Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:22

АКШнын ЖАҢЫ КОНГРЕССИ ИШКЕ КИРИШТИ


Нарын АЙЫП, Прага АКШнын жаңы Конгресси 4-январда кызматка киришип, анын мүчөлөрү ант берди. Бирок, айрым эксперттердин пикиринде, алар өкмөттүн Ирак саясатына орчундуу таасир тийгизе албайт. Конгресске алгачкы жолу мусулман адам дагы шайланды.

7-ноябрда болуп өткөн шайлоодо Демократиялык партия жеңип чыккандан кийин, бардык байкоочулар - Эл өкүлдөр жыйынынын жетекчилигине Калифорния штатынан шайланган Нэнси Пелоси келет деп айтышкан жана 4-январда ал чындап эле спикер болуп шайланды. Конгресстин экинчи палатасы - Сенатка - АКШда дайым вице-президент төрагалык кылат, ошондуктан Эл өкүлдөр жыйынынын жетекчиси президент жана вице-президенттен кийин мамлекеттин үчүнчү адамы болуп эсептелинет.

Конгресстин биринчи сессиясы башталганга чейин эле Пелоси айым атайын манифест жарыялаган жана анда - жумушка киришкенден кийин өтө турган биринчи күндөрдө Конгресс кандай аракеттерди көрө турганы жазылгын. Андай алгачкы, шашылыш иштердин катарында - өлкөдөгү айлыктын эң төмөн деңгээлин көтөрүү жана коррупцияга каршы чечкиндүү аракет көрүү деген сөздөр бар.

Демократтар Конгресстеги көпчүлүккө - президенттин Ирак саясатына каршы чыкканы аркылуу жетти, анткени америкалык эл жалпысынан Ирак согушун жактырбайт. Анткен менен, көпчүлүк эксперттердин пикиринде, Конгресс канчалык каршылык көрсөтсө дагы, өкмөттүн Ирак саясатын орчундуу өзгөртө албайт. Президент Жорж Буш азыр - Иракка кошумча 20 миң аскер жиберүү боюнча чечим даярдап жатат. Бул багытта өкмөт менен Конгресс ортосунда ири пикир келишпестиктер чыгаары күтүлүүдө, ошондуктан эки тарап тең азыр кызматташуу жөнүндө айтып жатышат.

АКШнын тарыхында алгачкы жолу конгрессмен болуп мусулман адам шайланды. Ал - Миннесота штатынын өкүлү Кит Эллисон. 4-январда башка конгрессмендер колун Библияга коюп ант берсе, Эллисон мырза Конгресске Куран алып келип, колун ошого коюп ант берди. Ал Куран - бир кездеги АКШ президенти Томас Джефферсонго таандык Курандын англисчеге жасалган котормо китеби экен, ал азыр Конгресстин китепканасында сакталат.

Мусулманчылыкка ал 19 жашында өткөн экен жана ал тууралуу өзү минтип айтат: "Мен католиктер үй-бүлөсүндө туулуп-өскөм жана менин туугандарым азыр деле католиктер. Университетке өтүп, студенттик кампуста жашаганда мен 19 жашымда мусулман жигиттер менен таанышып, алар менен дин жана диний маселелер жөнүндө көп сүйлөштүм. Кийин алар менен кошо жума намазга бардым жана ал намаз учурунда мен мечитте көргөндөрүм мага ушунчалык таасир эткендиктен, мен Ислам кабыл алдым", - дейт Кит Эллисон.

Анын айтымында, мусулман адамдын америкалык Конгресске шайланып жатканы өлкөдөгү эркиндик жана демократиянын дагы бир белгиси жана Ислам менен демократия бир-бирине каршы келбейт.

XS
SM
MD
LG