Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:11

КОЧКОР: МАМЛЕКЕТТИК КОМИССИЯГА ЭЛ ИШЕНБЕЙ ЖАТАТ


Элеонора Бейшенбек кызы, Бишкек Кочкордо жер титирөөдөн жабыркагандар көз карандысыз комиссия түзгөнү жатат. Бул туурасында "Азаттыкка" адам укугун коргоо комитетинин аймактагы бөлүмүнүн координатору Чынара Тургуналиева билдирди. Укук коргоочунун айтымында жергиликтүү тургундар Кочкордун 11 айылында жер титирөөнүн зыяндарын иликтеп жаткан мамлекеттик комиссияга ишеним артпай турат. 5-декабрда Чукул кырдаалдар министрлиги баш болгон министрликтердин жетекчилери жабыр тарткан аймак менен жеринен таанышуу үчүн Кочкорго барды.

Кочкор районунун акими Кубанычбек Байтерековдун маалымдашынча зилзаланын зыяндарынан келип чыккан элдин кем-карчын аныктаган комиссия азыр өз ишин жыйынтыктай элек.

Ошондуктан жер титирөөдөн жапа чеккендерге жөнөтүлгөн материалдык колдоолор менен жардамдар элге таратылбай турат. Ушундан улам колунда барларга гана жардам берилип, калктын жакыр бөлүгү көңүл сыртында калды деген доомат чындыкка дал келбейт:

- Жардамдар таратыла элек. Курулуш материалдардын баарын жыйып атабыз. Счет болсо ачыла элек. Мына жумуш күну боло элек. Банк бек. Анан кайсыны айтып жатат, мен түшүнбөй турам. Президенттин берген гуманитардык жардамдары келип атат. Бирок ал таратыла элек. Өзүнүн айылынан чыккан кулундары, анан достору, куда-сөөктөрү келип жардам берип атат. Биз жардам берген жерибиз жок. Комиссия ишин бүтө элек. Мен бир сомго кол койгон жокмун.

5-январда Кочкор аймагына барган министрликтин жетекчилери аймактагы өздөрүнө караштуу жайларда болуп, абал менен таанышты. Ушул эле күнү мамлекеттик өкүлдөр менен пикир алышкысы келген эки жүздөн ашык адам Кочкордун акимиатынын алдына чогулуп, бирок жолуга албай кетишкенин адам укугу боюнча комитеттин Кочкордогу бөлүмүнүн координатору Чынара Тургуналиева билдирген эле. Укук коргоочунун айтымында ал жердеги элдер жардам алалбай жатканына нааразы болушкан жана көз карандысыз комиссия түзүү демилгеси чыккан:

- Элге тегиз жеткен жок. Колунда бар гана кишилер алышты. Жанагы бей-бечаралардын айтканын уксаң эми жүрөгүң ооруйт. Ошолорго жетпей калыптыр. Ошон үчүн эртең кайра жолугушмак болуп атышат. Себеп дегенде Феликс Кулов келет деп атканынан ошону күтүшөт окшойт.

Алдын ала алынынган маалымат боюнча Кочкордо 26-декабрдагы жер титирөөдөн жети миңге жакын үй зыянга учураган. Кочкор районундагы Оробашы айылынын тургуну Кошчиев Нурубай жабыр тарткан эл курулуш материалдарына муктаж дейт:

- Комиссия барып кимдин үйү жарайт, жарбайт бүт каттап кетти. Биздин айылда жарабагандар он-онбештей үй болсо керек.

- Мектептин абалы кандай?

- Бир класстын үстү түштү, калганы жакшы эле деп атышкан.

- Азыр эл кандай жардамга муктаж болуп турат?

- Азырынча материалдык жардам боло элек. Курулуш материалдары керек.

Ал арада зилзалага кабылган Кочкор аймагына жардам берүү демилгелери көтөрүлүүдө. “Эркиндик” саясий партиясы Бишкекте жана Жалалабатта каражат чогултуп жатат. Аталган партиянын төрагасы Топчубек Тургуналиевдин билдиришинче 11-январда партия Нарынга материалдык жардам жөнөтөт.

- Кечеги күнү Жалалабаттын базарында биздин балдар суукта кечке туруп, он бир миң сом топтошуптур. Элибиз жарды да, бирок жарды болсо да бирөө он сом, бирөө жуз сом таштап кети атыптыр. Андан сырткары жок дегенде он кап ун бере турган же бир үй-бүлөөгө толугу менен кийим-кече бере турган демөөрчүлөрдү издеп атабыз.

Расмий маалыматтар боюнча премьер-министрдин милдетин аткаруучу Феликс Кулов 6-январда Кочкорго барат.

5-декабрда аталган аймакта каржы, саламаттык сактоо, өзгөчө кырдаалдар баштаган алты министрликтин жетекчилеринин катышуусунда кеңешме өттү. Анда жер титирөөдөн жабыркаган имараттардын абалына баа берип жаткан комиссиялардын өкүлдөрү менен жолукту Учурда бул максатта Кочкордо он бир комиссия иштеп жатат. Алар жалпы тыянакты жакынкы үч-төрт күн аралыгында чыгарат.

XS
SM
MD
LG