Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:54

5-ЯНВАРЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


Кыргыз элчилери Качыбек Шералин жана Жакыпбек Ниязбековдор 1814-жылдын 5-январында Семипалатинск чебине келишкен. СССР Элдик комиссарлар кеңеши 1943-жылдын 5-январында «СССР илимдер Академиясынын Кыргыз филиалын уюштуруу» туурасында Токтом кабыл алган.

Россия империясы Индия жана Кытай мамлекеттери менен байланыш куруу үчүн соода жолун издей баштаган. Бу максатта Чыгыш Түркстанга көпөс Миркубан Ниязов тейлеген атайын экспедиция камдалып, XIX кылымдын башталышында алар Кыргызстанга келишкен. Экспедиция курамына кирген губерниялык тилмеч-катчы Андрей Бубеновго жолдо кездешкен калктын этнографиясын иликтөө иши тапшырылган. Кыргыз бийлери-Шералы менен Ниязбектер А. Л. Бубенов аркылуу империя менен байланыш куруу максатын көздөп, Качыбек Шералин жана Жакыпбек Ниязбекововду орус бийлигине элчиликке жөнөтүшкөн. Алар 1814-жылдын ноябрь айында Ысыккөлдөн чыгышып, 1814-жылдын 5-янврында Семипалатинск чебине келишкен. Кыргыз элчилери Кытай, Кашгар, Тибет, Жаркент, Кашмир багытындагы соода жолун жана кербендерди коргоп берүүгө көшөкөрлөнө ынандырууга аракет жасашты,- деп жазылат орус хроникаларында.

Омск областынын начальниги С.Б.Броневский 1824-жылы кыргыздын бугу уруусуна кезектеги элчилигин жиберген. Орус элчилигине буга чейин кыргыздар тоногон орус кербенинин чыгымын өндүрүү милдети жүктөлгөн. Орус элчилигине жооп иретинде бугу уруусунун бийлери - Акымбек Олжобаев, Алгазы Шералин, Алымбек Жапалаков жана уруу башчылары-Мамбет Үмөтов, Шербек Исанов, Токтогул Асанбаев жана Бекбай Айтназаровдор Сибирдеги орус администрациясы менен сүйлөшүүгө келишкен. Акымбек Олжобаев - арык тукумунан, Алгазы Шералин - белектен, Алымбек Жапалаков желдең уруусунан атынан сүйлөшүү жүргүзүүгө ыйгарым укук алышкан. Кыргыз элчилиги адегенде Самипалатинскиде кабыл алынып, 1825-жылдын 5-январында алар Омск шаарына келишкен.

1923-жылдын 5-январында VI Пишпек жана Пржевальск уезддик-шаар партиялык III конференциялары ишин баштады.

СССР Элдик комиссарлар кеңеши 1943-жылдын 5-январында «СССР илимдер Академиясынын Кыргыз филиалын уюштуруу» туурасында Токтом кабыл алган. Кыргыз филиалында: биология, геология, химия, тил, адабият жана тарых институттары иштеп, анда СССР ИАнын академиги К. И. Скрябин баштаган 12 илим доктору, 22 илим кандидаты эмгектенген.

Расмий бийликке оппозиядагы депутат А. Бекназаров 2002-жылдын 5-январында камакка алынды. Жогорку Кеңеш депутатына 1995-жылкы Токтогул райондук прокуратурадагы иштөө убагындагы тергөөгө байланыштуу «кызмат абалынан кыянат пайдаланган» деген күнөө коюлган.


Бу күнү, 1896-жылы немец физиги Рентген биринчи рентгендик сыноо өткөрүп, 1937-жылы Советтер Союзунда калк саноо жүрүп, 1855-жылы америкалык ойлоп тапкыч, сакалалгычты чыгарган Кинг Жилет, 1876-жылы немец саясатчысы Конрад Аденауэр жарык дүйнөгө келген.
XS
SM
MD
LG