз көрүп жатканын байкоо кыйын эмес. Дал ушул адамдар чечим кабыл алышат, калгандары – алардын айткандарын ишке ашыруучулар.

Ушундан улам, «Сергей Ивановпу, же Дмитрий Медведевпи, - кимиси келсе да, баары бир азыркы саясий кырдаал өзгөрүлбөйт», - дейт политолог Алексей Мухин.

- Азыркы саясий кырдаалды эске алып айтканда, президенттикке Сергей Иванов өтө туура келе турган талапкер. Жалпысынан, психологиялык жактан ал Владимир Путинге аябай эле окшош. Ошондуктан, эгер Иванов президент болуп калса, биз эмне өзгөргөнүн деле билбей калабыз. Мындай учурда деле Путин саясатка толугу менен таасир тийгизип тура берет. Анын үстүнө, мен айтып өткөндөй, Орусия жамаат тарабынан башкарылып жаткандыктан, президенттик орунга ким келбесин, өлкөдө эч нерсе деле өзгөрбөйт, - дейт политолог А.Мухин.


Башка «лагерлерден»…

Азыркы тапта орус саясий мейкиндигинде президенттикке талапкердигин коюшу мүмкүн болгон чекисттер менен Кремлдин либералдарынан сырткары, В.Путиндин саясатына караманча-каршы болгон мурдагы олигархтар Борис Березовский, Леонид Невзлин, Михаил Ходорковский да бар. Айрымдардын айтымында, ЮКОСтун мурдагы кожоюну, бир убактары Орусиядагы эң бай адам катары атагы чыккан Михаил Ходорковский көптөр үчүн жагымдуу лидер болмок, бирок ал азырынча түрмөдө жана президенттик шайлоо өткөнгө чейин эркиндикке чыгышы күмөн.

Ал эми солчул саясатчылардан «Атамекен» партиясынын улутчул лидери Дмитрий Рогозин чыгып калышы деле ажеп эмес. Коммунисттердин лидери Геннадий Зюганов өзүнүн жашыраак, бирок күчтүүрөөк шакирттеринен гана бирөөнү көрсөтүп калбаса, өзү президенттик кызмат үчүн күрөшөөрүнө көпчүлүк ишене бербейт.

Либералдык партиялар «Яблоко» менен СПСтин жылдызы өчкөн өңдүү. Буга чейинки шайлоолордо бул эки партия ич-ара араздашуусун баса албай, жыйынтыгында Мамдумада да жетиштүү орун ала албай калышкан.

Дегинкиси, Орусияда ким алдыда Кремлдин колдоосу менен президенттикке көрсөтүлө турган болсо, шайлоого бир жылдай убакыт калгандан тарта эле анын аты маалымат каражаттарында көп айтыла башташы керек. Бул – көптөн бери эле мыкты колдонулуп келаткан тажрыйба.

Мамлекеттеги дээрлик баардык ири сыналгы каналдары, жалпы элге таркалчу көптөгөн гезиттер өкмөттүн колунда экенин эске алганда, азыр ким жөнүндө көп сүйлөй башташса, Путиндин атынан ошол киши президенттикке көрсөтүлөөрүндө шек жок. Азырынча орус маалымат каражаттары көбүрөөк Сергей Иванов менен Дмитрий Медведевдин тынчын алып жатышкандай.

XS
SM
MD
LG