Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:51

«АТА МЕКЕН»: «КОНСТИТУЦИЯГА КОЛ КОЮЛСА ПРЕЗИДЕНТТИН ОТСТАВКАСЫН ТАЛАП КЫЛАБЫЗ»


3-январда «Ата мекен» партиясынын Жалалабат облустук бөлүмү өткөн жумада кабыл алынган Конституциянын жаңы редакциясы менен өлкөдөгү кырдаалды талкуулады. Анда жаңы Баш мыйзам бийликтин кызыкчылыгы үчүн жактырылганы белгиленди. 30-декабрда кабыл алынган Конституцияга кол коюлчу болсо, партия мөөнөтсүз митингдерди өткөрүү менен президенттин отставкасын талап кылуу тууралуу чечим кабыл алды. Бийликтин таламын талашкан партиялардын пикири боюнча Конституция тууралуу элде маалымат жок.

Партиянын саясий кеңеши жаңы Конституциянын кабыл алынышына өз тынчсыздануусун билдирди. Жыйында берилген баага ылайык, өткөн аптада жактырылган баш мыйзам өлкөдөгү кырдаалды курчутат жана түрдүү топторго бөлүнгөн саясий күчтөрдүн өз ара күрөшүнө алып келет. Партиянын мүчөсү Чолпонбай Абазбековдин пикири боюнча Конституция элдин эмес, бийликтин кызыкчылыгы үчүн кабыл алынган:

- Жакында кабыл алынган Конституцияга толук каршыбыз. Эгерде бул Конституцияга президент кол коё турган болсо саясий кырдаалды күчөтүшү мүмкүн. Элдин ыркы кетет.

Конституция мыйзамсыз жана туyра эмес кабыл алынган. Саясий уюмдун Жалалабат шаарындагы төрагасы Ильич Нарматовдун оюна караганда, өлкө башчысы экс-президент өңдүү бардык бийликти өз колуна алууга аракет көрүүдө:

- Алынган Конституцияны мыйзамсыз деп эсептейбиз. Президент зор жаңылыштык кетирип атат. Анткени, ал бардык бийликти тең мурдагы Акаевге окшоп өзүнүн колуна алганга аракет кылып атат.

Жаңы баш мыйзамга кол коюлса, партия мөөнөтсүз митингдерди өткөрүү жана президенттин отставкасын талап кылмакчы.

- Акыркы кабыл алынган жаңы Конституция бул элге каршы келген, бир адамдын мамлекеттик бийликти узурпациялап алууга болгон аракети үчүн жасалган иш болду. Эгерде бул Конституцияга президент Бакиев кол коё турган болсо, биз “Ата мекен” партиясынын мүчөлөрү бул нерсеге каршы ар кандай акцияларды өткөрөбүз. Ошондой эле президенттин өзүнүн отставкага кетүүсүн талап кылган мөөнөтсүз ар кандай иш аракеттерди жүргүзөбүз,-деди партиянын жооптуу катчысы Асылбек Текебаев.

Конституция тууралуу коомчулук жана бийликчил саясий партиялар башка көз карашта. “Жаңы Кыргызстан” партиясынын мүчөсү Анаркан Жаңыбаева «парламент конституцияны жактыруу менен туура кадам жасады», - деп эсептейт. Анын айтымында, президент тынчтыкты камсыз кылуу үчүн «Реформа үчүн» кыймылынын тилине кирбей, баш мыйзамга кол коюшу керек:

- Кыргызстанда тынччылык болот быйылкы жылы. Себеби парламент да таркабайт, президенттик шайлоо да болбойт. Атамекенчилер мөөнөтсүз митинг баштайбыз деген идеясынан баш тартыш керек.

«Эмгек жана биримдик» партиясынын Жалалабаттагы төрагасы Абдымалик Бектемировдун айтымында, Конституция тууралуу элде маалымат жок.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG